Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:28

Мектебимди сагынам


Кара деңиздеги Бүткүл союздук "Артек" пионер лагеринде СССРдин бардык тарабынан эң мыкты окуган окуучулар эс алышкан. (Акылбек Жумабаевдин өздүк архивинен сүрөт, 1982-жыл)
Кара деңиздеги Бүткүл союздук "Артек" пионер лагеринде СССРдин бардык тарабынан эң мыкты окуган окуучулар эс алышкан. (Акылбек Жумабаевдин өздүк архивинен сүрөт, 1982-жыл)
Төрт жыл мурун, 25-майда жазылып жөнөтүлбөй калган кат

Урматтуу классташтар, урматтуу биздин сүйүктүү агай-эжелерибиз, урматтуу 10 жылдыкты белгилеп жаткан мындан жыйырма жыл мурунку бөбөктөр, урматтуу 30 жыл мурун бизди биринчи класска тосуп алган ага-эжелер, быйыл биринчи класстын босогосун жаңыдан аттаган окуучулар ошондой эле салтанаттуу жыйындын катышуучулары, бүгүнкү 25-май майрамыңар менен! Ар кандай турмуш жолуна аттанткан өмүрдөгү эң бир эсте калчу күнүңөр менен!

Ушул катты жазып жатып мен баарын эстедим. Алгач мектеп босогосун аттагандагы апакай дубалдар, жаңы китептердин жыты мурдума келди. Жөжүрөп жетелешкен биз, Раймакан эжейибиздин «Саламатсыңарбы, кичинекей бөбөктөр!» деп кирип келгени, Мамелей агайдын «жыттуу алмасы», Кайырбү эжейдин кызыктуу жомоктору, Мейман агайдын «гуд бай, отургула урушпайы», Топчубай агайдын адабий китептери, Токтакун агайдын орус тили, Токтогүл эжейдин чыгармачыл ийрими, Алимжан агайдын «мужикче» тарбиясы, Сабыт агайдын эсептери, Нарзиякан эжейдин жылуу мээрими, Куштарбек агай менен Жамшит агайдын «ташка баскандай» тарыхы, Арымбек агайдын вулкандары ошондой эле Нурпаша эжейдин химия сабагынан кийин баарыбыз «химик» болобуз деген кыялдарыбыз, башкысы өмүрдөгү эч нерсеге алмашкыс ошол окуучулук күндөрдүн бүт баары көз алдыман тасмадай тизмектелип өттү.

Биз ким болбойлу кайда жүрбөйлү урматтуу мээрман агай-эжейлер, ушу сиздердин эмгегиңиздердин, тынымсыз түйшүгүңүздөрдүн үзүрү экенин белгилебей коюуга болбойт. Каатчылык заманда дале өз кесибиңиздерди таштабай жүргөнүңөр канча? Ошончо жыл бою тынымсыз түйшүктөнүп келатканыңыздар үчүн чоң рахмат дейбиз!

Мындан туура 30 жыл мурун мектеп босогосун ары аттап кетип баратып айрым эжекелерибиздин ыйлап жибергени, мурдунун суусун тарталбаган биз үчүн табышмак болгон эле. Көрсө, он жыл бою билим алган кичинекей мектептен биротоло кеткенге ичтин ачышканы, «ТУРМУШ» деген чоң мектептин босогосун атаар алдындагы жүрөксүнүү турбайбы....

Турмуш ушунусу менен кызык. Карагылачы, 20 жыл мурун биз тосуп алган 1-класстын окуучулары быйыл он жылдыгын өткөргөнү келишти. Алдыңар уул-кыз көрүп, айрымдарыңар белдүү кызматкер болгон чыгаарсыңар. Эң башкысы- АДАМ болууга жетишсеңер-ошол биздин сыймыгыбыз! Ал эми быйылкы бүтүрүүчүлөргө жана биринчи класстын окуучуларына айтарым, тегирмен ташы эртең эле ОН жылдыкты алып келип, алдыңарга таштайт. Абайлап көз салып, артыңа кылчая да албай калат экенсиң. Ошондуктан дайыма АЛГА! Бир гана ушул ыйык күндү, туңгуч мектебиңерди, ата-бабаларыбыз мекендеген аскалуу АЛАЙКУну унутпасаңар!

Урматтуу менин классташтарым, бүгүн силер тиягы Орусиядан, биягы Казакстандан, Бишкектен, Оштон, дагы башка жерлерден келип, жыйырма жылдан кийин жолугуп жатасыңар. Ушул убакыт ичинде аябай өзгөрдүк. Турмуш кайыгында ары-бери чайпалдык. Нелер баштан өтпөдү, кагылдык-согулдук. Азыр бири-бириңерди тиктеп, убакыттын закымдыгына таң калып олтурсаңар керек. А мен силерди, уядай мектебимди, коңгуроо үнүн аябай сагындым. Араңарда жыйырма жыл бою көрбөгөн классташтарым бар. Мектептеги ар бириңердин жоругуңар көз алдымда турат. Ар жылы 25-майда дарыя боюнан коңгуроо гүлүн издер элек.

Мындай жолугушуунун максаты-ошол кайрылгыс мезгилди эскерип, андагы баскан издерди да таап, кантсе да балачактын бир үзүмүн кайрып алгандай болуу эле. А бирок ушул жолкуда жете албай калдым. Аман болсок, бар болсок, ушул жараткан дүйнөдө жолугушуу деген түгөнбөй турса, акыр бир күнү барып калармын. Кайда жүрбөгүлө, ким болбогула биз баарыбыз бири-бирибиз үчүн КЛАССТАШ бойдон калабыз.

Саламым менен баарыңарды терең урматтаган окуучуңар, классташыңар, эжеңер, алыстагы мигрант бүтүрүүчүңөр.

Прага, 25-май 2009-жыл.
  • 16x9 Image

    Карамат Токтобаева

    1998-жылы КМУУнун журналистика факультетин аяктап, 1997-2003-жылы “Асаба”, “Агым” гезиттеринде эмгектенген. Баткен окуясында курман болгондорго арналган “Жоокерлер кушка айланып учуп жүрөт” аттуу эскерүү китептин автору. "Азаттыктын" блоггери, Прага шаарында жашайт.
XS
SM
MD
LG