Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:58
Жаштык кездин эң кызыктуу, эң орчундуу жана келечектен өз ордуңду табууга жол көрсөткөн бул студенттик күндөр эмеспи. Ал эми студенттик күндөрдө бир күнү ток, бир күнү ачка болосуң. Айылдан акча келгенде сүйүнүп, ал түгөнгөндө эмне кылар айлаңды таппай каласың. Көчөгө чыгайын десең маршруткага акча жок, эмне кылмак элең, айла жок автобус, троллейбустарда «зайчик» болосуң.

Желкемден апчыгандай көзүм караңгылап…

Акчам түгөнүп, Сокулуктагы туугандарымдыкына жол тарттым. Албетте түшүнүктүү да, ачкачылык үчүнчү күнгө оогон эле. Жатаканадагы студенттерден акча сурагандан уяласың. Алар деле мага окшош студенттер. Жок дегенде автобуска жол жүрүү (проездной) билеттери бар болду бекен деп курсташтарымдан, тааныштарымдан сурасам жок экен. Айла жок чөнтөгүмө уютку кылып сактап жүргөн бир сомумду көтөрүп алып аялдамага келдим.

Автобус күтүп турсам, көбү пенсионерлер экен, колумдагы бир сомду бир карап, пенсионерлерди бир карап, бир акындын ыры эске келе түштү.
Жок дегенде жол акы,
Бир сом болуп калсачы.
Студентти жараткан,
Пенсионер кыла салсачы, - деп кыялдангычакты болбой, мен күткөн автобус да келип калды. Кудайга шүгүр, шаарыбыздын көчөлөрүндө Кытайдан келген автобустардын каттамы бир топ эле көбөйүп калбадыбы. Бир сомумду кармап алып эч кимге сыр бербей, автобустун артынан орун алдым. Мен түшө турган жер өтө эле алыс болчу. Ичимден аялдамаларда эл көп эле болсо экен деп тилегем. Бирок автобустун ичинде эл аз, тынчым кетип, жүрөгүм дүкүлдөйт. Ага деле болбой өзүмчө эрдемсинип, Чолпонбайдай даяр турам, каалга шарак десе эле илбирстей эшикке атып чыгам деп. Мына секирем дегенде, арткы эшиги ачылбай калды. Айдоочу оюмду сезгендей, элди алдыңкы эшиги менен түшүрүп, аялдамада турган кишилерди да алдыңкы эшиктен салып, жолун улады.

Эмне кылаарга айла таппай, эч нерсе эмес, эмкисинде ачса болду, бир аялдама жөө эле шуулдап басып кетем деп өзүмдү сооротуп коюп, эшиктин бурчуна туруп алып, жашыл автобус менен зуулдап бараттым. Кийинки аялдамага токтобой өтүп кетип, тилегимди таш каптырды. Андан кийинкиси болуп үч аялдама өткөн соң, араң арткы эшиги шарак деп ачылды. Кандай атып чыкканымды билбейм, бир заматта тышта болуп калыптырмын. Шек билгизбей, зыңкыйган жигит болуп басып бараттым. Автобустун айдоочусу артымдан кууп келип, желкемден алгандай болуп көзүм караңгылай түштү, чочуп ойгонсом, түшүм экен…

Урматтуу окурмандар, мындай окуялар кээ бир студенттердин түшүнө кирсе, кээ бир студенттердин күндөлүк турмушунда эле кездешип келет. Кандай болгон күндө да студенттик күндөргө не жетсин.

Кубанычбек Баялиев, АГУПКР 2-курс, магистрант.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG