Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:31
“Кыргызчылыктын” мителик түрү тууралуу биринчи дилбаяныма үн кошкондор көп болду. Арасында мени чет өлкөнүн тыңчысы, акча алып, улутту ичинен иритиш үчүн шермендебизди чыгарган макала жазыптыр дегендер болду.

Ошондой эле “улутубуздун беделин түшүргөн кыргыздын намысы жок кызы”, “эмнеге кыргыздардын мыкты касиеттерин жазбайсың?”, “кыргыздар улуу эл, сенин жазганың биздин улутка мүнөздүү эмес” деп каяша айтышты. Ушундай сөздөрдөн улам өз элимдин өсүшүнө кедерги болгон сокур намысчылыгыбыз кашкайып көрүндү.

Аш-той өткөрүш үчүн кымбат лимузин, ресторан жалдайм деп карыз же кредит аларыбызды жазып, "Америка" ачпай деле койсом болот. Ал ал болсун, ошол чубалган лимузиндер ансыз да кымгуут жолдорду бөгөп, жол эрежелерин бузат. Айлап-жылдап тапкан-тергенибизди бир күндө чачып түгөтүп, анан өмүр бою карызды жаап өтөбүз.

“Ачык Азиянын” журналисттери той кербени тууралуу мыкты сюжет жасашыптыр – 5-6 Жип машине жол бербей, кала берсе таякчан маичини да тоготпой, бипилдетип келатышат, ал эми кербендин алдында күйөө менен колукту теңселип баратыр. “Өмүрүбүздө бир жолу болчу майрам!” деп актанышат алар. Мындай “өмүрдө бир болуучу майрамдар” өлкөбүздүн ар шаарында күн куру эмес болуп жатпайбы.

Чет өлкөлөрдөн келгендер буларга жин тийгенби деп таңыркап карашат, ошондо чынын айтсам уялганыман жер карайм. Кааласак жолду туурасынан бөгөп алып, бүгүн биз гана жүрүшүбүз керек, калгандары көздөрүн кызартып карасын деп бүтүндөй коомго кырдануу сезиминин көбүбүздө ширелип калганы мени бөтөнчө капа кылат. Ошол эле жаш жубайлар мансабы бийлик атка минер жанжөкөрлөрү менен Ак үйгө өтүп кеткиче жол кыймылын токтоткон маичилерди сөгүшөт да, кайра өздөрү эч кимди көзүнө илбей бүт жолду ээлеп алып, жарым саат болсо да шаардын кожоюну сезгиси келет. Бул сокур намыс эмей эмне?

Кыргыз өмүр бою бетине кармап келаткан “эл эмне дейт?” деген сөз каныбызга сиңип бүттү. Дартыңды дарылаганга же балдарыңа чүйгүн тамак сатып бергенге дайыма акчаң тартыш, бирок классташтардын 10, 20 же 30 жылдыгына жылтырак кийим, алтын-күмүш тагынып, колдон келсе “мерс” минип барышың керек. Абысыныңдыкын сурап кийип аласыңбы же бутуна туралбай жаткан уулуңду (кызыңды) кыйнап алдырасыңбы – аны менен эч кимдин иши жок. Мына ошентип тиши түшкөн, өпкөсүнөн кагынган, карызы кокосуна чыкса да, алтын шакек-сөйкөлөрүн жалтыраткан, 50 жашар буурул чач эркек-аялдар чогулуп алып тойлоп отурушат. Бул сокур намыс эмей эмне?

Чамабыз келеби-жокпу, иши кылса, бай же атактуу адамдарды кармоо максатыбыздан да сокур намысыбыз көрүнөт. Айталы, уулубузду же кызыбызды “тукуму жакшы” адамдын урпагына үйлөнтө албай калдык дейли, ага деле кейибейли, иши жүрүп, ити чөп жеп жаткан таанышыбызды зордоп өкүл ата-эне шайлайбыз. Эмне дегенде тойдун чыгымын арга жок көтөрүшөт, анан башкалар сенин дос-жармаң ким экенин көрүп, ичи тызылдасын да.

Биздин бизнесмендер менен саясатчылардын көбүнүн бир нечелеген өкүл балдары бар экенин, “балдарынын” көбүн жакшы тааныбай турганын бөркүңүздөй көрүңүз. Кыргыз салтына ылайык, өкүл ата-эне жаш жубайларга акыл кеңеш берип, ич ара ыйкы-тыйкы боло калса элдештирүү, непаада жамандык болуп кетсе, ата-эне ордун басуу үчүн шайланат. Ата-бабалардын бул акылман салтынын азыр бир гана аты калды, калганы эптеп башкалардын акчасын сыгып алуу, атына жамынуу сыяктуу жалган салтка айланды. Эч куру дегенде даражалуу адамдарды той башына алып келип, биринчи тост берип, мына көрдүңбү министрдин өзү (депутат, базардын ээси ж.б.у.с.) келиптир деп эл көзүнө көрсөтүп коёлу деп жанталашабыз.

Эгер ошол адамдар көпчүлүктүн бириндей болсо, аларга көшөкөрлөнүп чакыруу билетин бердирип, төргө чыгарат белек? Алардын колунда бар же кызматы турган кезде эң сыйлуу адамдар катары алдына килем болуп төшөлөбүз да, кайсы бир күнү банкрот болуп же кызматынан кол жууп калса, дароо супсунубуз сууп, кол үзүп, башка бакыйган чоң издеп жөнөйбүз. Ал эми той айылдагы үйдө өтүп жатса, бүт коңшу-колоңдун жаңы килеми, идиш-аягы, алтурсун өстүргөн гүлүнөн бери той берген үйгө ташылат. Ичке бирдеме киргенден кийин кудай кылбасын акыркы тыйыныңа чейин чачасың. Элге бир көрүнүп коёюн деп эптеп бир бий же ыр үйрөтүп коюп, тойдон шабашка жасоо үчүн атасы ээрчитип келген өсүпүрүмгө же секелекке чөнтөктө сары майдай каткан 1000 сомдукту берип саласың да, кеткенге тыйының жок сокуюп отуруп каласың. Бул сокур намыс эмей эмне?

Адам мактанганга, көзгө көрүнгөнгө эчтемеси калбай калганда ашкере улутчул, өзүмчүл болуп калат дешет. Башы билимден, интеллекттен өксүп калгандар наалыма болуп, жарма-патриотторго айланышат.

Студент кезимден тарта эле мен чет жердиктерди коштоп жүрүп, тилмечтик кылып акча тапчумун. Бөтөн адамдар менен кайсы бир кафеде тамактанып калган учурларда жергиликтүүлөр мени жаман көзү менен теше тиктечү. Бир канча жолу биз отурган столго келип: “Эмне чет өлкөлүктөр менен жүрүп алгансың? Же кыргыз калбай калдыбы?!” - деп кекетип кетишчү. Аз келгенсип мени ышкырта сөгүп, жерге шалп түкүрүп, кыргызды “шерменде кылган” менин да, мен коштоп жүргөн чет жердиктердин да оозу-мурдун каңдайбыз деп омуроолоп турушат. Колунан эчтеме келбей, ичи күйгөн эркектеналарыбыз дал ушундай жосунсуз жоруктары, наадандыгы менен тетирисинче өздөрү улутубузду шерменде кылып жатканын билишеби?

Башмыйзамында адамдын тандоо эркиндиктери жазылган өлкөдө мен ким менен ымала күтүп, ким менен жүрүп, кимден бала төрөрүмө эч кимдин кийлигишүүгө акысы жок. Балким, бирөөгө акыл айтып, кандай жашап-туруш керектигин үйрөткөндөн көрө өз турмушун жөндөп алганы оң болуп жүрбөсүн? Башына калпак кийсе эле патриот эмес да, ошол калпакчан жигиттерибиз отургучка бутун асып алып, аллеяда ары-бери өткөндөрдүн бут астына шалп түкүргөнүн көргөндө улутубуз тууралуу кандай ой калат?

“Биз - кыргызбыз! Биз улуу элбиз! Биздин итке минген жашообузду, ыйманыбыздан ажыраганыбызды тарткан режиссерлор өлкөбүздү шерменде кылып атышат! Кыргызды сындаган ким болбосун маңкурт, арабызда андайларга орун жок!” – жарма-патриотторубуздун бул сөздөрү сокур намыс эмей эмне?
Ызакордук, каяша айтуу, жаалдануу – булар сокур намысты коштоп жүргөн сезимдер, муну билсек да, мойнубузга алгыбыз келбейт. Сокур намыс жүз миңдеген улутташтырыбыздын аң-сезимин ууландырып, ойго келбес жоруктарды жасоого, сансыз чыгымдарга батууга, жүрүп-жүрүп бүтүндөй коомдун бузулушуна алып баратат деп корком.

Дароо эле айтып коёюн: бул дилбаяндарымда мен гана чыркыраган чындыкты айтып жатам дебейм, бул менин жеке көз карашым. Ошондой эле бул жерде сүрөттөлгөн адамдар ар бир эле кыргыз баласынын образы эмес. Бул менин күнүмдүк байкоолорумдун жыйындысы, тилекке каршы, мындай көрүнүштөр кеңири кулач жайып баратпайбы. Бул көрүнүштөр бир гана кыргыз коомуна эмес, жаңыдан өнүгүп келаткан өлкөлөргө мүнөздүү. Бирок мен өлкөмдү башкаларга салыштыргым келбейт. Мен – кыргыз кызымын, кыргыздар арасында жашап, кыргыз уулумду өстүрүп жатам. Бирок мен уулумдун өзүнүн кемчилигин көрө билген, сындай билген, ошого жараша кемчилигин жоё билген, сарамжал жана мазмундуу өмүр сүргөн коомдо чоңоюп адам болушун тилеймин.

“Эл эмне дейт?” деген сөз маанисинен ажырап, аны эч ким оозуна албай калган күнү жамаатчыл-феодалдык жашоо ыңгайынан бошоно алган ар бир кыргызга ийилип жүгүнөт элем.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG