Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:20
Устатым түшүмө кирди

Өзү жалгыз жашайт экен. Үйү кудум Кубат акенин тоо үйүнө окшош, бирок суу боюна салыныптыр. Кадимкидей шаркыратманын жээгинде эки кабат үйдө турат. Туш-тарабы чытырман токой. Балконуна чыгып, эңкейип карасаң баш айланат. Суу сүрүнөн коркосуң. Балкондон ары узун көпүрө. Анысы алкынган суунун ортосуна жетет. Көпүрөнүн башына коюлган отургучтарга отуруп алып Мелис байке балык кармап атыптыр...

Мен кол булгасам келди. Унчукпайт. Жалгызсызбы? - дедим. Дале унчукпайт. Анан бир бөтөлкөнү ачып, кууш кеткен стакандарга суйуктук куйду. Ич деген ишаарат көргөздү да, анан өзүнүн колуна кармап, “кел эми алып жиберели” дейт. Баятан бери тилге келбей атып ооз ачканына сүйүнүп кеттим. Бирдеме дейин десем уккан жок. Карасам куюлган суйуктугун деле ичпептир. Ооз тийгизип эле ордунан туруп, белине чейин жеткен баштыгын мойнуна асып алып, төмөн түшүп кетти. Балконунан карасам үйүнүн бурчунан ары карай кетип баратат. Кимдир бирөөнү күтүп аткандай...

Ушул түшүмдү өткөн жумада көрүп чиймелеп койгом. Эмнеге кирди деп таң калгам. Бизден кеткенден кийинки жашаган жерин көрдүм деп жооткотком. Берген суйуктугун мүрөктүн суусу катары жакшылыкка жоругам. Жарымына чейин гана уурттаганыма өкүнүп калгам...

Сентябрдын он беши келип калыптыр көрсө...

Бүтүндөй биздин журтту карайлаткан күн эмес беле деп ошондон бери Мелис байке тууралуу эскерүү жаза элегиме ичим тыз деп алган...

8-сентябрь, 2011-жыл

8-сентябрь, 2011-жыл

Эскерүү жазгандан оңой не бар? Өткөн-кеткенин айтып, өзү жазгандай түшүмдөн чочуп “Асабанын” босогосун кантип аттаганымды, ал кишинин ишмердүүлүгүн, тубаса менежменттигин, көзүңдөн окуп койгон сезимталдыгын, жанда жок боорукердигин, оңойлук менен кек сактабаган айкөлдүгүн айтып божурап бермекмин.

Чынында журналистикага жаңы чыйыр салган, мурдагы совет доорундагы стилден башкача ыкма менен кирип, “Асаба”, "Агым" гезиттерин бүт элдин сүймөнчүлүгүнө айландырганын, Кыргызстандагы мурунку, азыркы белдүү журналисттери так ушул Эшимкановдун мектебинен чыкканын айтып да, жазып да түгөтө албайбыз го.

А бирок...

Ушул “сакадай бою сары алтын” адам бул жарык дүйнөдөн эрте кош айтышып кетет деген ой менен такыр келише албай койдум. Адатымча эле таң эртең менен жаңылыктарды ача салсам “Эшимканов дүйнө салды!” деп турат. Көргөн көзүмө ишенбедим.

Бөтөн жерде жалгыз жүргөнүңдө мындай ачуу кабар уккандан жаман нерсе жок экен. Эч кимге угулбасын деп эшигимди бекитип алып, өксүп ыйладым. “Апа, чоң адамдар да ушинтип ыйлайбы? Коркутпачы мени!” деген уулум көзүн каканактатып жанымда турду. “Ооба, чоң адамдар да ыйлайт. Эч ким алы жетпеген ажал жакшы адамдарыңды колдон жулуп кеткенде ушинтип ыйлайт. Сен төрөлгөнүңдө көтөрүп алып, редакцияга барсам ушул көзү өтүп кеткен киши сен үчүн жетине албай кубанды эле. Чөнтөгүн сыйпалап, жүз долларын көрүндүккө сунду эле” дедим. Жети жаштагы Байтик канчалык деңгээлде түшүндү билбейм. Ал эми менин жүрөгүмдөгү Эшимканов - камкор жетекчи, кайталангыс устат.

Ооба, каардуу да болчу...

Редакцияда темирдей тартип бар үчүн бир жумада үч гезитти тызылдап жүрүп чыгарар элек. Кудум чоң оркестрдин дирижерундай ким кайсы инструментти мыкты “ойной” аларын илгиртпей түшүнчү, ошого карай багыт берчү.

Биз тиш салалбаган аналитикалык макалаларды А,Токтомушев, Т,Казаков, Ш.Дүйшеев, Ж.Зарлыкбеков, М.Сабыров, С.Жумагулов, С.Курманова, К.Оторбаев ж.б. жашы улууларыбыз жазса, гезиттин “Жер тыңшаары, куюн Маамыты, көрөгөч Маамыты” биз болчубуз. “Жетим жүгүрүкпүз” деп күлүп калчумун.

Макаланы кыска, анан курч берүүгө үйрөтчү. “Жалаяктай токсон сөз эмес, тогуз сөзгө батырсаң болот”, “Жарабайт. Келегей жазыпсың” деп макалабыз планга кирбей калгандан жаман нерсе жок эле. Анан гезит таасирдүү чыккан күнү “ушул агаларыңардын арасында топурап, силер өсүп келе жатканыңарга сүйүнөм” деп эбедейи эзиле мактагандан кийинки “шедеврлерибиз” өзүнөн өзү төгүлүп турчу.

Үнү да коңур, жагымдуу эмес беле. Өзүн токтоо кармап, кичинекей коллектив эмес, бир аянтты ээлеген элди өзүнө ишенимдүү каратып, ораторлугу менен тартып алчу. Азыр Атамбаевди айтып атышпайбы. Миң жиниң келсе да, жаман көрө албайсың дешип. Эшимкановдо да ошондой касиет бар эле.

Иштебей койгондон кийинки негизги “жазасы” - штаттан тышкаркы кабарчы атына түшүрүп салуу болгон. Мен ошол “жазага” көп кабылдым. Айлакер кожоюнубуз арабызга интриганы да ыргытып, чыгармачыл конкуренцияны да түзүп койгонго өтө маш эле. Нечен жолу кагазды алдына ыргытып, эшикти тарс жаап кеткен күндөрүм болду. А бирок бир нече күндөн кийин эле көзүмдү жылтыратып келсем кайра кабыл ала берчү. Көрсө, редакцияда токсон адам болсок, токсон кыялыбызды ошентип көтөрчү тура.

Губернатордун гезитин “уурдап”

2000-жылы Мелис байке президенттикке талапкерлигин койгондо мен Жалал-Абаддагы ишенимдүү өкүлү болуп жүргөм. Шайлоого үч күн калганда чыккан гезит Жалал-Абадга барган күнү эртең менен аба майдандан эле обладминистрацияда иштеген кызматкерлердин айдоочусу дүңүнөн жүктөп кетиптир. Себебин эч ким билбейт. Алып кеткен автоунаанын ким экени белгилүү. Милициясына арыз жазсам кабыл кылбайт.

Себебин билмекке Мелис байкеге чалдым, “Издебей эле кой, Карамат. Бир эле Жалал-Абадда эмес, бүт аймактарга барган гезиттерди тартып алышты” деди. Мен ыза болдум. Тим кой дегенине карабай түз эле ошол кездеги облустук ИИБнин начендиги Акжол Камбаровго кирип кеттим. Ошондогу ызама чыдай албай, күзөттө отургандын кыйкырганын да тоготпой начендиктин эшигин тээп кирип барганым эсимде.

Жыйналыш болуп аткан экен. Баары мени жалт карашты. Мен келгенимдин себебин айттым. “Бул жерде бирөөнүн менчигин көз-көрүнөө талап алды. Кылмыш болуп жатат” деп коём дагы бала кыялымда.

“Гезитиңди обладминистрациядагылар алып кетишиптир. Бар, Жумалиевден сурап ал” деди. Мен түз эле обладминистрацияга бардым. Ошол кездеги губернатор Кубанычбек Жумалиевдин төмөнкү эшигин да күзөтчүлөр кайтарышчу. Мен барган кезде күзөтчүлөр жок экен. Түз эле үстүнкү кабатына чыгып кеттим. Бактыма секретаршасы да ордунда жок болуп чыкты. Түз эле Жумалиев отурган бөлмөгө баш бактым. Эки кабат эшигинин бирин колум менен ачып, экинчисин тээп кирдим. Жумалиев ордунан атып турду. “Саламатсызбы!” дегенден кийинки суроом эле “Гезит кана?” болуптур. “Менде гезит жок” деп эле эмне кыларын билбей кайсалактап калды. “Акжол Камбаров сиз алып кетти деп арызымды кабыл албай койду” дедим. “Чакырчы ошол Камбаровду” деп эшик жагына кайрыла бергенде кол телефону шыңгырап калып, анысын көтөрүп, кошумча бөлмөсүнө кирип кетти. Алдын карасам биздин “Асабанын” жаңы саны турат. Белгилеп, сызып алып окуп атыптыр. Чынында кайсы материал үчүн гезит тартып алынганы мага белгисиз эле. Мен дароо гезитти бүктөп сумкама салдым да, Жумалиев бөлмөдөн чыкканда ”анда Камбаровго азыр кайра барайын” деп чыгып кеттим. Көрсө Ак үй шайлоо өткөрүү боюнча жашыруун сценарийин “колго түшүп”, гезитке басылып кеткен экен.

Бир топ жыл өткөндөн кийин баягы Акжол Камбаров раматылык редакцияга келиптир. Сүйлөшүп калдык. “Кечирип кой, ошондо сен биздин бөлмөгө киргениңде гезитиң бурчта үйүлүп жаткан эле. Сени көрүп калбасын деп жүрөгүбүз түшкөнүн айт” дейт ымандай сырын төгүп. Бул - мен аралашкан бир эле окуя. Мындай окуянын канчасын өткөрдүк? Мелис байкенин сабырдуулугуна таң берем.

Көрсө, баарын ичине катчу тура

Баарын ичине ката берип, жүрөгүн аябаптыр. Эгер саясатка аралашпай койсо дагы бир топ жыл жашамак беле деп ойлоп кетем...

Коомчулукка “Мелистин мектебин” тургузуп койду, чыгармачылыкка 4-классынан келиптир, журналистикага жаңылык киргизгенин эч ким танбайт.

Ээлеген кызматы “кичинекей диктордон” тартып, “депутат Мелис”, КТРКнын президентине чейин жетти. Кыскасы, Кыргызстанда тааныбаган киши жок. Жанагы КРнын эмгек сиңирген ишмери наамы ушул кишиге илгери эле жарашмак. “Эл жазуучусу”, “Эл акыны”, “Эл ырчысы” деген бар “Эл журналисти” деп неге атай албайбыз? Албетте өзү ага көңүл бөлчү эмес. Ал үчүн “Мелис - реформатор, Мелис - авантюрист, Мелис - бунтарь, Мелис - демократ, Мелис - парадокс, Мелис - феномен” деген наам, сыйлыктары деле жетиштүү болчу. А бирок биз үчүн “устат Мелис” бойдон кала берет...

Карамат Токтобаева
Прага, 11-сентябрь, 2012-ж.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG