Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:25
Ал колуна бир ууч акчаны учтап, жеңишине манчыркап турган кезинде, түбөлүк жары менен чоң атасынан айрылганын сезген жок. Аларга берген убадасын да эстебеди. Чиедей балдары менен эмчектеги алты айлык чүрпөсү жетим калып, карыган эненин колунда калаары оюна да келген эмес. Ушунун баарына өзү күнөөлүү экенин сезгени менен баары кеч эле.

Айылда бул суук кабар жел менен кошо тез тарап, адамдар азалуу үйгө тез эле чогула калышты. Зар какшап, өзүнүн канынан жаралган уулуна наалат айткан эненин ыйы тээ алыстан келаткан бир адамга угулуп турду. Эмне болуп жатканын жакшы түшүнбөгөн балдары ыйлаган элди таңыркай карап, там түбүндө отурушту. Жүрөгү бир жамандык болгонун сезген Мырзабек боз үйгө даап бара алган жок.

Мырзабек Жалал-Абад облусунун тоо койнундагы айылдарынын биринде чоң эне жана чоң атасына каралашып жашайт. Жакшынакай үй-бүлө күтүп, эки уул, бир кыздуу болгон. Мал багып, жер айдап, тапканы үй-бүлөсүн бакканга кенен жетчү. Бирок кайсы күнү шайтан азгырып, карта ойной койом деп кумарга арбалып калганын билбейт. Өзүнүн айтымында, кышында айылда мал баккандан башка кылаар жумуш жок. Анан айылдын зериккен жаштары кечке жуук чогулуп, анча-мынча карта ойношчу экен.

Күндөрдүн биринде жакын досунун “бекер акча табуу” планына кызыгып, айыл четинде жайгашкан бир үйгө барышат. Көрсө, ал үй ар айылдан келген бекерпоз кумарчылардын ордосу экен.

Алгач 50-100 сомдун тегерегинде ойнойт. Бара-бара ортого сайылган акчанын суммасы көбөйүп, анын айынан үйүндө чыр-чатактар башталат. Жакындарынын айтканын кулагына илбеген Мырзабек короодогу малын четинен сата баштайт.

Күндөп-түндөп жоголгон күйөөсүн издеген Айжан, акыры кумар оюндары ойнолчу үйдү табат. Мырзабекти “кеттик" десе, ал кол көтөрүп, кубалап жиберет. Айласы кеткен Айжан “балким чоң атасынын айтканын угаар” деген илгери үмүт менен кайнатасын ээрчитип, кошунасынын машинасын айдатып барат. Анда да Мырзабек оозго келген сөздөр менен сөгүп, экөөнү тең кубалайт. Бутуна араң турган небересинин тил албасын сезген чоң ата келинин ээрчитип жолго чыгат.

Ошентип караңгы түндө жол кырсыгына учурап, экөө тең үйгө жетпей калышкан. Мырзабек соолугуп, үйүнө кайтканда баары кеч эле. Башын муштап: “Балким мен кумарга азгырылбаганда, аларды укканда... Энем менен балдарымдын жүзүн кантип карайм”-деп өкүнүп жатты.

Ооба, бул айылдагы бир кумарчынын окуясы. Бирок бул окуяда коомдун олуттуу ойлонуп, көңүл бурчу маселеси жатат. Айылдыктардын айтымында, кошуна айылдарда да жеке үйлөрдө, ашканаларда, чайханаларда карта кумарпоздорунун чордондору бар. Муну кадимки көрүнүштөй эле кабыл алышат.

Мындай айылдык “казинолордо” канчалаган адамдардын тагдыры талкаланып, канчалаган акча “айлампада” айланып жатканы менен деле иштери жок. Сураштырсаң, “баланчанын же түкүнчөнүн баласы ойнойт, мынча акчасын уттурду” деп саймедиреп беришет. Мындан улам “борбордогу кумарканаларды жок кылганыбыз менен айылдык казинолор качан жабылат?” деген ой көкүрөгүмдү өйүп келет.

Айбийке Суюмкулова
Жалал-Абад облусу

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG