Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?


Биздин бир эжебиз бар. Атын Зуура деп коелу, бир жылы кеселдеп, ары барып, бери келди. "Оору болдуң - кор болдуң" деген чын экен. Көрүнбөгөн догдуру, барбаган жери калбады. Айласы түгөнгөндө табыпка түштү, молдого дем салдырды.

Зуура эже кара жандын кайгысын тартып жүргөндө күтүлбөгөн иш болду. Күндөрдүн бир күнүндө күйөөсү башка аялга үйлөнүп алды.

Ошентип тоо боорунда 15 жыл мурда түптөлгөн кичинекей мамлекет кыйрап, анын негиздөөчүлөрү сөөк өчтү душманга айланды.

Бир чети күйөөнү деле түшүнсө болот. Оорукчан аял менен өмүр бою кыйналып жүрөмбү десе керек. Анүстүнө кайра-кайра дарылата берип тажады го...

Ошентсе да жигиттик кылып, аялга тиешелүү энчисин берсе болмок. Ага барбады. Көр-жер үчүн салгылашып, өлбөгөн жерде калды... Эл ары айтса да, бери айтса да көнбөдү...

Болбосо ошол үйдөгү оокатты, мал-жанды табууга аялдын деле салымы зор болчу. Көр тириликтен башы бошобой жүрүп, ден соолугуна да көңүл бурган эмес эле. Акыры минтип сынык тепшиге ээ болбой, көчөдө калды.

Экөө мүлк талашып, жарым жылдан ашуун соттун эшигин жыртышты. Зуура эже стресстин айынан ден соолугу ого бетер начарлап, кант диабетин илештирип алды. Кайрадан догдурдан догдурга сүйрөлдү. Ушундан кийин ал “кансыз согушту” токтотууну чечти. Баштан, көздөн садага кетсин деп, бар мүлкүнөн баш тартып койду. “Жеңиш” күйөө тарапка ооду.

Зуура эже азыр баласы менен башка айылда күн кечирүүдө. Амандык болсо дүнүйө табылат экен. Өз алдынча кыбырап атып, ирденип калды.

Экинчи тагдыр

Дагы бир таанышым Аселди жыйырмадан өткөндө алакачып кетишкен. Отурбай койсо деле болмок. Бирок “эски” көз карашта тарбия көргөн кыз ошол үйдө калып калды. Кетип калсам каргайт, багым ачылбай калат деп корксо керек. Болочок күйөөсү да өзүнө жагып дегендей...

Тилекке каршы, ак жоолук салган апалардын батасы аны кыйгап өттү. Болгону үч жыл гана жашаптыр. Отуз жылга тете ошол убакыт ичинде нелерди гана көрбөдү. Күйөөсү кылдан кыйкым тапкан аксым экен. Жашоосун тозокко айлантты.

Тамчы тама берсе, таш деле тешилет дейт. Зордук-зомбулук жанына батып, жүрөгү муздаганда келин басып кетти. Ошол кезде ал кара башын аман куткарганга гана сүйүнгөн.

Асел азыр баласын жалгыз багып жүрөт. Сот чечип берген алиментти деле кууп алган жок. Эми гана апасы арнап берген машинесин, бирин-экин малын ошол үйдө таштаганына ичи ачышып жүргөн кези. Убагында кайын-журтуна “ачкөз” көрүнгөндөн уялып, талашкан эмес. “Калыңыма эмес, кадырыма ыйлайм” дегендей, эми ошончо кордук көрсөткөн эркекке эң жакын адамынын мээнетин тебелеткени үчүн өкүнөт.

Үчүнчү тагдыр...

Алтынай турмушка чыгып атканда күйөөсү “биздин үйдүн салты боюнча тапкан айлыгыңды апама бересиң. Күнүмдүк турмушка менин тапканым жетет” деген. Келин жакшы жерде иштечү, шертти бузбай маянасын толугу менен кайненесине карматып жүрдү.

Жаңы баш кошуп жаткан жубайлар. Сүрөттүн макалага тиешеси жок
Жаңы баш кошуп жаткан жубайлар. Сүрөттүн макалага тиешеси жок

Бирок үйлөнгөнүнө төрт жыл толгондо жубайлар ойдо жок жерден эки башка жолго түштү. Күйөөсү алименттен качкан жок, бирок келиндин маңдай тери кайнене колунда кала берди. Бир-эки жолу сурап, кагуу жегенден кийин өзү деле түңүлдү окшойт. Азыр эми баласы менен батирде жашап жүрөт. Күйөөсү жашаган үй кичүү кайнисинин атына жазылгандыктан талаша алган жок. Ошол акчаны өзүм чогултсам, азыр жаңы конуштан жер сатып алмакмын деп айтып калат.

Үй-бүлө укугун сактасак...

Мен эски гезиттерди барактаганды жакшы көрөм. Өткөндө адатымча карап отуруп, белгилүү эле аткаминердин интервьюсун көрүп калдым. Кабарчы андан мурдагы үй-бүлөсү тууралуу сураган экен. Ага “мен ажырашканда үйдөн китептеримди гана алып кеткем” деп жооп бериптир. Ал агай ушул сапаты үчүн да сыйга татыктуу экен деп ойлоп калдым.

Болбосо азыр үйдөн “камчысын” гана сүйрөп чыгып кеткен мырзалар чанда эмеспи. Дагы бир нече жылдан кийин мындай март эркектер тууралуу китептен эле окуп калат окшойбуз. Көпчүлүгү майдаланып, дүнүйөкор болуп кетишкендей.

Кээ бир аталар ажырашкан кезде тең бөлүнчү мүлктөн, алименттен качып, балдарын өз энесине каршы тукурганга чейин барганын көрүп жүрөбүз. Энени балага, баланы энеге байлаган табият жибин үзүүдөн оор күнөө жок болсо керек...

Менимче, бул кыргыз коому үчүн жакшы жышаан эмес. Ортодо балдардын аң-сезими жабыркап, жашоого болгон көз карашы өзгөрүп жатпайбы. Энесине бербегени аз келгенсип, наристени өзү бакпай, туугандарына таштаган аталар канча. Ошол эле маалда анын кантип чоңоюп, ага кимдер кандай мамиле кыларына кызыгып жатышабы? Бул өзүнчө кеп кылчу маселе...

Жаңылбасам, мындан 10-15 жыл мурда теледен аялдардын укугу жөнүндө берүү кеткен. Ошондо бир байке (атын унутуп калыпмын) “Жаштар үйлөнгөндө сөзсүз нике келишим түзүшү керек” деп айткан. Чынын айтсам, бул сөзү мага анча жаккан эмес. Эмнени сүйлөп атат деп сындаган элем.

Мен анда нике келишим дегенди Голливуд жылдыздарынын “жумасына мынча жолу гүл бересиң” деген чыргоолугу катары түшүнчүмүн.

Кыргызстанда ажырашуудан аялдар көп жабыр тартаары айтылып келет. Сүрөттүн макалага тиешеси жок
Кыргызстанда ажырашуудан аялдар көп жабыр тартаары айтылып келет. Сүрөттүн макалага тиешеси жок

Азыр гана ошол байке туура айтканына ынанып жатпаймынбы. Көрсө нике келишим - бул кепилдик тура. Эгер андай документ болгондо жогорудагы мен жазган үч каарман сызга отурмак эместир. Аялын буюмдай көрүп, тажаганда таштап салган эркектер саал да болсо сестенмек. Канча деген аялдар “балдарым менен кайда барам?” деп тиштенип, зордук-зомбулук көрсө да чыдап жашап жүрүшөт. Алар деле колунда ишенимдүү документ болсо, өзүнүн да, балдарынын да нервин аяп, жаман эркексиз эле өз оокатын кылмак.

Ушул блогду жазаар алдында бир-эки юристке “Нике келишимдин пайдасы канчалык?” деп суроо узаттым.

Алар муну жубайлар ортосунда тең салмакты кармоочу документ катары сыпаттап беришти. Айталы, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдардын саны сээлдейт экен. “Кокус түгөйлөр ажырашып кетсе, үй, жер талаш деген баш оору жаралбайт. Күйөө ортодогу мүлктү бербей коюунун амалын кылып, туугандарынын атына жаздыра албайт. Эненин да, атанын да, баланын да укугу сакталат. Ата балага каралашпай басып кетпейт, эне баланы атасына жолуктурбай кое албайт” деп дагы көп нерселерди айтышты.

Тилекке каршы, бизде менталитет башка. Турмушка чыгып аткан кыз-келиндер “Кел эми, нике келишим түзүп коелу” деп батынып айта албайт. Биринчиден, уялат. Экинчиден, “Мага дүнүйө үчүн жар болосуңбу?” деген күйөөнүн таарынычынан коркот. Анан калса, жаңы үйлөнүп жатканда эч ким ажырашып кетем деп ойлобойт да.

Анда кандай кылабыз? Балким үй-бүлө жана анын укуктары тууралуу кыздарга да, балдарга да мектептен эле маалымат берүү жөндүүдүр. Жаш муунга ата-эненин милдети, аял-эркектин, баланын укугу тууралуу эрте эле айтуу зарыл. Анан жашоодо өйдө-ылдый болорун, ошондой жагдайда нике келишим болсо, ызы-чуу азыраак болорун түшүндүрүү кажеттир.

Албетте, бул менин жеке пикирим. Бул айткандарым көпчүлүк замандаштарга жакпашы да ыктымал. Бирок биз үй-бүлөнү кичинекей мамлекет деп айтабыз. Демек андай болсо анын мыйзамдарын, эрежелерин жаңы тепкичке көтөрүүгө жана сыйлоого мезгил жетти го дейм. Баары заманга жараша болушу керек эмеспи.

XS
SM
MD
LG