Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:46

Токол азыркы заманда таң калычтуу сөз болушу керек эле. Ал өзү эмне деген сөз, мааниси кандай? Мага ал укканда эле жаккан эмес. Токол деген ким? Ушундай да болобу?

Мурда "токол" эскирген сөз, Советтер Союзу аны жок кылып, экинчи аял алам дегенди совет бийлиги жаңыдан орноп жатканда эле жалпайта чаап, Дүйшөн агайлар (Чыңгыз Айтматовдун айтылуу повестин эстейли) кыз дегендин баарын андай шумдуктан куткарып койгондой сезилчү. Алыскы айылдан чыккан Алтынай эркиндиктин маани-жайы, укугун коргоп чыккан кыз-келиндердин туу туткан ишеничи болчу. Менин оюма ал кезде унутулган нерсе кайра ордуна келери, караңгылыктын капкара тору кайрадан жайылары эч бир келбептир.

Кийинки кездери биздин күндөлүк турмушубузга аз-аздан "токол" деген сөз кайра кирип баратат, аялдар бактысы тууралуу талаш-тартыштар да бул сөзсүз жүрбөй калды.

Бул турмуш кыйын, келинчеги экөөлөп кыйналып-кысталып балдарын эр жеткирип, бутуна тургузуп, ошол 20 жылдай чогуу жашаган мээнеттин үзүрүн чогуу көрөрдө жагалданган эркектер бир күнү эле "шоп" этип чыга келишет. Алардын акылдуу мээсине буга чейин ичкени, чеккени, спорт менен алектенбей денеси оорлошуп, иши жакшы жүрбөй бараткан илээндилиги ойлонтпой, буга күнөөлүү жалгыз аялынан бетер жалаң эле төшөк жаңыртууну эңсеп калышат. Азыр эркек жашы өйдөлөп калганда жайдаңдап өзүнөн 20 жаш кичүү кызга үйлөнүшү, мурдагы аялын бозортуп жанына коюп коюшу күнөө деп деле эсептелбей калды. Мындай осол кадамы жанындагылардын жактырбашына туш келерин деле капарга илишпейт.

Анан да айлаңды кетирчү маселе - коомдогу осол көрүнүштү токтотушту мындай кой, айыпталбай жатышы. Баарынан жаманы - улуулардын жаш кыздарды өзү теңдүүгө тийбей, аксакалдын колун кармаганы туура болорун саймедиреп кулагына куюшу.

Дагы бир сестентчү жагдай - ошондой тарткынчык үй-бүлөдө чоңойгон балдардын токол алууну көнүмүш катары караган жерде эрезеге жетиши, кош аял алуудан эч кандай эрен-төрөн көрбөй калышы.

Чатактын-чатагы, эки аял алууга умтулган эркектин аракетин зайыптарынын туура көрүп, башкаларга айтпай, дүйнө-мүлкүн тең бөлүштүрөм деп чатак салбай, эрин токолу менен бөлүп таштабай, эч нерсе болбогондой бир үйдө чогуу жашап жатышкандыгы. Күйөөсү каалаганда келип, мүмкүн, аны менен бир нерселерди жасаганга аракет кылар, балким ал аял жанына башка эркекти жакындатпас. Ойлой келсең ушунун баары төбө чачты тик тургузчу нерселер.

Токол алгандарды көрүп ага ичи күйүп, ошондой болгусу келгендерге не дейсиң.

Мунун баары эмне үчүн болууда? Себеп дегенде, бизде каалаганды жасоого жол берилген. Андайга аялдары унчукпай макул болушкан. Анткени аялдар бала төрөп беришет. Канча болсо ошончо наристени жарык дүйнөгө алып келишет.

Аялдар кайната-кайненесин бапестеп, туугандардын тоюнда жүгүрүп кызмат кылышат.

Ушундай иш-аракеттерге жаштыгын, ден соолугун, ой-тилек, максат-мүдөөсүн үй-бүлө ынтымагын бузбаш үчүн курмандыкка чалып ийишет. Үй-бүлө анын жаштыгын, сулуулугун чогултуп алып бир күнү токпейил сыртка чыга берет.

Мурда биздин аталарыбыз үйүнөн эч качан чыгып кетишпесе, азыр ойлонбостон эле баарын таштап кетишке даярлар толтура. Жаш аял алыш үчүн, муздап бараткан тизесин жылытыш үчүн тиричилик, бала өстүрөм менен жүрүп жетишпей калган ырахатына эми баш баккысы келгендер көп.

Билинбей келген карылыкты жаш, сулуу, бары-жогу келишкен кылыктуу токол менен бейгам өткөрүүнү эңсегендер толтура.

"Байбиче" жалгыз. Балдар чоңоюп ар бири өзүнчө түтүн булатып кетишкен. Ар биринин өзүнүн үйү бар. Ата-эне болсо алда качан боз топурак алдына жашынган. Жаш кездеги достордун көбү ошол дуулдаган куракта калган. Иш да жок, кыйналбай жашоого жетерлик каражаты деле, мүмкүн, жетишпестир.

Андай "байбичелердин" бизде өзүнчө бир мууну пайда болду. Маалынан эрте турмуш арабасынан түшүп калгандар, өзү үчүн жашай элек арманын ичке түйгөн аялдар. Жаш эле туруп кемпир болуп калган апалар.

Алар аябай көп. Ар бирибиз ошондой аялдардын бирөөн же бир нечесин билебиз. Канча үй-бүлөлөр эркектин өзүмчүлдүгүнөн жапа чегишти экен?

Мага айрыкча алысыраак тууганыбыздын, базар болуп бапырап турган үй-бүлөнүн, үч баланы тарбиялап өстүргөн ата-эненин ушундай тагдырга туш келгени аябай өкүнтөт. Алардын ынтымагы тууралуу айылда аңыз кептердин аягы тынчу эмес. Экөө горбачевдук "кайра курууну" чогуу баштан кечиришти. Чогулуп келиштире үй курушту. Балдарын чоңойтушту. Мына эми карылыктын бактысына балкый турган, неберелерди эркелетер кез келгенде баары өзгөрүлдү. Мени өкүнткөнү - кызын күйөөгө берип жатканда жаңы келиндин атасы, байбичеси, токол апасынын үчөөнүн бир туруп калышы. Токолдун жашы күйөөгө узатып аткан бийкечтен бир аз эле улуу. А бирок экинчи апасы.

Гүлайым Айылчы

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG