Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:37

Студенттик жашоону сүйүнүч менен эстегиле!


Шербол Жапаралиев.
Шербол Жапаралиев.
Саат түнкү эки. Улам көзүмдү жуумп уктап кетүүгө аракет кылам. Бирок кайра-кайра саатты карайм, уйку жок. Эртеңки боло турган окуя мага тынчтык берчүдөй эмес. Кээ бирлер үчүн бул чыныгы жашоонун башталышы, дагы башкалар үчүн билим алып кесипке ээ болуу. Мен болсо аны “адам болуу процессиндеги” эң маанилүү этап катары кабылдадым.

Ооба, эртең менин жогорку окуу жайындагы биринчи күнүм. Окуу жайдан өзгөчө чоң үмүттөрүм бар.

Бизди “манастыктар” деп коюшат. Өтө чоң эмес, өтө кичине эмес, көпчүлүккө белгилүү Кыргыз-түрк “Манас” университетинде окуйбуз. “Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт” дегендей, манастык да манастыкты алыстан тааныйт.
"Манаста" жакшы окуган студенттерге Түркияга барып практика өтүп келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. 3-курста ар бир бөлүмдөн бир топ студент Түркиядан практика өтүп келет. Анын ичинде бөлүмдүн эң мыкты үч студентинин чыгымдарын университет каржылайт. Мына ушул үч орунга илинип калууга элдин баары умтулат.

Эми кезек бизге келип, былтыркы жылдын жайында Түркияга учтук. Көпчүлүгүбүз чет өлкөгө алгачкы ирет чыгуудабыз. Арабызда учакка биринчи жолу отуруп жаткандары да бар. Беш саат дегенде борбор калаа Анкарага келип кондук. Кыргызстанга келип кеткен туристтер “бул өлкөдөн өтөөр меймандос эч ким жок” деп айткандарына күбө болуп калабыз. Мен да Түркия тууралуу ушундай деп айткым келет.
Достор менен.
Достор менен.


Анкара. Бишкектен бешөө чыккан Түркиянын борбор калаасы. Тынч жана таза шаар. Келээрибиз менен жүгүбүздү ыргытып, шаар кыдырабыз деп чыгып кеттик. Маршруткага 50 сом төлөп көрдүңүз беле? Мен төлөп көрдүм. Бул жерде коомдук транспорттун жол киреси 2 лира турат, ал биздин акча менен 50 сом болот. Түркияда ушундай кымбатчылык. Мындайды көрүп “бизде, кудайга шүгүр, жашоо арзан турбайбы”, - деп койдук. Көчөдө топ болуп жүрсөк, элдин баары бизди карайт, кытай, корей же жапон деп ойлошот. “Коничива” деп тийишип өткөндөрү да бар. Бирок жакшы мамиле кылышат, кыргыз экенибизди укканда, ансайын сүйүнүп, тууган көрүшөт. “Биздин аталарыбыз ошол жерден (Кыргызстан) келишкен” деген сөздү укканыңда сүйүнбөй койбойт экенсиң.

Ушунча келген соң, деңизди да көрүп кетели деп Антальяга сапар алдык. Калкынын саны жагынан Бишкектей болгон бул шаар өлкөнүн түштүгүндө, Жер ортолук деңизинин жээгинде жайгашкан. Климаты биздикинен айырмаланат, ысык жана нымдуу. Түнү футболкачан туруп тердегениңде буга күбө болосуң. Антальядан деңизге да түштүк, көчөдө өскөн апельсин, банан да көрдүк. Чет өлкөнү сыналгыдан гана көргөн жаныбыз өзгөчө кубанып турду.

Түркия жөнүндө кеп салып, башыңарды ооруттум окшойт. Бирок, студенттик жашоо дегенде алгач менин жогорудагы тажрыйбаларым эске түшө берет. Бул мактануу деле эмес. Мен студенттик жашоону каткан нан, кукси, бааларды сатып алмайлар менен эстебейм. Себеби, бизде андай болгон жок. Биз башынан эле өзүбүздү калктын эң активдүү катмары деп билдик. Ошондуктан, студенттик жашоо мага сүйүнүч гана алып келди.

- Эмне дедиңер эле?..

- Жашооң кандай, студент?

- Жашоом жакшы.

...Бирок жакында бул студент макамынан ажыраганы турам.

Шербол Жапаралиев
, Кыргыз-түрк “Манас” университетинин бүтүрүүчү курсунун студенти.
XS
SM
MD
LG