Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:52
"Мен да сүйүктүү ата, жолдош болгум келет", - деди Талас шаарынын мүмкүнчүлүгү чектелген жараны Бектур Каныбеков. Маектешибиз өзү жөнүндө буларды айтып берди:

"Мен кичине кезимде болжол менен бир жашымда трактордун алдында калыптырмын. Ошондон улам адистер ДЦП деген диагнозду коюшкан. Кийин II топтогу майыптыкты алдым, биринчи топко сунуш кылышты, ага макул болгон жокмун. Бир бутуман кыйналып басам, себеби жамбаштан тайып, темирчек өсүп кеткендиктен кыйынчылык туудурат. Азыр 22 жаштамын, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юридикалык бөлүмүндө сырттан окуйм".

"Жашооңуздун негизги максаты кандай?"

"Ушул жашка келишиме апамдын салымы абдан чоң. Ошондуктан апамды эч капа кылгым келбейт. Негизги максаттарымдын бири да апамды кубандыруу, көз жашын көргүм келбейт. Иниме, карындашыма баш көз болуп, ата ордуна ата болуп, ар бирине ордун табышууга жардам бергим келет. Ошондой эле бул дүйнөдө жашап жаткандан кийин мен да башка адамдарга окшоп сүйүктүү ата, жолдош болгум келет".

"Сизде мындай жоопкерчилик качан, кантип пайда болду?"

"Мен 9-классты аяктап, Талас мамлекеттик университетинин алдындагы колледждин юридикалык факультетин аяктап, шаардык ички иштер башкармалыгында практикадан өтүп жатканда жоопкерчиликке ээ болдум. Себеби практика учурунда ар кандай жарандардын кайрылууларына барып, маселелерин туура чечкенге аракет кылып жүрдүк. Ошол учурда жашоого да көз карашым өзгөрдү.

Бир жолу кайрылуулардын биринде (аты-жөнүн атабай эле койсом) апасы өспүрүм кызын акча тапканга көчөгө чыгарып салганын көрдүм. Эгер биздин деле апабыз "атаңар жок, мен силерди бакпайм" деп арак ичип кетсе эмне болмок эле деген ой мени тынчтандырбай койду. Ошондон улам апамдын бир туугандарымды, мени оор болсо да өстүрүп, эч нерседен кем кылбаганга аракет жасаганына баа бердим. Эми мен чоңойдум, ошол жоопкерчилик менде болуш керек деген ой менен жашап келем".

"Бала кезиңизде кандай кыялдар болгон? Алардын кайсынысы ишке ашты?"

"Бала кезимде милиция болууну абдан каалагам. Ошол кыялым ишке ашты десем да болот. Келечекте адилеттүүлүктү так жеткирген, кыйналган адамдарга жардам берген мыкты адис болгум келет".

"Жашооңуздагы кызыктуу окуялардан баяндасаңыз".

"Студент кезимде, окуу жайда студенттер күнүнө карата интермедия койгонбуз. Анын сценарийи мындай эле: айылдык эки кыз шаарга келишет. Алар паркта отурганда шаардык кыздар бет маңдайына отуруп, беттерине бет май, упа сүйкөй башташат. Айылдан келген кыздар "биз тигилерден кембизби" деп, бет майдын ордуна сүзмө, упанын ордуна ун сүйкөшөт. Ошол айылдык кыздардын биринин ролун мен аткаргам. Бул эсиме келген сайын абдан күлөм. Жашоомдогу эң кызыктуу окуя ушул".

"Бала кезиңизде жакшы көргөн кыздар болду беле?"

"Ооба, 4-5-класста биздин үйдүн жанына жаңы кошуналар көчүп келген. Алардын мен курактуу кызы бар эле. Биз ал кыз экөөбүз дайыма жашынмак ойногондо бир команда болуп, жашынгандарды издечүбүз. Ошол кызга балалык сезимдерим болгон. Азыр ал кыз турмушка чыгып, эки баласы бар. Жакында дагы бир кыз менен сүйлөшүп жүргөм, бирок мамилебиз үзүлүп калды. Мен ал кызга сезимдерим терең экенин айтып, аны ата-энесине менин майыптыгымды кабарлашын сурангам. Бирок ал ата-энесине айтпай жүргөн, так билбейм, бирок угушума караганда ата-энеси менин майыптыгымды билишиптир. Балким кызга тыюу салдыбы, айтор мамилебиз ошондон кийин үзүлдү. Кээде мени түшүнгөн адамга жолугамбы же жалгыз өттөмбү деп ойлоном".

"Азыр эмне иш менен алектенесиз?"

"Азыр Эмгек, миграция жана жаштар министирлигинин борборунда ("Кырк-Чоро" кинотеатрында) стажер болуп, компьютердик кызмат көрсөтүү тармагында иштейм. Атайын деле окуган жокмун, бардыгын өзүм үйрөндүм. Буга чейин сүрөт салонунда жана компьютерлерди оңдоо борборлорунда да иштегем. Эч бир жумуштан качпайм, колуман келсе баарын эле аткарганга даярмын. Кино тармагында да оператор болуп иштейм. Майып болсо эле чөгүп отура берген туура эмес го, апам жана бир туугандарым, кыргыз элим үчүн жашагым, салым кошкум келет".

Тоголокова Жеңишгүл

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG