Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:40
Сыртта жаз айы. Бак-дарактар гүлдөп, эгин талаалар үлпүлдөп бууланып, жер эненин жүзү кереметтенип турган учуру. Жерден баар тапкан карапайым эл бала-бакырасынан тартып талаа иштери менен алек. Балалыктын эң кызыктуу күндөрү - окуучулук мезгилдин акыркы ирмемдери ушинтип өтүп жатат. Жылдыз эже адаттагысындай класска жылмая кирип, биз менен саламдашты да бир топко ойлонуп, көпкө чейин отурду. Бир маалда ордунан акырын туруп, баарыбызды тегиз карап чыкты. Андан кийин гана бизге кайрылып:

- Мына эми балдар, он бир жыл билим алып, ар бириңер өз жолуңарга түшкөнү турасыңар. Биз силерге жакшы адам болсо экен деп болгон акылыбызды айтып келдик, колдон келишинче билим бердик. Эми жашооңордун жакшы-жаман уланары өз дээриңерден. Канча акыл уксаңар да, канча билим алсаңар да өзүңөргө жараша турмуш жолун табасыңар. Заман башкача болду, силерге окшоп татына жүргөн балдар-кыздардын шаарга барып эле бузулуп кеткенин көрүп-угуп жатасыңар. Сак болуп, жашагыла айланайындар. Эмне иш кылсаң да, эмне кылып жатам, ушунум туурабы же жокпу деп өзүңөрдөн өзүңөр сурап турбасаңар болбойт. Мына баарың эле окууга тапшырам деп турасыңар. Ал жакшы, окуп билим алганга не жетсин? Бирок бир нерсени өмүр бою эсиңерден чыгарбагыла - деп оор үшкүрүндү да баарыбызды тегиз карап чыкты. Биз болсо Жылдыз эжеден көзүбүздү албай, ар бир айткан сөзүн кунт коюп угуп жатканбыз. Жылдыз эже кичине үнсүз тиктеп турду да кайра сөзү улады.

- Балдар адамдык сапатка ээ болгон гана адам билим алса, мурдагыдан да бийик даражага көтөрүлөт. Анын өмүрү өңгөлөргө мисал. Элге жардамы тиет. Ал эми жаратылышынан адамдыгы тайкы киши, мейли илимдин туу чокусуна жетпесин баягы бойдон калат. Жок андай адамдар билим алса ого бетер төмөндөйт. Мен момундай билимдүү болдум деп башкаларды басынтат. Эл-жер үчүн күчүмдү, өмүрүмдү аяган жокмун дешет. Астында машина үйү толо оокат болсо, тамакты кайдан табам, кийимди кайдан кием деп биз сыяктуу баш катырбаса, жашоо ошолордуку эмеспи. Андайлардын кызматы өзүнө пайда, өзгөлөргө зыян. Ыплас иштерди да ошолор жаратат. Ушуну эсиңерден чыгарбагыла. Мейли чоң-чоң окууга өткүлө, мейли кетмен көтөрүп сугатчы болгула, бирок адамдыгыңардан тайбагыла.


Жылдыз эженин бизге акыркы жолу айткан акыл-насааты ушул болду. Убакыт бир калыпта зымырап уча берди. Окуучулук күндөрдүн акыркы учурлары өтүп, уядан уча турган кез да келди. Акыркы коңгуроо үнүн угуп, уядан учтук. Таруудай болуп ар жакка чачырадык. Ар кимибиз ар кандай кыялдар менен турмуштун узак жолун басып өтүп, келечекте бир кесиптин ээси болууга сапар алдык. Мен дагы бир кесиптин ээси болсом деп борбор калаабыздагы Жогорку окуу жайлардын эшигин каккылап, өз ордумду издеп жүрдүм. Негедир мен мектепте окуп жүргөн кезимде окууга өз күчүм менен өтөм, ата-энемди кыйнабайм деп кыялданчу элем. Баары биз ойлогондой болбойт экен. Ата-энем, туугандарым болгон күч-аракетин жумшап, мени окутууга кам көрүп жатышты. Бир университетке бюджеттик негизде окууга сүйлөшсө, миң доллар сураган экен. Эх, адамдын ыйыктыгын доллар кылган көр оокат ай! Жогорку окуу жайлардын бардыгы эле коррупцияга белчесинен батып, акчаң болсо оку, акчаң жок болсо бар ары деген система орногон сыяктуу. Мен бул сөздөрдү угуп, окуудан баш тарттым.

- Ата-апа мен быйыл окубайм иштейм. Эмки жылы кайра тапшырам.

Балам окуганың эле оң, шаарда сага ылайыктуу деле иш жок. Иштегениң менен жарытылуу деле акча таппайсың – деп апам чыйпылыктап.

Атам болсо: - Балам ушунча баккан дале багабыз. Бизден санааркаба, оокат өтпөй калмак беле. Эл бар, журт бар. Каражаттан коркпо, короодогу мал жандыкты сатабыз, - деп жооткотуп жатты.

Ата-апа такыр эле окубайм деген жокмун, бир жыл иштейин анан окуп алам.

Ушунчалык мен үчүн күйүп, акыл-насаатын айтып, болгон күч-аракетин жумшап жатса да, атам менен апамды баары бир аядым. Ата-энем менин арка-жөлөгүм.

Жалгыз адамдын колунан эч нерсе келбейт экен. Кийинки учурларда сырды сактай билген адамдар менен пикир алышып, ой бөлүшүп, кеңеш сураганды адат кылып алдым. Эл ичин аралап барган жеримден, ой бөлүшкөн адамдардан кандайдыр бир нерсени издеп, ойлогон нерсемди, кыялымды эл ичинен тапкым келет. Канткенде өз ордумду таап, келечекте ким болом жана бул жашоодо татыктуу жашап өтөмбү деген суроолор жүрөк өйүйт. Аракет кылсаң албетте берекет. Дагы изденейин өз жолумду табам, бардыгы аста-аста болот деп өзүмдү алаксытып коём. Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде кандайдыр бир кылган аракеттеримден жыйынтык чыга баштагандыгын жүрөгүм сезип, кубанып да койчу болдум. Балким кудайдын буйругудур, бир адам экинчи адамга себепкер. Сыймык байке биздин райондо прокуратурада иштечү. Бат эле тил табышып жакын болуп калдым. Сыймык байке менин оюмду окуп койгондой сезилчү болду. Орозо айы эле. Кечинде үйгө барып, тамак ичип кет деп чакырды. Үйүнө бардым, сүйлөшүп олтурсак, "Кубаныч эгер окуйм десең мен сага бир университет жөнүндө айтып берейин. Бишкекте Чыгыш университети бар. Ачылганына анча деле көп боло элек. Кээ бир адамдар биле беришпейт. Бирок жакшы жери ал жерде ыйман-ынсап, адеп-ахлак, улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо, деги эле чөйрөңдөгү адамдар жакшы болот. Коррупцияга жол берилбейт. Ошол жакка барып өз күчүңдү бир сынап көр",-деп кеңеш берди.

Чындыгында эле убакытты эч ким токтото албайт экен. 2008 –жылдын апрель айы болчу. Борбор шаарыбыздын ичин аралап жүрүп, Чыгыш университетин таап алдым. Ичине киргенде эмнегедир сүрдөп кеттим. Ал аңгыча эле коңгуроо үнү чырылдап калды. Көрсө студенттер үчүн берилген коңгуроо үнү экен. Мектептин уясынан учкандан бери коңгуроо үнүн уга элекминби билбейм, айтор кандайдыр бир сезим пайда болуп көпкө чейин ойлонуп турдум. Студенттер эшикке чыгып, бардыгы тең "ассаламу алейкум, ассаламу алейкум" деп учурашып жатышты. Декандын кабинетине кирсем, жылуу кабыл алды. Университет жөнүндө толук маалымат алдым. Экзамендер июль айында башталарын айтып, ийгилик каалады.

Күндөр өтөт көз илинбей, жашоо өтөт өз жолу менен билинбей. Бирок ошол жолдо ар адам ар башка өмүр сүрөт экен. Бири жалпы адамзатка керектүү жаңылык ачсам деп күнү-түнү баш катырып тажрыйба жүргүзөт. Бири бирөөнө берген карызын ала албай бушайман.. Канча адам болсо ошончо тилек. Дагы бирөө бул жарыкчылыкка келгенине ыраазы, кайгы-капа менен иши жок жашай берет. А мен турмуштан өз ордумду таппай, күндөр өтүп келет. Жашоону ак-карага ажырата албай, эки айрылыш жолдо турган мезгилде Чыгыш университетине студент болгонум чоң олжо болду. Турмуштан өз келечегимдин жолун ачкандай болдум. Жашоого болгон көз карашым өзгөрдү. Анткени университеттин өзүнүн Ыйман-ынсап кодекси бар экен. Балким ошол себептенби, эже-агайлары, студенттери да руханий жактан өнүккөн, адеп-ахлагы менен өзгөчөлүү туюлду. Кийинки күндөрү мен да өзүмө-өзүм суроо берип, ушул күнгө чейин эмне иш бүтүрдүм, ата-бабамдын илгертен бери келе жаткан салттарын сактай алдымбы? Же сактай албай турмуш деген ушул экен деп өз арабамды кылдыратып келатамбы? Аппак сакалчан карыны көргөндө ийиле салам берип, иймене жол бошоттумбу? Сөз улуулугун сактап туура сөзгө моюн сундумбу? Ар кечте жаратканга жалынып элимдин-жеримдин бейпилдигин тиледимби? Карылар үйүндөгүлөргө нан көтөрүп барып, абалын сурадымбы? Балдар үйүнө барып, ата-эне мээримине зарлардын башынан сылап, чекесинен өөп, эркелеттимби? Сан жеткис суроолор жоопсуз.

Мен мектепте окуп жүргөндө эже-агайлар, классташтарым келечекте ким болосуң деп сураганда? Оппозиция болом десем баары шылдыңдап күлүп, сен депутат болгуң келет турбайбы?,- дешчү. Жок, мен бардык жерди кыдырып, элдин жашоо-турмушу менен таанышкым келет. Анда саякатчы болот турбайсыңбы дешчү эле. Көрсө менин кыялымдагы нерсе ал “Журналистика” кесиби экен. Анткени журналист болсоң бийлик менен элдин ортосундагы бутак болуп, эл-жерди кыдырып, жашоо-турмушу менен таанышып, чагылдырып дагы бере аласың. Бирок бир нерсеге жетиш үчүн, анын кыйынчылыгын көрмөйүнчө эч убакта үзүрүн көрбөйсүң деген жакшы сөз бар. Ошондуктан журналистика кесибин ийгиликтүү аяктап, кыргыз элиме чын жүрөктөн кызмат кылып, ата-энемдин ак сүтүн актаган, ата-журттун керегине жараган инсан болсом деп тилейм.....

Кубанычбек Баялиев, Чыгыш университети.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG