Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:18
Менин унутулгус студенттик күндөрүм 2009 – жылдын сентябрь айында башталды. Биринчи жолу университеттин кампусуна кирип, окуу корпустарын бир саат айланып, таңдана карап чыкканым азыр да көз алдымда. Айылдан жаӊы келген кызмын, бирөө жаныма келип сүйлөсө, бир нече секунд элейе тиктеп, анан жооп бермей. Шаарга биринчи жолу келип, өз алдынча жашоого өттүм. Бул жакта бир-эки таанышым болбосо, башка эч кимди тааныбайм. Өзүмө окшош эки жагын карап жүргөн студенттерди көрүп, булар да мага окшош, эч нерседен кабары жок, адашып кетсе эки-үч маршруткага түшүп, анан үйүн таап барат го деп ойлоп коём. Бирок шаардын атмосферасына бат эле көнүп кеттим. Мунун себеби бирөө эле - университетти мыкты окуп, бүтүрүү. Ушул нерсе үчүн баарына даяр болчумун.

Беш жыл ичинде эсте каларлык күндөр баштан көп эле өттү. Университеттин кампусунда жатакана, аудитория, китепкана, ашкана жана теннис ойноочу жер бар. Эӊ мыкты шарттар менен акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп жатса, мен эмне үчүн аны колдонбошум керек деген ой менен ал бир күнүмдү мазмундуу өткөрүүнү туура таптым. Жатаканада ар кайсы облустан, чет өлкөдөн келген кыздар менен жашадым. Алар менен таанышып, жакшы-жаманды билдим. Маданий айырмачылыктар айынан бири – бирибизди түшүнбөй таарынтып алган да күндөр болду. Бирок мунун баары убакыттын өтүшү менен билинбей калды.

Сынган раковинаны бир жума жашырганбыз

Даярдоо курсунда ар башка облустан келген төрт кыз бир бөлмөдө жашай баштадык. Бири – бирибизди тааныбайбыз. Биринчи күнү “каяктан болосуң?” деген суроолор менен тааныштык. Келгиле, жакындан таанышып алалы дегендин ордуна жердигине жараша, бири – бирибизге мүнөздөмө бере баштадык. Мен түз эле Нарындан келген кыздан:

- Силер этти көп жейсиңерби?, - деп сурадым. Ал ооба деп, кайра жооп иретинде "Силер кыргызчаны башкача сүйлөйсүӊөр ээ?" деп суроо узатты. Мен да сыр бербей, силерге окшоп эле сүйлөйбүз, - дедим. Ошентип бат эле бири – бирибизге көнүп, дос болуп алдык. Биринчи күндөрдөгү картина эч эсимден кетпейт, бири – бирибиз менен жакшы эле сүйлөшсөк да, ортобузда дубал тургандай болоор эле...

Бир күнү бир кызыбыз ваннада телефон менен сүйлөшүп жатып, раковинаны кулатып, сындырып койду. Аны карап күлөрүбүздү же урушарыбызды билбей турабыз, өзү да ыңгайсыз абалда калды. Биздин университетте бөлмөлөрдү күн сайын текшерип турушат. Текшерүүчү эже келе жатканда ваннага тиги кызды киргизип, душтун суусун ачып коёбуз. Эптеп сынган раковинаны көрсөтпөш керек. Бир жумага чейин ушунтип жүрдүк. Дем алыш күнү жайма-жай отурсак, эже кирип келди. Биз менен учурашып, анан дароо эле ваннанын эшигин ачып жиберсе болобу. Дароо эле "Бул эмне?" деп сурады. Болгонун болгондой айтып бердик, сындырган кызга жаза берилип, эмдиги жылы жатаканага чыгышы үчүн балы азайтылды, калган үчөөбүз түшүнүк кат жаздык. Директордун бөлмөсүнө кирип, төртөөбүз тең кызарып отурганбыз эстен кетпейт.

Чет элдик кыздарга гид болгондо

1 – курста чет өлкөдөн келген эки кыз менен жашап калдым. Алар дем алыш күндөрү Бишкектин ар тарабын кыдырууну пландап алышкан. Жакшы тил билбегендиктен бат эле адашып, адамдар менен түшүнүшпөй, кыйналып кетишчү. Бир күнү дем алышта “биз менен шаар кыдырганы чык, тилмеч болуп бер?”, - деп суранышты. Мен макул болдум. Алар каякка барса, мен ошол жактамын. Түшүнбөгөндөрүн которуп берем. Бишкектин мурда көрбөгөн жерлерине барып, чогуу кыдырып жүрөм. Чет элдик кыздар Бишкекти абдан эле чакан көрүшчү, беш миллион эл алардын мекенинде бир шаарда эле жашайт эмеспи. Ошентип ар дем алышта шаар кыдырмай адат таптык. Бир күнү театрга барууну чечтик. Бир – эки гана сөздөрдү түшүнүшпөсө, сахнаны эле карап отурушат. Кайра – кайра мага суроо беришет, мен да туурабы, туура эмеспи түшүнгөнүмдү алардын тилинде айтып берем. Түшүнүшпөй кайра – кайра эмне болуп жатат деп сурашат. Акырында тажап, мындай нерселер которулбайт, көргөн адам өзү сезиши керек деп абалдан чыктым. Алар да макул дегенсип баштарын ийкеп коюшту. Кийин "мындай сөздөр которулбайт, аны сезиш керек" деп көпкө күлүп жүрүштү.

Казаны калып, тамак жок

2 – курста башка университеттин жатаканасында 3 кыз болуп жашадык. Жатакананын ар бир кабатында бирден ашкана бар. Үчөөбүз кезектешип, эки түрдүү гана тамак жасайбыз. Бирөөндө макаронду сууга бышырсак, экинчи күнү картошка кууруйбуз. Бир күнү бир кыздын атасы айылдан келип, бир кап картошка таштап кетти. Ал күндөн тарта макаронду унуттук. Күн сайын картошкага соус кошуп түрдүү тамак жасамай. Биринчи күнү куурусак, экинчи күнү сууга бышырабыз, үчүнчү күнү шорпо жасайбыз. Ошентип, өчү бардай, бир ай бою картошка тамак жедик.

Бир күнү сабак даярдап отурганбыз. Бир кызыбыз дежур болуп ашканада жүргөн. Анын эсеби боюнча тамак жарым саатта бышмак. Бирок айткан убакта бош идиштерди көтөрүп кирип келди.

- Тамак кана?, - дедик жарыша.

- Бирөө казаны менен көтөрүп кетиптир!

Эки сааттан бери тамакты күтүп жаткан жаныбыз, бир чети күлкүбүз келсе, бир чети ачуубуз келди. Жарым саат сайын жок дегенде казанды таштап кетээр деген үмүттө ашканага барып жаттык. Жер жутуп кеткенсип дайыны чыкпады. Эртең менен туруп барып карасак, казаныбыз турат. Кашкайта жуулган, ичине бадырайтып “рахмат” деп жазып коюшуптур. Бул "кылмышты" кимдер кылганын сезип эле жүрдүк. 3-4 бөлмө ары жакта 1-курстун студенттери жашачу. Биздин күн сайын тамак жасаганыбызды көрүшүп, биз да картошка жейли дешсе керек байкуштар. Кийин мындай көрүнүш кайталанган жок, биз да эч кимге айтпадык.

Ошентип күндө картошка жей берип, көңүл калды. Экинчи семестр бүткөнгө чейин картошка жебей жүрдүк. Азыр ал күндөрдү эстеп, жыргап күлүп алабыз.

Быйыл болсо, университетте окуганыма беш жыл болду, студенттик күндөрдүн акыркы айларын өткөрүп жатам. Беш жыл ичинде көп адамдар менен тааныштым, жашадым. Көптөгөн маалыматка ээ болдум, тажрыйба топтодум. Эң негизгиси өзүмө ишенгенди, алдыга максатты так койгонду үйрөндүм. Студенттик жашоомдун ар бир күнү мен үчүн унутулгус болуп өттү. Беш жыл ичинде көп окуяларды өткөрүп, жашоомдун дагы бир этабын жыйынтыктап жатам.

Асылгүл Абдрахманова, Кыргыз-түрк Манас университетинин студенти.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG