Линктер

Быйыл Кыргызстандын көз карандысыз эгемен өлкө катары жашап жатканына чейрек кылым болду. Так 25 жыл мурда, кыдыр жылоолоп, бак даарып, Тарых менен Мезгил эч кандай кан төгүүсүз колубузга эгемендикти ыроолоп берди. Ошол күндөн баштап кыргыздар өз жеринде өзүнүн Кызыл Туусун желбиретип, азаттыгын даңаза кылган Ыр-Гимнин ырдап, өз киндигин өзү чечүү бактысына ээ болду. Бул чынында кыргыздар үчүн кылым бою самаган, нечен замандар бою кан төгүп, тукум курут боло жаздап, жоголуп, кайра куралып отуруп жеткен баа-куну жок Азаттыгы эле.

Бул азаттык, бул көз карандысыздык – Кыргыз элинин руханий дөөлөтү, өзүн өзү таануудагы негизги багыты, тээ байыртан бери элди эл катары сактап келген көөнө мурасы “Манас” эпосунун идеясында жаткан негизги асыл мүдөө эле. Ошол кылымдар бою аздектелип келген кыргыз элинин аруу тилеги, тоодой максаты ХХ кылымдын этегинде, дүйнөнү аңтар-теңтер кылган, баарын аралаштырып, кайра ошол аралашкан дүйнөдө ар бириң өзүңдү тап деп чакырык таштаган ХХI кылымдын босогосунда ишке ашты. Бул бир гигант мамлекеттин, СССРдин, ыдырап кулап түшкөнүнөн гана эмес, а ааламдашкан дүйнөнүн шарапаты менен, б.а. бүтүндөй адамзат тарыхынын жаңы өңүт алган абал-жагдайынын арты менен болгон иш эле. Андыктан, кыргыз элинин абалтан бери эңсеген эркиндиги колуна тийгенде доор алмашып, дүйнө жаңыланып, баалуулуктар кайрадан каралып жаткан кез болчу.

Эгемендиктин 25 жылы деп айтууга оңой болгон менен, ушул жылдарды жашап, ушул кыска жолду басып өтүү оңойго турган жок. Ушул мезгил ичинде жаш кыргыз мамлекети башынан эмнелерди гана кечирип, кандай гана олку-солку окуяларга туш болбоду. Ушул мезгил ичинде кыргыздар эл катары эмнени таап, эмнени жоготту, кандай окуяларды башынан кечирип, кандай асылдыктарынан кол үздү, дүйнөнүн кайсы эшиктерин ачып, кайсынысына баш бага алды. Улут катары кандай өзгөрдү, эл катары кандай өстү, багытын кайда бурду?

Бул суроолорго балким азыр, эгемендиктин ушул 25 жылдыгында туруп жооп берүү мүмкүн эместир. Тарыхты таасын баалоо үчүн балким бир кылым өтүшү керектир. Бирок, анткен менен, ушул чейрек кылым кыргыз үчүн миң кылымга тете, башка бир доордон экинчи бир доорго көчкөн мезгил болгон үчүн, ал тууралуу бүгүн биз, ушул өткөөл мезгилде жашап, анын жакшысы менен жаманын баштан кечирген замандаштар, айтышыбыз керек, айтууга милдеттүүбүз.

Эгемендиктин мезгили кыргыз өзүн-өзү тааныганга, өз тамыр-кыртышынан учук алып, келечегине карай туура жолду тапканга умтулган учур болду. Бул мезгилде эски совет идеологиясы кыйрап, анын ордуна улуттук аң сезимди ойготор, биримдикти чыңдар мамлекеттик идеология иштеле баштады. Ошол 1990-жылдар өткөн тарыхыбыздын актай барактарын кайрадан карап, байкоого алып, тарыхый инсандардын өмүр-таржымалын изилдеп, алардын образдары аркылуу жаңы улут лидерин эңсөө, күтүү мезгили болду. Улуттук тарыхыбызды, маданиятыбызды, аң сезимибизди кайра калыбына келтирип, жандандыруу үчүн “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын, Кыргыздардын Дүйнөлүк курултайларын өткөрдүк. Тарыхты, адабиятты кайрадан жазып чыктык. Жаңы муунду жаңы идеялар менен тарбиялай баштадык.

Бирок, эки кылымдын оомал-төкмөл тогошуусунда туруп, бир идеологияны карманып, элди бир муштумга бириктирүүнүн өзү өтө кыйын иш эле. Себеби, советтик коммунисттик идеологиянын кыйрашы менен, анын бош калган ордуна ар түрдүү диний ишенимдер, ар түрдүү маданияттар көзөмөлсүз агылып кире баштаган. Аларды өз убагында ооздуктап, жөнгө салган эч ким болгон жок. Натыйжада, мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлгөн улуттук идеология менен катар коомдо ар түрдүү диний идеологиялар, башка элге мүнөздүү маданияттар кошо кирип отурду. Дегеле идеологияны коомго сиңирген тармактар – бул эң ириде, билим берүү тармагы менен массалык маалымат каражаттары, ошондой эле коом тутунган маданият эмеспи. Идеологияны издөө мезгилинде билим берүү тармагы алсыздана баштады, массалык маалымат каражаттары рынок шартына ылайыкташып, коммерциялык максатты гана көздөп, маданий-агартуучулук кызматтан четтеди, андыктан улуттук кыртыштан азык алган жаңы демократиялык системага ылайык коом түзөм деген ургалдуу мамлекеттик идеология бул эки тармакта бирдиктүү иш алып бара алган жок. Ал эми коом ичинде түрдүү элдердин маданияты, түрдүү диндердин маданияты, түрдүү ишенимдердин маданияты айрыкча, калктын орто катмарын жик-жикке бөлүп, ар түрдүү идеологиялык процесстер ээн-эркин жүрө берди. Мындай маданий ар түрдүүлүк көптөгөн өлкөлөрдө саясий, идеологиялык, маданий тирешүүлөрдү жаратып, ал эмес, согуш отун тутантып жибергенине көп эле жолу күбө болгонбуз. Кудай жалгап, кыргыз элине мүнөздүү акылмандык, сабырдуулук, токтоолук, толеранттуулук, меймандостук жана айкөлдүк сапаттар коомдо маданияттардын ортосунда (ар түрдүү ишенимдердин) курч тирешүүлөрдү болтурган жок. Бул жагынан алганда, Кыргызстан чындыгында ушул эгемендик мезгилинде өз уникалдуулугун көрсөттү.

Дегеле жик-жикке бөлүүнүчүлүк айрымдар ойлогондой, азыркы кыргыз коомунда кеңири жайылган көрүнүш эмес. Улутка, аймакка, тутунган динге карата бөлүнүүчүлүк байкалганы менен, ал эч качан басымдуу мүнөздө көрүнгөн жок. Айрыкча, түндүк менен түштүк маселеси азыркы күндө ички миграция, соода-сатык ишинин күчөшү, куда-сөөк күтүү сыяктуу интеграциянын шарапаты менен алда канча жоюлду. Азыр Ош менен Бишкекке эки күндүн биринде каттап тургандарга сан жетпейт. Буга Ош-Бишкек жолунун жакшырганы, жеңил унаалардын баасынын көпчүлүккө жеткиликтүү болуп калганы, ички миграция жана соода-сатыктын күч алганы себеп болду. Ошондой эле түштүк менен түндүктүн алыскы райондорунан келип, борбор шаарга жайгашып калгандардын балдары жакынкы келечекте бул маселеге дагы да чек коёру бышык. Эл аралашып, турмуштун бир казанында кайнап, бири-бири менен тыгыз мамилеге өтүшү, бирин-бири жакындан тааный башташы, дос-тамырлык, куда-сөөктүк мамилелердин арбышы регионалдык бөлүнүүчүлүктү кадыресе азайтты.

Ал эми уруулук бөлүнүүчүлүккө келе турган болсок, ал глобалдашкан жаңы замандын жаштары үчүн таптакыр көңүлгө алынбай турган маселе. Тескерисинче, урууга бөлүнүү, тек-жай сүрүштүрүп, ошого жараша мамилеге өтүү, улуу муундун арасында гана байкалат. Ал эми ааламдашкан дүйнөнүн жаштары үчүн бул маселе таптакыр мааниге ээ эмес. Уруу сүрүштүрүү келечекте жик-жикке бөлүнгөн кокту-колоттук саясат үчүн эмес, а өз тек-жайыңды билип коюу үчүн гана эсте тутулган мурас катары роль ойноп калат деп ишенем.

Кандайдыр бир саясий оюндун кесепетинен улам чыгып кеткен Ош коогалаңы ырас, эгемендик мезгилиндеги эң оор капсалаңдуу окуя болду. Бирок жалпысынан алганда, улуттар ортосундагы мамиледе кооптоно турган маселе жок. Дегеле, кыргыз элинин айкөл мүнөзү башка улуттарга карата меймандостук мамилеси эгемендик мезгилинде өзүн толугу менен көрсөттү. Буга Кыргызстанда бир катар чет элдик компаниялардын, фирмалардын иштеп жаткандыгы, Кыргызстан чет элдиктерге билим алууга, иштөөгө коопсуз өлкө экени эле чоң далил.

Эгемендик мезгилинин баштапкы жылдарында эң чоң кыйроо, эң чоң жоготуу – 70 жыл бою калыптанып, мыкты деңгээлде иш алпараткан билим берүү тармагынын кыйрашы болду. Совет мезгилиндеги мугалимдердин күчтүү армиясы соода-сатык ишине же башка кара жумуш болсо да, маянасы көбүрөөк ишке ооп кетишти. Ата-энелер болсо мээримге, көңүлгө, тарбияга өзгөчө муктаж болуп турган курактагы балдарын башкаларга таштап, чет өлкөлөргө иш издеп жүрүп кетишти же болбосо балдарынын маңдайында туруп эле, кара курсактын айынан үйүнөн эрте кетип, кеч келип, айтор, балдарга ата-энелик жоопкерчилик маселеси экинчи же үчүнчү планга түшүп, биринчи планга акча табуу, турак-жай маселесин чечүү, машине алуу, көр дүнүйө чогултуу чыгып, алтургай алар негизги баалуулукка да айланган учурлар болду. Балдардын алдында мугалим менен ата-эненин бийик жоопкерчилиги төмөндөгөндөн кийин, эртеңки коомду түзө турган жаш муун тукулжурап аксап калды. Билим берүүнүн ошондогу артка кетишинин кесепети бүгүн кадимкидей сезилип, мамлекеттин бутка турушуна да чоң кедергисин тийгизип жатат.

Бирок акыркы жылдары бул тенденция оң жагына өзгөрдү. Глобалдашуу, интернеттин, жаңы технологиялардын өнүгүшү, башка өлкөлөрдүн эшиги ачылып, ал жакта окууга, иштөөгө мүмкүнчүлүктөрдүн түзүлө баштаганы жаштарды айрыкча шыктандырды. Азыр борбор калаада да, башка чет жакадагы аймактарда да ар түрдүү курстар, өзгөчө чет тилдерин үйрөткөн курстар көп экендиги буга күбө. Ошондой эле жеке бала бакчалардын, жеке башталгыч жана орто мектептердин саны да жылдан жылга өсүп келатат. Ата-энелер балдарын чоң суммадагы акчаны төлөп, чүрпөсү жакшы билим алышы үчүн, болгон тапкан-ташыганын жумшап окутууга дилгир. Билимге болгон умтулуу күч алгандан соң, мугалимдерге коюлган талап да жогорулай баштады. Ушундай шартта мугалимдер мектептерге жетишпей, мыкты мугалим атыккандар кадимкидей элдин оозуна алынып, кайрадан мугалимдин коомдогу орду калыбына келип бараткандай. Ылайым ошондой эле болсун. Бирок бул маселенин бир жагы. Экинчи жагы, билим берүүнүн, саламаттыкты сактоо мекемелеринин жана башка ушул сыяктуу коомду тейлеген кызматтардын бизнеске айланышы, колунда барлар менен колунда жоктордун эки башка коомдук жайларда тейлениши капитализм жолуна түшкөн кыргыз коомун келечекте чоң социалдык ажырымга алып келиши ыктымал. Себеби, келечекте билимдүүлөр үстөмдүк кылган, профессионал адистерди талап кылган коомдун жогорку жана орто катмарын мектепте жакшы билим алып, алдыңкы жогорку окуу жайлардан өз кесибин мыкты билип чыккандар түзүп калары бышык. Атаандаштыкты сүйгөн капитализмде күчтүү билимдин, өнүдүрүштү алдыга сүрөп, пайда алып келген илимдин арааны ачылат эмеспи. Андай билим менен илимдин куну өтө жогору турары айтпаса да белгилүү.

Ошентип, акырындык менен кыргыз коому 25 жыл ичинде ушундай татаал процесстерди башынан өткөрүп, бөксөрткөнүн кайра башка булактардан толтуруп, жоготконун кайра башка тараптардан таап, мокогонун курчутуп, чачылганын чогултуп, ийилгенин түздөп, дүйнөгө эшигин ачып, анын жаман-жакшысын кээде ылгап, кээде ылгай албай кабыл алып, бирок эң негизгиси, көп түрдүү маданияттарды койнуна батырып, ошону менен бирге өзүнүн улуттук баалуулуктарын кайрадан жаңы дем менен жаңыртып, эгемен өлкө катары арышын улап келатат. Ылайым ушунубуздан жазбасак экен деп тилейли. Эгемендиктин эң чоң жеңиши эле бул туруктуулук, тынчтык, ынтымагыбыз экенин жадымыбыздан чыгарбайлы, аны баалап-аздектей билели!

Гүлзада Станалиева

XS
SM
MD
LG