Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Кантип президент болбой калдым?


Кыргыздар президент болууга жапатырмак кам ура башташты. Ажону тандоо менин элим үчүн чечилгис башкатырма. Талапкердин жери, уруусу, канынын тазалыгы, аялынын теги, пейили ж.б. төп келиши өтө кыйын. Султан Акторпок (Жумагулов) мурда жазган “телегейи” тегиз бир кыргыз баласы аз жерден кантип Ажо болбой калганы тууралуу сатира бүгүн да бутага тиет.

Кыргыз болуу кыйынчылыгы

О бир топ аксакал-көксакал карпа-күрпө келип калбайбы үйүмөчү, жататлем жамбаштап телебизор менен аяшыңарды алмак-салмак тиктеп. Сүйлөгөндөрүнө караганда, түштүгүнөням бар, түндүгүнөн бар, ичкилигиненям бар, аркалыгынан жүрөт, баш-аягы жети киши. Мындай көчүк басып, битта пиаладан чай уурташкан соң, сен айтасыңбы же мен айтайынбы деп бири-бирине ишаара кылып, о сакалдуусу го чамасы, кеп баштаганы:

- Энди, калбасанын узуну, кептин кыскасы жакшы, мындай да, ини-үкөм, машу бир ууч кыргызга ажо-береседент токтободу өзүчү, түндүгү түштүгүням алып түшөт, ичкилиги аркалыгын ала салдырат, минте берсекчи бири-бирибиздин каныбызды кактап ичип бүтүп, мамилекет болуштан калабыз да, туурубу? - деп мен бир пайгамбардан бетер мага суроо салып туру.

- А причем тут я? – дептирмин орто мектепти орусча окуган жаным аңкоо карап.

- Орусча билгениң жакшы дечи, причем болсо мындай да, какыраз сени ажо көтөрөйлү деп келдик, ток этер жерин айтайынчы саган.

Аксакалга карасам, айнып калгандай деле түрү көрүнбөйт, башкалары да отуру сакалдарын жайкалтып, баштарын ийкегилеп. Нармалныйле адамдар.

- Тамашаңар кызык экен, аксакалдар, мен эми кыргызга ажо болгудай же күнөөм болбосо, же Чымкоргон менен Кызылжарда жатып чыкпасам, дени-кардым сопсоо турса, – деп конокторго жана суроолуу карап калбаймынбы.

- Эй бала, бас оозуңду! - деп ордунан обдулду бир өткүр чалы мени сразым өчүрүп. – Биз, дейт, саган мазеке чагышканы келген жокпуз. Сени киши деп келип турбуз. Бу атпай кыргызды түрө кыдырып, колго ичтеме илинбегенчүн саган күнүбүз түшүп, келип турбуз. Бу мүлдө кыргызды бир сыйра сүрүштүрсөк, сенден башка тууру келчү ичким жоктон келип турбуз!

- Катының экөөң тең топтомолок жетим болгончүн келдик силерге, каяктан бу издешпей табышкансыңар өзү? - деп дагы бири капталдан чыкканы. – Бу сен же ата теги, тууган-туушканы, же карын-кайыны жок, круглыйле томаяк турбайсыңбы!

- Дажы сенде бала да жок экен, катуу тийсе кечир, шончүн бу эме... береседенттикке тууру келет деп келдик да саган! – деп үчүнчүсү куюшканга кыпчыла калганы. – Сенчи, үкам, сүрүштүрсөкчү – же саякмес же сарбагышмес, же саруумес же кушчумес, же адигинемес же ичкиликмес экенсиң, о киндик кан тамган жериң белгисиз дегин...

- Кызым, айланайын кечир, бу келин бала да туубайт экен го? – деп төртүнчүсү күнөөлүү ийилип, суроо жылдырды. – Кыргыз журтунда силер гана жалгыз экземпляр экенсиңер, ушуларды издештирбей кошкон кудайдын барманын кара.

Карасам бу аксакалдар тамашалабаткан жери жоктой. Кой, дедим, булардын үмүтүнө эрте жарыкта муздак суу сээп, жолго салбасам, чо-то кеп катуу жагына ооп кетчүдөн.

- Ошода, - дедим мен кайратыма келип, - тексиз адамды да ажо кылабыз деп сиздер да бир чоң куудул экенсиздер. Өзбек менен казак укса эмне дейт, арты менен күлүшпөйбү, бу кыргыздын крышасы жылып калганбы-ы, эми жетесизге күнү түшүптүр дебейби?

- Ошо тегин урдук! – деди арыдан топурагы жеңил чунак чал түзеле как точкага атып. – Тектүү дегендер имне кылды? Кана айтчы, имне кылды? Келет, кокосуна чейин арамга батат, кулкусунан аварий болот, аягынан аварий болот, же дүнүйөгө тойбойт, же катынга тойбойт, о көзү топуракка тойуп өлгүлөр десе! Ошо тектүү кыргыз баласы ажо болсо, бизди ушинтип думана кыла беле, кыргыздын кырк районун кыдыртып, а?

- Айланайын, аксакалдар, ушу мени ажо бол деп келгениңерге аялым экөөбүз жетине албай, төбөбүз космоско тийгенсипле калды. Бирок ичкимге жамандыгыбыз жокле береседент болгудайчы. Аржактагы Акүй-Көкүйдү карагылачы, канча саясатчы жүрү береседент болалбай көзү катып, алды уже сүрсүп бүтөйүн деп калды, ошолорго кайрылгылачы, – деп жалбарып да ийдим бут алдыларына жыгылып.

- Коп ордуңан, айланайын иним, тизелебе, же сен кыргызга ажо болосуң, же могу жети чал үйүңөн чыкпай жатып алабыз, биерден өлүгүбүз гана чыгат. Ошого чыдайсыңбы, баатыр, жети чалдын көйнөк-дамбалын биз өлгүчө жууп көрсүнчү аркы келин бала!

Бул өтө катуу ударле, аялыңдын жети чалдыкын күндө жууп, балкондо кургатып отурганычы, айтору, акыры какмар чалдар аялым экөөбүздү чыркыратып отуруп, көндүрүп тынышты. Аялым экөөбүз тагдырга моюн сунуп, ажолукка камдана да баштадык. Кайра ыссык чайды буулантып, мамилекет тагдыры тууралу кобурашып отуруп калдык. Ал чунак карыялардын чекеси тердей баштаганда бирөөсү ордунан обдулуп айтып турганы:

- Энди, ини-үкөм, бир таклибим барле, айтып калайын. Эртеге ажо болуп отурсаң, а киралбай калам да. О менин бир жээним бар дегин, өзү дипломдуу, актиптин тукуму, ошол саган караан болобу дейм да, бу премерге пышалек ко, о министрге жарайт, ошоду аласың кызматка, боптубу?

- Мына менин иним да министрликке жарайт, университетти бешке бүткөм депле мактанып жүрү өзү, бир көрөйлүчү анын дымагын, ошону жазып койсоң өкүматыңа...

- Бу биздин айылды да унута көрбө, айланайын, бир кызым бар да, абыдан тың, могу аппак сакалым менен атвечайт этем, орусча, кыргызчаны кой, англисче билем деп жүрөт, министрдин арабасын тарталат. Тартат! Жаз аны, мына памийласы.

Ал аңгыча аксакалдар блакнотторун жарыша жая салып, менин өкүматыма улам бир кишисин кыстап кийире баштады. Ортодо таможныйдын чоңун талашып, сакалдарын да жулмалашып ийишти. Налоговуйдун төбөлү дегенде да бири-бирин төбөлөп, араң дегенде ажыраттык. Дагы эки карыя көздөй кишилерин унутуп калган экен, ортодо аны эстей калышып, о өкүматымды кайра кураганга өттүк. Ызылдай берипчи, таң атайын деп калыптыр. Аксакалдардын кетчү түрү жок, орун бөлүштүрө албай жетөө жети сыйра жакалашып чыгышты. Ал эртеси да, анын эртеси да уланбайбы. Акыры айттым да жай элечи: ой, айланайын, акалар, абалар, байакелер, мен уже тойдум ажолукка, жети жагыңар тең кыбыла, бу бизди жайыбызгале койгулачы. Мен шайланбай жатыпле атыставкага кеттим!!!

Султан Акторпок

PS: Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.​
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG