Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:35
Бүгүн дагы студенттик күндөрдүн бир күнү... Жашоодо эч ким эч кимге, эч нерсе эч нерсеге окшобойт. Ошол сыяктуу кимдин кайсы гана күнү болбосун бири-бирине окшобой келет, окшобой кетет. Бир күнү таңды эрте тосуп алсаң, бир күнү такыр эле уктабай чыгасың, кээде чак түштө турасың. Ал кезде башкалар жарым күнүн жашап койгон болот...

Теле, радиодогу жаңылыктардын экинчи, үчүнчү чыгарылыштары аяктаган болот. Көп нерсенин өтүп кеткени ушу. Убакытты, жаңылыктарды өткөрүп ийгенибизди саатка карап же теле, радиону карап билебиз, бирок билбей, сезбей калган дагы эмнелерди өткөрүп ийдик? Бир Кудай билет. Же апалар айта жүргөндөй ырыскыбызды өткөрүп ийдикпи...

«Эрте тургандын ырыскысы көп болот» дешчү эмес беле. Мектепте окуп жүргөндө ушинтип айтып ойготушчу. Апаңан уялганыңан турчусуң. Азыр студентсиң, антип ойготчу апаң алыс. Бирок сааттын чырылдагы ойготот, анткен менен аны сезбейсиң, тоготпойсуң... Уктап жаткан транс менен бир баскычын эмне кылсаң да басасың, болду, тынчыңды алган эчтеке жок. Уялбайсың, ушу сааттан да уялчубу?

Кызыгы, жаңылыктарды өткөрүп ийсең, кечке маал же кечинде кайталап көрүп, угуп аласың. Же интернеттен кабардар болуп аласың. Жаңылыктардын жарасы жеңил. А бирок апалар айткандай чын эле «ырыскыбызды» өткөрүп ийсек, анда кантебиз? Же жаңылыктар сыяктуу «ырыскы» да кайталанабы? Кудай билет, кайталанып аткандыр...

Кээ күндөрү ачка, акчасыз калганыбыз «ырыскыдан» кур калганыбыз болуп жүрбөсүн... Ойлоп алып күлкүң келет, антейин десең чындыгы бардай бир чети. Бирок ырыскыны жаңылыктардай кылып теледен же интернеттен кайталап көрө албайсың. Бул анык! «Ырыскы» өтүп кеткен менен түгөнбөйт. Бири өтсө, башкасы келет. Бу дагы анык! Ай, студент.., студент...

Бүгүн ушулар ойго келди. Ой деген нерсе таң калычтуу түшүнүк экен. Мобу бурчта желесин жайып, ырыскысын күтүп турган жөргөмүштөн баштап, тээ чексиз ааламга чейин ойлоп саласың, төшөктөн тура элек жатып эле. Ошо жөргөмүштүн желеси кызык, эч кимден сурап албайт, же базардан акчага сатып албайт. Андан кызыгы асман боштугунда желе-мелесиз турган планеталар. Өз огунан чыгып кетпей, башка планеталар менен кагышып кетпей күндү айланып турганычы...

Анан дагы жылуу төшөктө жатып алып кыялдарга сүңгүйсүң... Не бир түркүн кыялдар!.. Депутат болсом, студенттердин стипендиясын көбөйтмөкмүн. 5ке окугандарга 10000 сомдон, 4кө окугандарга 7000 сомдон, 3кө окугандарга 5000 сомдон кылып (3кө окугандарды унутпай) берилгидей мыйзам чыгарып коймокмун дейсиң. Болду ушинтип төшөктө жатып эле мыйзамды чыгарасың да, кымтыланып койосуң.

Мындай мыйзамды ишке ашыруу үчүн канчалаган маселелерди чечүү керек экенин, мамлекеттин экономикалык абалын ушуга жеткирүү үчүн талбай окуу зарылдыгын, иштеш керек экенин ойлогонду мындай кой, эрте туруш керек экенин капарыңа албайсың.

Кечинде деле жарытып тамак жебеген соң курсагың курулдабай койбойт. Ал аз келгенсип түш оогончо жатсаң, курсагыңдын курулдаганы сааттын курулдаганынан ашып түшөт экен. Сабакка турбай койсоң, башкага турбай койсоң болот, бирок курсак айласы оңой эмес, турбай коюп көңүл кош карай албайсың.

Ошентип турган менен бөлмөдө даяр турган тамак жок. Кайсалап тияк-биякты карайсың үмүт үзбөй, качанкы жасалган тамактын кырмычыгы калгандыр деп. Кырмычык калтырбай жегениңди унутуп койосуң. Куксиден көңүл калды. Анткен менен кукси студенттердин эсинде. Анекдот болуп калганы калган. Бир студент мактанган экен: “Биз бир күндө үч түрлүү тамак жейбиз. Эрте мененкисин кукси, түшкүсүн алькони, кечкисин доширак!” - деп. Ошентип өзүңдү-өзүң сооротуп күлүп койосуң. Бирок курсактын айласы табылат. Өзүңдөн төмөнкү курстарда окуган балдар бар. Жатакананын алдында ошолорду тарп аңдыган таз жорудай болуп карап турасың. Ырай-оройуна, кулк-мүнөзүнө карап туруп бирөөнү чакырып аласың: Эй, бряшка! (братишка!) Самса жебейлиби!..

Ошентип курсак тойгон соң санаа жок боло түшөсүң. Ошо отурган жериңде берки жолдошторуң менен аркы-беркиден кеп салып, обужок каткырып отурмай. Эмне кыласың анан? Жыргаткан стипендия жок, ошентип жыргайсың да... Мындай чөйрөдө ата-эне жөнүндө, мамлекет жөнүндө кеп кылуунун өзү уят. Кызыгы жоктой... Каның кайнап турган чакта жан дүйнөгө негедир кыз-кыркындан, машинелерден, уруш-мушташтан кеп кылсаң чериң жазылат.

Убакыт болсо өз ыргагынан жазбай саат артынан саат кубалап өтүп барат. Күүгүм кирип, күн бата дагы бирөөлөргө самса алдырып, “оңдой берди” боло калса дагы башкасын кошо алдырып, курсак менен алкымдын айласы табылат. Кеч ушундайча өтөт... Студенттик күндөр өтөт ушундайча...

Мына биздин жашоо... Мына биздин келечектин бир жагы...

Бөкөй Конокбаев, студент

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG