Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:49
Мен эс алууга чыккам. 15 күндүн жок дегенде беш күнүн интернетке кирбей, китеп окуу менен өткөрөм деп өзүмө сөз бергем. Бирок 1 сутканын ичинде укпаган сөздүн баарын уккан үчүн аргасыз блог жазып, пикирим менен бөлүшөйүн деп чечтим.

3 күн мурда балбандарыбызды Лондон олимпиадасына чоң шаан-шөкөт менен аттандырып жибергенбиз. “Алга!”, “Жеңиш менен келгиле!”, “Алтын медаль күтөбүз” деген ураандар жазылган плакаттарды кармап, ансыз да толкунданып турган балбандарды “медаль алсаң да аласың, албасаң да аласың” деген таризде “дем” берип жөнөткөн элек.

Буйрук эмес экен, экөө тең утулуп калды. Кызыктын баары мына ошондон кийин башталды. “Тууй ата, ит эле болбодубу”, “колго түшүп беришти го”, “багыбыз деги ачылбай койду го” деген сөздөрдү туш тараптан уксам (үйүмдөн, маршруткадан, досторуман), “Азаттыктын” сайтынын форумунда “4 жарым миллионду андан көрө башка нерсеге коротпойт белек, ушинтип барбай деле коюшса болмок” деген маанайда пикирлер түшүп жатат.

Кыргыз элим, эмне болуп баратабыз? Өзүбүзгө келеличи! Медаль доолаганга биздин акыбыз канча?

Биринчиден, Казакстан үчүн медаль утуп берген эки кыргызстандык биздин мекендештер экен. Кичинекей кезинде коңшу мамлекет аларды өзүнө чакырып алып, таптап, багып, шарттын баарын түзүп берип, Олимпиадага аттандырып, “эми берээриң барбы?” деп сурап турат. “Бар, мына, медаль” деп, алар да жооп кайтарды. Казактар атүгүл балбандар жей турган казы-картасын Олимпиаданын менюсуна киргизип, ошол жагына чейин кам көрүп атат.

Экинчиден, биздин Олимпиадага аттанган спортчуларыбыз ушул таймашка жолдомо алыш үчүн канча деген мелдештерге катышып, биринчи болуп, канча жолу кыргыз туусу желбиреди! Эмне үчүн ушуну эстебейбиз? Спорт тармагына жылына жарыбаган акча которулат. Ошол каражат баарына бөлүштүрүлөт. А бирок спорт кымбат экенин баарыбыз эле билебизби? Спортчу өзгөчө тамактаныш керек, өзгөчө шартта машыгыш керек, жаңы жабдуулар керек. Атүгүл маанайы да бузулбаш керек, башкача айтканда тынч өлкөдө гана спорт туу чокусуна жетип өнүгөт. Ал эми бизчи? Биз эмне кылдык? Тамактары даамдуубу? Ай сайын акча төлөп берип атабызбы? Жада калса жалгыз балбан кызыбызды “жөнөй бер, бирок кайтып келгенде сени сот күтүп атат” деп сөөмөйүбүзду кезеп, аттандырып жибердик. Стадиондун баарын куруп таштап, мыкты машыктыруучуларды чет өлкөдөн жалдап келип, демөөрчүлөр ар бир бурчта спортчуларды колдоп тургансып “келе медаль, кана медаль” деп доолайбыз.

Үчүнчүдөн, 14 спортчу кыргыз туусун желбиретип Олимпиададан өткөндө, КЫРГЫЗСТАН деген жазууну көтөрүп баратышканда, Лондондун көчөлөрүндө желбиреген кыргыз туусун көргөндө ар бир кыргызмын деген адамдын жүрөгү лакылдап соксо керек. Мына ушул сезим үчүн мен 14 спортчуга таазим этем. Ушул кубанычты тартуулаган кыргызстандык замандаштарыма ыраазымын.

Төртүнчүдөн, Данияр Көбөнов утулуп калгандан кийин башка каналга бурдум. “Евроньюста” күрддөр менен түрк аскерлери кагыша кеткени, 22 адам набыт болгону, күрддөр 1984-жылдан бери эгемендик үчүн күрөшүп келатканы айтылып жаткан экен. Андан кийин дагы бир жаңылык кетти: Сириядагы жарандык согуш күчөп, бир күндө 80 киши өлдү. Кудайга тобо дедим. Бирөөлөр туусун желбиретип Олимпиададан өтмөк түгүл качып бозуп ар кайсы жакта жүрөт. Башкалары Олимпиаданы үй-бүлөсүнүн тегерегинде чай ичип отуруп көрмөк түгүл качкындар лагеринде башпаанек издеп жүрөт. Айтор, бизде арман деле жок.

Көбөнов менен Эралиев мелдешке чыга турган күнү түнүндө “ушул күн бизге жеңиш тартууласа экен, утуп келишсе экен, жакшы жаңылык уксак экенбиз” деп жалынып уктагам. Бирок айла жок, бул жолу болбой калды. Ошентсе да бизде ушундай шарттар начар болгонуна карабай тырмышып, асфальтта өсүп чыккан гүлдөй болуп жерди жарып чыккан балбандарыбыз турганда жеңиш алдыда деп толук ишенем.

Спортчуларды колдон келишинче узаттык, аба майданына чейин барып. Эми кантип тосуп алабыз? “Сен эмес, медалың эле керек болчу” деп эч ким барбай койобу? Алар келгенден кийин туш тараптан “4 жарым миллион сомду актаган жок” деген таризде макалалар, маектер жарык көрөбү? Же болбосо маанайларын көтөрүп, жеңишиңер алдыда деп тосуп алабызбы?

“Өлкөм мага эмне жасады эмес, мен өлкөм үчүн эмне жасадым” деп ойлончу убакыт келди го. Албетте жылуу жумшак үйдө отуруп алып, майлуу этти чайнап коюп, “ии, бол, уруш, теп, жыга чап” деп демитип, спортчуларды колдогон башка, аларга шарт түзүп берип, бир нече жыл бою таптап, анан талап кылган башка.

Мен биздин спорттун келечегине ишенем. Эң негизгиси элим аман болсо, жеримде тынчтык болсо, кыргыз туусу дагы желбирейт, Олимпиада биздики болот, жеңиш алдыда!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG