Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:44
Деканым мени сооротуп...

«Тажап кеттим, окубайм!» - деп колумдагы курстук ишти, арызды декандын столуна ыргыттым. Көзүмөн жаш тегеренип, атасына даттанган баладай шолоктоп ыйлап кирдим. "Ай кызым, ыйлаба! Сен эми кичинекей кызсыңбы?! Ок! Кичинекей кыз десе! - деп деканым мени сооротуп жатты. "Ыйлабай, барагой. Карачы бети-башыңды, бар жууп келчи" - дегенде гана сумкамдагы күзгүнү алып чыктым. Күзгүдөн өзүмдү карап алып, ый аралаш күлдүм. Ошондо тушка бетим булганса да, ички буктан арылгандай болгом.

Жылдар өтүп, мезгил алмашса дагы, бул жоругум эстен чыкпас. Себеби, бул окуядан мен көп нерсени түшүндүм. Эмне үчүн деканга барып ыйлаганым, окуя кандайча бүткөнүн, кандай сабак алганым кызык болсо керек. Анда кеп башынан болсун…

Шашканымдын азабын көп тарттым…

«Окуу - түндө алдыңдагы шам чырак, билим алсаң маңдай ачык жаркырап» - деп айтып кеткен улуу ойчул Жусуп Баласагындын атын алган Жогорку окуу жайында билим алам. Билимдин уюткусу болгон улуттук университет ар бир студенттен дипломун аябайт. «Билим алуу ийне менен кудук казгандай» - демекчи, билим кудугун казган студенттердин катарын мен да толуктайм.

Мындан бир жыл мурун, 2-курсту аяктап жатканда, курстук ишти тапшыра албай убара тарткан элем. Курстук иштин жетекчиси - декандын орун басары, кафедра башчысы болуп иштейт. Алгачкы илимий ишимди жаза баштаганда эле чоң ката кетирдим. «Сен менин аты-жөнүмдү билбейсиңби, билип келмейинче келбе!» - деп флешкамды ыргытып жиберди. «Шашкан шайтандын иши» - дегендей, аты-жөнүн сураштырбай шашылыш түрдө көрсөтө койдум эле. Кийин анын азабын көп тарттым. Эки айдай артынан чуркадым, кечирим сурадым. А бирок, көңүл буруп да койгон жок. Сессия аяктап, каникулга тараар убакыт келди. Бардык сабактардан ийгиликтүү «беш-төрт» алдым, баягы эле курстук ишим калып калды.

Түшкө кирген курстук иш

Жаңы окуу жылы башталып, 3-курс болдум. Жайы бою түшүмөн кетпеген курстук ишим менен жетекчиме кайрадан кайрылдым. Кафедрага студенттер 14.00дон кийин гана кайрыла алышат. Бечарадай эртеден кечке күтөсүң же көңүл буруп койбойт.

Жакынкы аралыкта жумушка орноштум. Мен тандаган кесип, окуума байланыштуу. Окуудан тышкаркы бөлүмгө которулуш керек болуп калды. Арыз жазып, зачеттук китепчени кошо деканга ала кириш керек экен. Журналистика факультетинин деканынын кабинетине арыз ж.б кагаздар, бир гана зачеттук китепчем жок баш бактым. Ал орун басарына жиберди. Декандын орун басарына: Мен окуудан тышкаркы бөлүмгө которулам. Зачеттук китепчем керек болуп жатат, - дедим. «Сени ким которот, курстук ишиңди тапшырмайынча которулбайсың» - ачууланып жооп берди. Кечирим сурап чыгып кеттим. Кеч болуп кеткен, эртең сөзсүз которулам деген маанайда үйгө жөнөдүм. Эртеңки күн да келди. Деканыма айтсам, «Сен жакшылап сурасаң берет да!» - деп кайра жөнөттү. Мен барып, китепче керек болуп жатканын, декан жөнөткөнүн айттым. Үнүн көтөрүңкү чыгарды: «Эшиктеги жазууну көрүп турасыңбы!». Ошол жерден артка кайрылдым, ызаланганыман көздөрүмөн жаш куюлуп кетти. Канча айдан бери ушунун кыялына чыдап жүрөм, же киши катары көрбөйт, - деген сыяктуу сөздөрдү айтып ыйладым. Бугумду чыгарчу курбу кыздарым жанымда эмес, аргасыздан деканга арыздандым.

Группалаштарым практикалык ишин тапшырганы күтүп турушса, мен дагы деле курстук ишимди тапшыра албай убарамын. Аларга болгон жайды төкпөй-чачпай айтып берип жатсам, «Мындай окуя жаңылык эмес!» - дешти. Дал ошол күнү, биринчи жолу эч нерсе дебестен курстук ишимди текшерди. Беш алгансып аябай бактылуу болдум. Күрөштү жеңгендей, сүйүнүп жаттым. Көрсө, кимге ыйлашты да билиш керек турбайбы!

Бир жумадан соң курстук ишим «4» деген баага бааланды. Жетекчим ичимди күйдүрүп: «Эгер, эртерээк тапшырсаң «5» коймокмун» - деп күлүп койду.

Нуриза ЧЫНАРБЕКОВА, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун студенти.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG