Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:35

"Чупакабра" чуусу менен элди дүрбөтпөйлү


Элди дүрбөтүп жаткан жырткычтар болгону жолбун иттер экени айтылууда.
Элди дүрбөтүп жаткан жырткычтар болгону жолбун иттер экени айтылууда.
Учурдагы уу-дуу болуп жаткан Кочкордогу окуяны жеринен көрүп келген адам катары эки ооз сөз айтууну эп көрдүм.

"Саманкананы өрт алыптыр десе, Самарканды жоо чааптыр болуптур" дегендей социалдык тармакта Кочкордогу кой кырган “кокочо” чыгыптыр деген кеп желдей тарап, аны укканы деле, укпаганы деле, Гуглду (Googlе) аңтарып казып, кайдагы “кара бокочонун” сүрөтүн таап, өкмөттү өкүртө сөккөнгө жетиштик. “Бул жакта “кан соргуч” жүрсө силер көңүл бурбайсыңар” деп кыйкыргандар болду.

Кыйкырып жазганыбыз билинсин дедикпи, жалаң чоң тамга анан акырына илеп белгисин аябай койдук. Анан алдыбыз зоолог, артыбыз биолог, кала берсе ушул жерден көзү ачыктык да кылып ийдик. Ал жырткыч кантип жараларын, кайсы жаныбарлар менен аргындашаарын, мурда кайда жаралганынан өйдө иликтеп салдык. Ал, ал болду дечи, кинолорду көп көргөндөрбү айтор, муну “Америка жасаган мутант” деп саясатка жакындаткыбыз келди. "Фантастика кинолордон көрүп жүргөн жаныбар Кочкордо пайда болуптур" дешип, көргөн кишидей жазып жатса, жүрөк “шуу” дейт экен.

Алгач маани бербегеним менен анча болду билип келейин дедим. Анын үстүнө бакыйган эле район башчы "ошондой балакеттен төрттү аттык" дей салбадыбы. Аны уккан кулак жөн жатабы элден биринчи барайын деп ээлигип таңды араң атырдым.

Эртеси түшкө маал Кочкордо болдум. Райондук милициянын жанында жоон тооп киши чогулуп, милициялар курал-жарагын асынып, мергенчилер эски куралынын чаңын сүртүп, кадимкидей план түзүп согушка чыкчудай даярдандык. Дароо эле айыл өкмөт башчысынан атып алдык деген шектүү жаныбарды сурадым.

“Аларды көөмп салганбыз, итке эле окшош...” деди оозу бош. Аңгыча райондогу аңчылардын башчысы “ой алар ит эле болчу, ишенбесеңер кайра казып көрөлү” дей салды. Болду болбоду аким билет, ошо киши жар салбады беле деп аны издеп, акимчиликке барып таппай келдим. Анан алкынып ветеринарга жөнөдүм.

- Өлгөн койлорду дароо көөмп жатабыз, койлордун куйруктары желген, колкосу жулунуп, тиштелген, иши кылып ар кандай. Бирок каны сорулган кой көргөн жокпуз, - деп жооп берди ал.

Силер таппасаңар мен табам дегенсип, мергенчилер мылтыгын кармаса, мен сүрөт тарткычымды камдап аңчыларга кошула сырдуу жырткычты издеп жөнөдүк. Жүрөк дүкүлдөйт, капилет чыга калып мага кол салчудан бетер. Таш балакеттиби, беш саат, беш машине менен Кочкордогу эски көрүстөндөрдү түрө кыдырып, тиги жырткычтын өзүн эмес, изин көрбөдүк. Мынча келгенден кийин деп колу кычышып тургандар жолбун иттин далайынын көзүн тазалашты.

Жырткыч делинип бир-эки күн мурун атылган иттерди кочкорлук бир тың уюлдук телефонго “шырк” тартып алганы жакшы болуптур, болбосо көмүлгөн иттин сөөгүн сөз менен ажыдаарга айлантмак окшойбуз. Эки-үч жолу ар кайсы жагынан шырк-шырк кылганда жакшы көрүнмөкпү билбейм, чынын айтсам ал жалгыз сүрөттөгү сөөктөр интернетте сүрөтү бар, божомолдоп жаткан жаныбарга түк окшобойт.

Эмне кылам эми, элди аралай сураштыра жөнөдүм. Уккандар көп, көргөндөр жок. “Ой кимден уктуң, кандай экен”- деген суроо менен бир көчөнү кыдырдым окшойт. Акыры бирөө: “тоогун жеп жатканда бир эже көргөн экен” дегенинен аныкына антаңдап жетип барсам, ал дагы “жарытылуу көргөнүм жок, кара неме болчу” дегендей эптеп сүрөттөдү.

Айтор, айыл ичи уу-дуу айың кеп. Бир мистикалык кинонун сценарийи жөн эле жазылчудай. Бүт эле божомол, анан уккандар...

Бир нааразы болгонум элди жоошутуп, ушактарга ишенбе дечү бийликтегилери кошо божомолду айтып отурганы болду. Бирөөсү бир телеге "Бул жаныбар башка планетадан келген окшойт" дей салганы кыжырдан мурун күлкүнү келтирет эй.

Сөз аягында айтаарым, урматуу жазмакерлер, басмакерлер, тартмакерлер же социалдык тармакта отургандар бул жөнүндө жазаардан мурда жеринен келип көрүп кеткилечи. Аким айтып жатпайбы, тиги мындай дебедиби дегендерди бетке кармап кайдагы тил келбеген жандыкты жазганыбыз менен элдин үрөйүн учуруп жаткандайбыз. Айылдыктар чет өлкөдөгү туугандары тынчсызданып, “кечкисинин жалгыздап баспагыла, биз интернеттен окуп жатабыз” деп чалып атканын айтышты. Ооба, кой-тоок өлгөнү чындык, бирок эмне же ким өлтүргөнү белгисиз болуп жатпайбы, азырынча. Дагы бир жолу суранаарым төлгө ачсак да, божомолдосок да элди дүрбөтпөйлүчү.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG