Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:16

Кыштын акыркы күнү... Саат жети... Керебетимдин бурчундагы кичинекей үстөлдүн үстүндө турган ойготкуч саат күндөгүдөй чаңкылдады. Ордуман такыр тургум келген жок. Ойготкуч саатты муштап жатып араң өчүрдүм. Бир жагы жыртылган тапочкамы кийип, жылынуу үчүн жарака кеткен бетон мешти карай кадам шилтедим. Мештин алдында ары-бери зыпылдаган тараканга туш келдим. Кармап алгым келди, бирок ал жанын сабап дубалдын жаракасына кире качты. Терезени көздөй бастым. Кечээ күнкү бир үзүм пахта менен бекиткен терезенин тешиги дагы ачылып калыптыр. Ырсаңдап муздак жел кирип чыгат. Терезенин сыртында таранчылар ызылдашып, нандын күкүмдөрүн терип жеп жатышты. Ооба, айылда экенибизде апам бечара дайыма ушинтип нандын күкүмдөрүн терезенин сыртына коюп койчу эле. Мен да азыр ошондой кылып жатам. Бутагы сынып, жылаңач калган дарактагы соксоюп конгон каргалар эки жакка карай каркылдап, улам жүткүнүп, терезеге карай шукшуңдашат. Мен болбогонумда ач күсөндөй болгон каргалар таранчылардын жемин жеп коюр беле, ким билет... Кычашып калгансып береги форточканын туткасы да сынып калыптыр. Ары жакка көз салсам бир жумадан берки алманын таштандылары жатат, колуңа келгир, жогору тараптан бирөө тажабастан улам-улам таштай берген го? Аны көрүп башымы да ооруткан жокмун. Буга окшогон нерселерге башыңы оорута берсең тез эле жок болуп бүтөсүң. Ансыз деле шаардын булганганын көрүп алып, эс тарткандан бери кыжаалатмын. Терезенин тешигинен кыштын салкын абасы уурданып кирип жатты. Кеч киргенде ал тешикти кантип бүтөп коёруму ойлодум... Сырттан караган адамга кызыктуу көрүнүп, бирок кызыктуу тургай анын жыты да билинбеген бири-бирине куюп койгондой окшош, улам кайталанган күндөрүмдүн бири мына ушундайча башталды.

Акыркы күндөр улам бирине бири окшошуп, тоннель сымал жан тарабы көрүнбөгөн калыптай сезилет. Сур булуттай бүркөлгөн караңгычылык мени да өз айлампасына тартып жаткандай...Ушул күндөрдүн ичинен караңгы түндөр гана обочолонуп турат. Андай болгону менен кээде түндөрүмдү кирпик какпай өткөрүп жүрдүм. Узака чейин бир нерсе издегендей эки көзүм шыпка кадалат эле. Кыялданчумун...Кыялдарым адам жеткис узактарга алып бараар эле...

Алдыда болжогон планым жок болчу, бирок ар күнү окшош иштерди жасачумун. Бир жол менен окууга барып, кайра ошол жол менен келчүмүн. Анан бир – эки сааттай үй тапшырмасын аткарат элем. Кечкисин тамак, андан кийин уйку! Же бир балкып уктасамчы!? Календардын кагаз жалбырактары улам учат, улам түшөт, зымырайт...Бири - бирине окшошкондон окшошот... Мына ушундай кайталанган күндөр мен сыяктуу бактылуу жана жылмайыңкы бир баланы эч кайгырбастан туруп бактысыздыкта жана жалгыздыкта калтырды... Бүгүн кыштын акыркы күнү болгонуна карабастан жаз мезгилинин келе жаткандыгы тууралуу табияттын эч бир белгиси көрүнбөй жатты. Үстү-башымы кийип колледжге карай жөнөдүм. Окуу жайыбыз маршрут менен барганда жарым саатта жете турган аралыкта эле. Сөөк – саакты какшаткан суук аба кулак – мурдуңу аралайт. Сур булуттуу асман таарынгандай түнөрөт. Кыш мезгилине таарынгансыйт, жазды күтүп зарыккансыйт. Ага болбой уламдан – улам залим сур булуттар үйүлөт...

Ушуларды ойлоп жатып аялдамага кантип келгенимди да билбей калыпмын. Ал жерде семичке сатып, балдарын баккан Керимгүл эже менен саламдаша кеттим. Нуру качып, турмуштан чарчагандай көрүнгөн Керимгүл эженин жүзүн, сууктан улам туурулган колдорун, чарт жарылган кызыл эриндерин көрүп ага боорум ачыды. Аяп кеттим. Күйөөсү ичимдикке берилип куурай башын сындырбаган бир адам болсо, мончоктой эки баласын багам деп жан үрөгөн аялдын акыбалы дагы кандай болмок эле?! Бирок, көздөрү жалжылдап үмүттүү карайт. Жолукканымда мага балдарынан кеп салат, балдарым деп жаны калбайт. Бир маалда күткөн маршрутум келип калды. Керимгүл эже менен коштошо маршрутка чыгып, колледжге карай сапарымы уладым...

Маршруттун терезесинен сырт тарапка көз чаптырып баратып: «Качантан бери ушундай убайым жашоодо жашап келатам?» деп өзүмө – өзүм суроо бердим. Көпкө күттүргөн жок. Жообу дароо кылдай суурулуп чыга келди...

Ооба, ошол окуядан бери арадан эки жыл өтүптүр. Тагдырыма таш аткан ошол күндөн бери эки жылга «карыпмын». Ойлоп көрсөм ал күндөн баштап жашоом башка нукка түшкөн экен: бактылуу өтмүшүм жана азыркы илең – салаң турмушум. Мүмкүн болсо артта калган бактылуу жашоомо бир секунд турбастан кайтаар элем. Ошол күндөрүмө, ошол жапжашыл шаарыма... Анткени, ал жакта мени дайыма чексиз сүйүү, гүл оронгон махабатым күтүп турат болчу... Береке жыттанган күздүн таңы, окуунун биринчи күнү болчу. Сүйүүнүн, айныбас махабаттын жергеси болгон шаарыбыздын кең көчөлөрүндө шатыра-шатман бараткан студенттердин агымы көрк үстүнө көрк берип, айлананы кызыл – тазыл боёктор менен кооздоп жиберди. Алардын арасында мен да бар элем. Кубанычым койнума батпай дээлигип алгам. Биринчи курс! Алгачкы окуу жылы! Жаңы группалаштар, жаңы университет! Сынактан өтүп, Кыргызстандын алдыңкы окуу жайларынын бири болгон Манас университетине өттүм. Кызык, группалаштарым менен тез эле тил табышып кеттим. Алар мурунку тааныштарымдай сезилип, ар кандай жагдайларда бирге болуп, бирге туруп калдык. Ошол учурларда адам баласы уга алгыс сырга, ырга толгон купуя сезимдер чарк айланып тулку-боюму арбап алды. Ал да Асел болчу. Узун бойлуу, ак жуумалынан келген жылдыздуу кыз. Керилген кашы жаадай тартылып, узун кирпиктерине төп келет. Тунук акылы, жан эргиткен жылуу мамилеси бир тараптан мени таң калтырса, бир жагынан өзүнө тартчу. Жанына жигит аттуу жакындаса, балким мен ойлогондон да башка иш болушу мүмкүн, эмнегедир кызганчумун. Дүйнөдөгү эң баалуу, эң жакшы эмне болсо, дароо алып Аселге кош колдоп карматкым келчү. Арабыз ачык, сырыбызды жашырбайт элек. Кээде ага эркелеп бала пейил боло калчумун. Асел да мени эркелеткендей мыйыгынан жылмайып, колума акырын уруп койор эле. Ар күнү кечинде окуудан чогуу кайтчубуз.Чогуу сабак даярдаган чогуу сабактан качкан күндөрүбүз да болду. Сабактан чыккандан соң биздин үйлөрүбүз тараптагы бийик шатылуу мунарага чыгып күндүн батып баратканына көз салчубуз. Анткени ал жер бийик жана шаардын баары көрүнөт эле. Ошентип күндөр мончоктой тизмектелип өтө берди...

2-бөлүм

Күз аяктап кыш келди. Кыш бүтүп жаз башталды. Асел менен Керим адаттагыдай сабактан чыгып бийик шатылуу мунарага жөнөштү. (Ошол Асел менен күндүн батышын узакка карап, өзүмүн жашоому күнгө окшоткон Керим-мен болчумун.)

- Билесиңби, Керим, ата-энем Астанага көчүүнү туура көрүшүүдө,– деди жанатан бери бирпаска үн катпай суз тартып олтурган Асел батып бараткан күндү карай. Мени да ала кетишет. Ал жакта окуумду улантат экем. Анын үстүнө ал жактын билими алда канча жакшы дешти. Жакында мен бул жерде болбой калам го.

Керимдин бүткөн боюн негедир кыштын суугу дароо жетип келип аралай түшкөнсүдү. Айтылган сөздөргө ишенгиси келген жок. Ошенсте да уңгусун муз аралаган бул сөздөр ордунан козгоп жиберди. Андай болсо биз кантебиз? «Биз» деген кандайдыр бир биригүүнүн, достуктун, жакындыктын дал өзүн туюнткан кеп оозунан чыга түшкөнүн, акыр алаамат келе жатканда жан шеригин кучагына бекем кысып, балээден сактап калган жандын сүйүүсүнө мүнөздүү «Биз» түшүнүгүн күңүрт болсо да байкай түштү көз ирмечелик убакыт ичинде Керим. Биз убактылуу айрылабыз – деп айтты кыз, баланын муңайымдуу, эми эле себелеп жаап жиберүүчү боз булуттай нымдуу көрүнгөң көздөрүңө карай. Керим да кыздын карегинен алдыда боло турган сагынычтын тамчыга айланып бараткан ачуу жашын баамдап турду. Аселдин бото көздөрү сумсайыңкы тарта назик үнү басаңдап, буулуга түштү. Бийкеч сыр алдыргысы келбегени менен өзүндөгү кайгынын дал окшошун баладан көрдү белем, жашып кетип баланын ийинине башын коюп, батып бараткан күндөн көзүн албай узакка карап турду...

Убактылуу» деп күбүрөнүп койду ал керебетке жазданып баратып. Анан оор үшкүрө көзүн жуумп уктап калуунун айласын көрдү. Күткөн уйкусу келген жок. Керектүү учурда келбей койот. Көзүң жумуп алганына да карабады окшойт, ооналактаса да болбоду. Акырында ордунан туруп, терезени ачты. Көктөгү ай сумсайып, анын ичтеги бугун сезип турду көрүнөт. «Убактылуу» деди айды карай күбүрөнүп. Бир саамга көзүн албай тиктеп турду толгон айды. Кара чыйырчыктын сайраганын уккусу келбеди. "Убактылуу" деди,- терезени жаап, керебетине келип отурду...

Керим тумоолоп, сабакка барбай калды. Үчүнчү күнү группалаштарынан Аселдин кеткендиги тууралуу кабарды укканда Асел менен чогуу өткөргөн күндөрдүн баркын ошондо билди. Эч кимге айтпастан сабактан дароо чыгып, Аселдин үйүн көздөй жөнөдү. Жол ушунчалык алыс көрүндү дейсиң, чуркаса эч качан жетпечүдөй сезилип кетти. Ал өмүрүндө мынчалык шашкан эмес жана мындай болорун күткөн да эмес. Ал жомоктордун чындык экенине эми көзү жетти беле, турмуштан алдырып, ызасына чыдабай жети каракчы алып качкан Үлпүлдөк сулуунун артынан жетип, аны кайтарып алам деп учуп бараткан Үркөргө окшошуп калганын өзү аңдап билди. Мурун апасы бул жомокту айтып бергенде жөн гана балалык кыялда угуп койчу. Эми моминтип Үркөрдүн күнү анын да башына келерин анда билген эмес. Эгер билгендечи? Анда, ошондо эле жомокту оңдоп салмак...

Керим жетер жерине жетти. Бирок, анын көзүнө ээн калган үй урунду. Дал өзүнө окшоп ээн калган үй... Мууну бошоп, короонун дубалына сүйөнө көз жашын төгүп жиберди. Дал балалыгында ата-энеси араздашып, анан атасы үйдөн биротоло чыгып кетип баратканында артынан ээрчип ыйлаганындай ыйлады. Атасы кылчайбастан кете берди. А бала болсо жашка көмүлүп жалгызсырап кала берди...

Ойдун океанында сүзүп жүргөнүмдө маршрутка аялдамада токтоду. Кампуска да келип калыпмын. Эскиси чыккан, маңдай тарабы кырсык кечирген го, маршруттан студенттер жабыла түшүп калышты. Арасында мен бармын.

Сабакка да, негедир, көңүл бура албадым. Эки көзүм терезеде эле болуп турду. Карасаң, жылаңач даракта эки тыйын чычкан ойноп жатат. Үшүбөй кантип ойноп атышат экен? Аңгыча болбой эле сабак аяктады. Үйгө кайттым. Үстү-башымы чечип, жыртылып калган тапочкамды сүйрөй керебетиме жакындадым. Керебетимдин үстүндө күндөгүдөй кызыктуу китептерим чачылып турду. Жуурканымдын жыртыгын да жаман көзүм көрө калды. Бир аз жата кеттим. Алиги жалгыз таракан бытырап тынчымы алды. Тапочкам менен атып урдум. Тийбей калды. Адаттагыдай мештин тешигине кире качты. Тийбегенине, негедир, сүйүнүп кеттим. Ырас, бул үйдө ал экөөбүздөн башка тирүү жан жок эле. Аны өлтүрүп койсом даана жалгыз калчудай экенмин. Балким, ал менин Кудай тарабынан жиберилген досумдур. Кийинки күндөрү ага атайылап эле нандын күкүмдөрүн таштап койчу болдум. Кээде ички дартымды төкпөй-чачпай айтып берем. Балким, айткандарымды угуп, түшүнүп жаткандыр... Балким жок. Бирок, мен кебимди токтотпой койдум. Акылымдан адашып калган жокмунбу деги?

Нурсултан Абдраимов

XS
SM
MD
LG