Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:03

Сабактын арты менен жер тааныдык


Ош. Ленин чокусуна жакын жерден тартылган сүрөт.

Ош. Ленин чокусуна жакын жерден тартылган сүрөт.

Мектепти бүткɵндɵн кийин ОшМУнун табият таануу жана география факультетине тапшырып окуп калдым. Биздин факультетте ар бир курсту бүткɵндɵн кийин, жыл бою алган билимин бышыктоо максатында, табияты кооз, ɵзгɵчɵ жерлерге (М: Кара-Кой, Кара-Шоро, Сары-Челек, Арстанбап, Нарын, Ысык-Кɵл ж.б.) талаа практикасы болот.

Экинчи курсту бүтүп жатканда Ош, Ɵзгɵн, Жазы дарыясын бойлой "Кара-Шоро" Мамлекеттик улуттук жаратылыш паркына бармай болдук.

Атайын автоунаа жалдап, Ɵмүрбек Кубатов, Сүйүн Атакулов агайлар жол баштап, кыркка жакын студент түш ченде Ош шаарынан чыктык. Шатыра-шатман маанай менен түнкү саат 10-11де пландаган жерибизге жеттик, чыгармаларда окуган азуусу арсайган аскалар тосуп алды, жылдыздарга жакын баргандай эле болдук.

Жайлоодо отургандар бапырап сүйүнүп, боз үйгɵ киргизип болгон даамын алып чыгып (ошондогу каймактын даамы дале таңдайдан кете элек) сыйлашты. Анан кезек жат-жатка келди, кыздар боз үйгɵ, автобуска агайлар, балдар сыртка эле жатып алмай болдук. «Жайкы күн жаш баладай» деген анык белем, көшүлүп терең уйкуга кирген кезде чагылган чартылдап, жамгыр жаап кирсе болобу. Жамынчыларыбызды кɵтɵрүнүп, микроавтобустарга кирип корголодук, бүрүшүп. Бирок жылуу жууркансыз, жумшак жаздыксыз эле эӊ сонун эс алыппыз. Эртең менен минералдуу булактардын даамын кɵрɵлү деп Жазы дарыясынын жээгин бойлой жогору жɵнɵп калдык, жыйырма чакырымча жол басып аркы ɵйүзгɵ ɵтүүбүз керек экен. Муздак сууну кечүүдɵн жүрɵксүп, ɵйүздɵ жүргɵн бир эшекчен баланы ɵткɵрүп кой деп сурансак, дароо эле макул болду. Алгач староста кызыбызды мингизип жɵнɵгөн, дарыянын дал ортосуна барганда эшек мүдүрүлүп экɵɵ теӊ сууга чалп этип жыгылды. Биз кечүүдɵн ичиркенип атсак, ал кызыбыз мɵӊгүнүн көк кашка суусуна жуунуп да алды, бир крассовкасы агып кетиптир. Шɵмтүрɵп суу болуп чыккан группалашыбызды карап күлүп да, боорубуз ооруп, аяп да жаттык. Түгөйү жок крассовкасын колуна кармап алып ошончо жерден жылаӊайлак келгени эсимде.

Ошентип үйгɵ (чатырларга) келсек, "дежур" болгон группалаштарыбыз дымдама жасашыптыр, томат ордуна адашып калемпир алган экенбиз, кыздар ачуу деп жей албай, агайлар, балдар сонун деп эки порциядан жегенбиз.

Кийинки күнү Качыраалытɵр деген ɵрɵɵндү ɵрдɵп тээ мɵӊгүлɵргɵ бармай болуп жɵнɵп калдык. Орто жолдон калып отуруп үчɵɵбүз гана, эки бала, бир кыз, кийиктердин изине чейин жетиппиз. Турсун (группалашым) кийиктердин изине салып капталдай аркы кыраӊга чыгып эс алып отуруп калды биз берки кыраӊдабыз, кыйкырып сүйлɵшүп жатканбыз ошол мезгилде “күрр” деген катуу доош чыкты досум ɵткɵн капталдагы издердин баарын кар кɵчкү басып калды, ошентип кудай сактаган (агайлар аны билсе, ɵздɵрү барган жерден эле кайтарса керек эле). Ошто ал мезгилде күз ыраӊын кийип калган, (июндун этеги, июль айынын башы), биз 3800-4000 метр бийиктикте, түбɵлүк кар жаткан жерге чейин жетип бардык. Кыргызстандын аймагында бир эле мезгилде, бир күндɵ тɵрт мезгилди кɵрсɵ болот деп гезит-журналдардан окуп жүрсɵк, анын баарын ɵз кɵзүбүз менен кɵрдүк. Жашоодо өзүң күбө болуп, ойногончо үйрɵнгɵн нерселер кантсе да кɵӊүлдɵ кɵбүрɵɵк сакталат тура, ар бир практикабызда (Кара-Кой, Кара-Шоро, Сары-Челек, Арстанбап, Нарын, Ысык-Кɵл) эсте калаарлык окуялар кɵп эле болгон.

Сайпидин уулу Норузбек, Ош мамлекеттик университетинин география факультетинин 5-курсунун студенти.
XS
SM
MD
LG