Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:43

Кыдырга кезиккенде


(Кдан куралган аңгеме)

Көрдүңбү кыргызым? Канчалаган кылымдарды карыткан кыргыздардын кайда кеткенин? Кыргызстандын көтөрүлүшүнө көмөк көрсөткүсү келген кыйындарыбыз кайда? Көкүрөгү күрсүлдөп, кыргызга кам көргөн көк көздүү кылымдаштарым кайда? Кыйын кезеңде кеп-кеңешин калтырып кеткен кадырман карыяларыбыз, көрөгөчтөр кайда? Кара көздүү, кыска кийим кийбеген кыздарыбыз кайда?

Кеч күздүн кадимки күндөрүнүн кечинде карагайлуу Кара-Күңгөй капчыгайынан капилеттен кара күрмө кийген, колуна кичинекей кетмен кармаган, көз карашы кадимки кишиге коошпогон карыяга кезиктим.

Капилеттен келе калган кишини көрүп, коркуп кеттим. Күлүмсүрөп карап калган карыяны көрүп, көңүлүм калыбына келди. Көзүмө кыдыр көрүндүбү, киши көрүндүбү?

Киши көп келбеген капчыгайда кетмен көтөргөн карыя ким? Кызык?

Кадимки көптү көргөн кыраакы, Кылым карыя! Кел кагылайын, кир. Карагайдан курулган кара кепени көрсөттү. Каңырсыган караңгы кепеге кирерде карыя кеп козгоду. Кана кагылайын кимге келдиң? Кайдан келдиң?

Каршымдагы карыяга: Караңызчы, кыргыздар кандай кыйын күнгө кабылды! Келечеги кайда, кимдин колунда? Кантип көтөрүлөбүз? Качан кут келет?

Колумдагы кичинекей китепчеден көзү канбай караган карыянын кеби: Кагылайын каралдым, көп кайгырба, кыргызга кут келет, көп кейибей күтүшүбүз керек. Качан кыргызга күйгөн кылымдаштарыбыз көбөйгөндө Кыргызстан көтөрүлөт. Кантип көтөрүлгөнү көңүлүңө келбей калат.

Карыянын кептерин кагазга калтырууга камындым. Кыргыздардын келечегине кабатырланып көпкө кеп курдук.

Күүгүм кирип калганда, карыяны кучактап коштошуп, Кызарттагы Калыбектин конушуна кеттим. Кызыгы, кайра келатып капчыгайдагы Кылым карыянын кара кепесин көрбөдүм. Кызык? Кечээ көргөн карыя кайда? Кепеге кезиктим. Кудай кокусунан Кыдырга кезиктирдиби? Көзүмө көрүнгөн карыянын кеби көөдөндө кыргызга күйүп, кайнаган канымды калыбына келтирди. Кудайым каалап кыргызга кут келсе, Кылым карыянын кептери кылымга көңүлүмдөн кетпес.

Кейибе кыргызым! Кыдырга кезиккен кыргыз калкын кудай колдойт! Кыйналба кыргызым! Келечегин кулундарыңдын колунда!

Кенжебек Шайлообаев
Кыргыз-Түрк "Манас" университети
XS
SM
MD
LG