Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Кумурскадан пил жасагандарга жооп


Муну жазбайт элем. Кечээ жумушка келсем Юрмалага конкурска кеткен ырчы жигит Айбек Бакытбековдун Кыргызстан тууралуу айтканы интернетти дуулдатып атыптыр. Айбектин сөз арасында “Кыргызстан - примитивная страна” дегени өзгөчө кыжырларын кайнатып жаткан экен. "Примитив" кыргызча “жөнөкөй” деген эле сөз. Бирок өтмө мааниси “артта калган, аң сезими тар” дегенди билдирет. Дал ушул маани кыжырды кайнатып атканы түшүнүктүү.

Менин да дароо ачуум келди. Керемет Кыргызстаныма себепсиз ылай сүрткөн кандай кемпай? Аны биз "Азаттык плюска" чакырып, үмүт менен узатпадык беле?!

Бирок эмоция туманы тарап, кантип эле бул жигит Кыргызстан тууралуу атайын ушинтип айтсын деген ой бийледи. Кантип өз өлкөсүн, ата-энеси, өзү жашап жаткан, кайтып келер өлкөсүн атайлап ушинтмек эле?! Жо-ок, билбестиктен го. Сөз маанисин билбегенден го...

Андан кийин ишке алаксып, көңүлдөн деле чыгарып койгон элем. Көңүл бурчу деле, Кыргызстандын имиджин түшүрчү деле маселе эмес. (Мындан жаман окуяларды көрүп, уга берип журналисттер бышы кулак болуп калбадыкпы). Бирок ошол күнү кечинде интернетти карай салсам, Кудай бетин салбасын, Айбекти "эл душманы", "тилин кесиш керек", "өлкөгө киргизбеш керек" деген пикирлер, Бишкектеги дарегин издеп, атүгүл жумуртка менен аэропорттон тосуп алчулар жайнап кетиптир. Болгону жанагындай адашкан бир сөз үчүн! Ким гана адашпайт?! Мен да, сиз да, ошол сиз идеалдуу деп эсептеген кумириңиз да адашат! Жаактан жаңылгандын баарын элдик сотко сүйрөй берсе жан калабы?

Ошентсе да, эптеп номерин таап, түнүндө Айбекке чалдым. Чын эле жаңылдыбы, же атайын айттыбы? Каргылданып, калтыраган үн менен “байке, билбей калдым, толкунданып атып, сөздү чаташтырып алдым, кийин монтаждан алгыла десем албай коюшуптур, Кыргызстан тууралуу кантип жаман айтайын” деп трубканын ары жагынан үнү дирилдейт. Кыргызстан меймандос өлкө экенин, кыздары ыймандуу экенин айтам деп жаңылып алганын үстү-үстүнө кайталайт. Бир аздан кийин бул тууралуу кыргыз, орус тилдеринде интернетке жазып, кечирим сурады.

Азыноолак ТВда иштеген адам катары жакшы билем. Камеранын сүрү бир кыйла. Айрым респонденттер камера алдында керек болсо атасынын атын эстей албай калган учурлар кездешет.

Мейли эми, кеп Айбекте эмес. Адашты, болду. Кеп биздин аң-сезимде. Жаңылган адамды акырын айтып түзөп койгондун ордуна ашатып, ур-тепки, төө бастыга алабыз. Талашсаңыз, толтура мисал санап бере алам.

Анан эринбей, сынчылардын Фейсбуктагы баракчаларына кирип чыктым. Айрымдарынын баракчасынан дегеле оң пикирлүү, позитив жыттанган статусту көрбөйсүң. Ошол эле учурда Кыргызстандагы толтура жакшы саамалыктар болууда. Бул “кыргызга күйгөндөрдү” ал жаңылыктар эмнеге кызыктырбайт? А баса, бул жигит тууралуу тигинтип тилден чалынганга чейин бир ооз эстедиңер беле?

Айбек болгону 20 жашта экен. Юрмаладагы сынакка өткөнгө чейин жарым финалга Кыргызстандан Курал Чокоев, Ислам Акматов баштаган тогуз ырчынын арасынан суурулуп чыккан экен. Албетте чечен айтыш эмес, ырдоо сынагы боюнча!

Ал эми Айбекти сындагандардын баары андан кыйла улуу экен. Жыйырма жашыбызда каерде, эмне кылып жүргөнүбүздү биз деле эстеп көрбөйлүбү? Прибалтикалыктардын деле колунда интернети, Кыргызстан тууралуу маалыматы бардыр. Бир Айбектен улам эле Кыргызстанды шылдыңдап отуруп калбаса керек. Дегеле ага чейин аппак белек? Мародерчулук, колу менен уят белги көрсөткөн министр, Жети-Өгүздөгү туристтик сезондо жолду тосуу, Ак үй астында котологон айдактама митингдер, “Зима не будет” (сериялары менен), акыркы эле, туристтердин көзүнчө Боомдогу болбогон жерден чыккан мушташтар... Дагы кайсы бирин санайын...

Мындан улам "Кыргызстандын абийири айрандай төгүлдү, уят болдук, ит болдук" дегендерди такыр түшүнбөйм. Тимеле Кыргызстан буга чейин аброюна чаң жукпаган, аппакай өлкө катары таанылып жүрүп эле, анан ушул жигит эле баарын былгытып койгонсуп кыйкырышат. Кыргызстан үчүн жолго кулаган бир ташты алып койбогон жарма патриотторго интернетке жыйылып алып, оңду-солду бирөөнү ушактаганга, соттогонго ким уруксат берди?

Же кыргыз сындаганга, шеф болгонго, жок жерден уруш чыгарып, төбөлөшкөнгө эле машпызбы? Бул блогду окуп, жаалдуу сынчылар эстерине келерине деле ишенбейм. Ошентсе да, төмөндөгүдөй жакшы саамалыктарды деле интернетке жазгылачы, байболгурлар.

Мисалы, Бишкекте Медер Койлубаев деген жигит италиялык атактуу “Ламборжини” деген машиненин макетин жасады, өзүндөй кылып.

Монголиядагы Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар командалык эсепте биринчи болушту.

Кыргызстандык Антонина Шевченко тээ атын эле араң угуп жүргөн Перуга барып, эл аралык турнирде баш байге утту.

Толтура да!

Жашоого жаркын көз караш менен карап, жаманчылыкты сабыр менен жеңүүгө чакырам, достор!
XS
SM
MD
LG