Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Ички дүйнөгө реформа жасайлы


Эгерде мен Кыргызстандын президенти болсом, Эгемендик кʏнʏнɵ карата Кыргызстандын элине кайрылуум тɵмɵнкүдɵй болмок:

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Урматтуу мекендештерим!

Сиздерди 23 жылдык Эгемендик майрамыңыздар менен куттуктайм! Ачыгын айтканда, ушул жылдар мамлекетибиз үчүн оор болду жана азыр да оор. Менин оюмча, эл башына түшкөн кыйынчылыктар анчалык оор болмок эмес, эгерде ушул жылдары мамлекет башына келгендер эл-жер үчүн чындап күйгɵн, ак ниет, мекенчил адамдар болгондо. Мунай жок, газ жок ошондон улам биз оңолбой жатабыз деген куру шылтоону айтышып, мамлекетти тоноп чыга беришти. Ошолор негиздеген коррупциялык иштер азыр да уланып жатат.

Эгемендик жылдары реформа кылабыз деп тыякка-быякка серпилип жаттык. Натыйжа болгон жок. Каражат жок деп ага шылтадык. Четтен келген каражаттар кумга сиңген суудай кетип жатты. Реформа алдын ала ар бирибиздин, ɵзгɵчɵ бийликтегилердин ɵзүнөн башталышы керек. Ошолордун ички дүйнөсүндө реформа болуп туруп, анан иш жүзүндөгү реформаны жазасак гана ойлогон максатыбызга жетмекпиз.

Менин баамымда ар бирибиз, Кыргыз элин дүйнɵгɵ тааныткан Чыңгыз авабыз айткан “Адамга адам болуу баарынан кыйын” жана дагы бир улуу инсаныбыз Исхак Раззаков айткан “Мен таза болсом, сен таза болсоң, коомубуз да таза болот” деген жɵнɵкɵй адамдык парздарыбызды унутуп, эстебей жаткандыгыбызда.

Эми бул менин ɵткɵн убакка айткан кыскача жеке пикирим болду. Бүгүнтөн баштап келечекте эмне кылышыбыз керек? Адам баласы кɵзү ɵткɵнчɵ келечектен үмүт үзбөйт. Бирок ошол үмүттөрүбүз аткарылышы үчүн жɵн отура бербей, колубуздан келген ишти ак дилден, ак ниет менен жасашыбыз керек. Бүгүнкү күндɵ бизде ыймандуулук, эмгекчилдик, билимге умтулуу тɵмɵндɵп кеткендей.

Кызмат абалындагылар алдым-жуттумдукка, андайга мүмкүнчүлүгү жоктор кайдыгерликке берилгендейбиз. Ак эмгек менен гана ɵсүп - ɵнүгɵрүбүздү унуткандайбыз.

Ошондуктан мен мекендештерибизди ыймандуу, эмгекчил, билимдүү болууга жана жогоруда айтылган эки улуу инсаныбыздын замандаштарына эскерткен жɵнɵкɵй эле адамдык парзыбызды дайыма эстеп, так аткарууга, ɵзгɵчɵ бийликтегилерди ишин так аткарууга чакыраар элем.

Мен биздин эртеңки келечегибизге болгон жаштарга зор ишеним менен кайрылаар элем. Буга чейинки кетирилген катачылыктардан сабак алып, “Сен ооруба, мен ооруйун Ата Журт ” деген сезим, ой-тилек менен эмгектенип, “Мен кыргызстандыкмын!” деп сыймыктанып жашооңор керек.

Эртеңки ар бир күнүбүздү чоң ишеним, ак эмгегибиз менен тосолу!

Дагы бир жолу Эгемендик күнүңүздөр менен, менин мекендештерим!

Табыш Кожобаев, Беш-Күңгөй айылы, Чүй облусу.

XS
SM
MD
LG