Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Атаңарга айткыла, бир кабаттуу үй салсын!


5 жыл староста болдум. Тайпада 17 кыз 2 бала, же 15 кыз 2 бала, айтор кыздар көбөйүп, азайып турат, а жигиттер экөө бойдон. Жигиттер экөө сабакка келсе 100%, бирөө келсе 50% түзчүбүз. Анан кантмек, окуган жерибиз филфак (ОшМУнун кыргыз филологиясы факультети). Кээ бирөөлөр “кызфак” деп коюшчу. Элге окшоп которулуп, же таштап кетпей окууну бүтүрдүк. Чынында кызыгып келгендерденбиз. Эгиз козудай болуп ээрчишип, Мелисбек досум экөөбүз филфактын эрке баласы элек.

Сүрөп келген бир-биринин артынан,
Курдаштыктын деңизинде балкыган.
Керек кезде бир костюмду кийишип,
Биз досторбуз бөлүп жеген жарты нан, - деп ушул досума карата айткам.

Чынында экөөбүздүн костюмубуз экөөбүздөн башка эч кимге батчу да эмес. “Метрге ченеп койгонсуп, тең эле арык боюңар”, - деп Байдыке бизди да кошо айткандай. А тайпалаш кыздарга сөз жок. Тамашаны катырышат. Окууну андан бетер катырышат. Мына ушул тайпалаштар менен өткөргөн күндөрдөн бир-экөөнү сиздерге айтып берейин.

Ошентип, 1-курсту аяктап жатабыз. Ар мугалимдин артынан чуркамай. Шашкалактап жүрүп мен бир дептеримди жоготуп коюпмун. Ичинде 37000 рубль бар эле. Акчанын өзү эмес, банктагы коду бар болчу. Орусиядан менин атыма салышат, а мен туугандарга алып берем. Акысына сомду 1-2 тыйынга арзаныраак алып акча ашырып калам. Кашайып ошончо кагаз-кугаздардан акчанын коду жазылган жан дептерим жок десеңер. Же телефонум жок, же номурун билбейм ал Орусиядагы тууганымдын. Кечинде эжеме чалып сандарды айтканда блокнотума көчүрүп алган элем. Мен болсо дептер издеп жүрөм ар аудиторияга кирип, группалаштарым мени кубалап жүрүшөт эжекени тап деп. Кыздар кошо издешсе да табылган жок. Ишемби күнү өтүп, анан жекшемби келсе акча бир күнгө кечигет. Кеч эжеме чалышып айылдагы туугандарым мени урушарын эстеп көшөрүп издей бердим. Кубалашып жүрүп экзаменди да тапшырып салыппыз. Түш оогондо издөөнү токтоттум. Банк жабыларына жарым саат эле калды. Ишемби күнү саат 14:00гө чейин эле иштейт да. Бактын көлөкөсүндө шалдайып отуруп калдык. Адатта экзаменден кийин жеңилдеп, сүйүнүп каткырыгыбыз чыгып калчу. А тайпалаштарымдын көңүлдөрү суз. Баары мен үчүн кайгырып отурушат. Чоргого барып бети - башымды жууп кайра келсем, кыздар мулуңдап эле калыптыр. Не болду десем айтышпайт. Анан Элиза: “Улук блокнотуңду таап берсек баарыбызга балмуздак алып бересиңби”, - деп калды. Эртеден бери суй жыгылып издешкендер кантип бекитип алып тымпыйып жүрө бермек деп мен аң-таңмын. Жарым саатта банкка жетишеримди эстеп дароо макул болдум. Ал дароо Нуриланын сумкасынан блокотумду сууруп чыкты. Жиним келип “Эмне бекитип алып издетесиңер”, - деп кыйкырдым. Нурила бекиткен жокмун деп актана баштады. Көрсө, зачеттук китепчесин салам деп блокнотту кошо салып алган экен. Мен баа коюлган зачеткалар менен блокнотту терезеге кошо коюптурмун. Ал кыз салып алганын билбей ысыкта издешип жүрө бериптир. Анан отурганда сумкасын аңтарып жатып көрүп калган кербези экен. Блокнотту алып Мелис экөөбүз банкты көздөй учуп жөнөдүк. Жетиштик. Келсек жүздөрүнө күлкү жүгүрүп тайпалаштарып күтүп турушуптур. Баарын балмуздак саткан күркөгө ээрчитип бардым да, бирден алып бердим. Азыр тайпалаштарым чогулса “Улукка балмуздак алдырганда” деп күлүп калышат.
Дагы бир окуя. Ошол эле жайкы сессияда. Англис тилинен экзамен тапшырып отурабыз. Билет алсам бир күндүк жашоону баяндаган текст жазышым керек экен. Мелис го бир аз жакшы билет. Ыймандай сырымды айтайын, мен англис тилин айылда жыргатып деле окубагам. Мугалим жетишпей, көчүп-конуп жүрүп дегендей. Тамгаларды тааныйм, анча-мынча сөзгө деле түшүнөм, бирок байланыштырып жаза албайм. Арткы партага өтүп кеттим. Өттүм да ыр менен кыргызча жаза баштадым.

Азил тамашасы аралашкан куплеттерди жазып жатам. Бир топ жаздым. Азыр эсимде жок. Бирок сонун жазылса керек. Акыркы куплети гана эсимде калыптыр:

Бул жолкусун ырайым кыл эжеке,
Тапшыралбайм турсам деле кезекке.
Азил-чыны аралашкан ыр сунам,
А сиз мага баа бериңиз белекке.
Мелис көз кырын салып туруптур. “Эй сен кыргызча жаздыңбы” деп калды. Аңгыча эле Гүлзина барагымды столдон шып ала койду. Мен кубалап жүрөм, Гүлзина качып жүрөт: “Карагыла эй, ыр менен жазыптыр”, - деп. Эжейибиз да кызыгып калган белем “окучу” деп калды. “Окуба, өлөсүң” деп мен кубалайм. Эжейибиз “Анда мага бер, өзүм окуйм ”, - деп алып алды. Экзамен бүттү. Мелис деле кыйратып жазбаган окшойт. Бардык сабагыбыз беш болуп, ушул сабактан ала албай каларыбызды эстеп кыжаалатпыз. Бир убакта эжей кабинетине чакырды. Кирсем, “Староста жакшы окуш керек, сен эмнеге окубайсың”, - деди. Жер тиктеп тура бердим. Анан мени күлө карады да: “Эмнеси болсо да талантың бар экен, сага талантың үчүн беш, Мелиске сенин досуң болгону үчүн беш койдум. Жакшы жигит болуп жүргүлө”, - деп ведомосту сунду. Ошентип англис тилинен экзаменим беш.


Дагы бир окуя. Ошол жылы кышкы сессия. 2-курс болуп калдык. Патыратып эле автомат алып жаттык бааларды. Болгондо да сурабай туруп чогуу бир коюп жатышты. Анткени ошончолук окуйт элек. Ал тургай бир өтө принципиалдуу, оңой менен канааттанбаган, студенттер титиреп корккон эжейден жаңы жылга бир торт, бир шампан белек алдык. Баа койгон мендей болот деп мактанып жатышты мугалимдер. Салтанат эжей: “Экөөнөн башка баарыңарга беш койдум, сыягы рекорд койдум окшойт”,- деп калды. Мен: “Жок эжеке рекорд кое албай калдыңыз, Шаимкулов бирөөнө төрт, он жетибизге беш койду. Ал эч нерсе эмес, Жороев он сегизибизге тең беш коюп берди”, дедим. “Азаматтар, окугандар силердей эле болот” деп узатты.


Баарынан Т.Жороевден алган бешибиз кызык болгон. Агайыбыз мыкты сабак берчү да, мыкты сурап алчу. “Кыргыз тилинин практикуму” сабагынан тапшырып жатабыз. Фонетикалык, лексикалык талдоо жүргүзүүбүз керек. Чекеден тыбыштарды, сөздөрдү талдоого өттүк. Бир маалда катуу жер силкинди. Агай партага таяна калды. Баарыбыз үрөйүбүз уча бозоруп отуруп калдык. Жаңылышпасам, ошол жер титирөөдө Нура айылы жыбыркаган болуш керек. Агай өзүнө келери менен “Атаңарга айткыла балдарым, бир кабаттуу эле үй салсын, зачеткаңарды алып келгиле”, - деди да баарыбызга беш коюп салды.
Негизи жазылбаган эреже боюнча группа жүз пайыз беш алуу мүмкүн эмес эле. Биринчиден, пара алып койду деп шектенишет, экинчиден, баары бир үчтүк, төрттүк окугандар болбой койбойт эмеспи. Анча-мынча 3кө окугандарды группанын артыкчылыгын эске алып 4 коюп беришчү. Жалпысынан жакшы окуйт элек.


Азыр группалаш кыздарымдын дээрлик баары мектептерде, мамлекеттик мекемелерде иштеп жатышат. Айрымдары директордун орунбасарларыгына чейин жетишти. Журналист болуп иштеп жүрүшөт. Мелис досум ОшМУнун “Ыйман” лицейинде директор. Жакында ал Ош шаарында өткөн “Мыкты мугалим-2014” сынагын жеңип, машине утуп алды. Айтор, студенттик күндөрүмө эч качан өкүнбөйм. Абитуриенттер мага окшоп жакшы окугандар менен тайпалаш болушса экен.

Улукбек Омокеев
Ош шаары

XS
SM
MD
LG