Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:21

"Кана эми, алып жибериңиз"


Кыргыз тойлорунун биринде. Ош, 2012-жыл
Кыргыз тойлорунун биринде. Ош, 2012-жыл
Күз келип келин алып, кыз берүү күчөгөн кез. Жакын туугандардын бири өткөн жумада ошондой салтанатка катышып келди. Турмушка чыккан эки карындашынын кайын-журту бир күндө астыга түшүп, куда тоскон экен.

Биздин тууган тейлөөчүлүк милдетти аткарыптыр. “Гүкүнүн барган жери ачык-айрым, жакшы кишилер экен. Тост сүйлөп ичип, ырдап олтурушту. Мекунун кайындары ичпейт экен, керсейишет өзүнчө эле”, - деди мурдун чүйрүп. Аялы “интеллигент үй-бүлө турбайбы” деди эле, “болсо эмне экен, жакшылыкка келгенден кийин ичиш керек да” деп какты.

Сыягы ак моюнду кыйнап ичирген жагынан астына киши салбаган агабыз “сунган колу сумсайганга” шагы сынгандай. Албетте той болгон жакшы, бирок “келген кишилер сөзсүз ичиши керек!” деген эреже барбы?

Айрыкча кудалашуу жөрөлгөсүндө “кыйнап ичирмей” каныбызга сиңип калгандай. Кыз бергендер да, кыз алгандар да бири-бирин ачкылга болушунча тойгузганга аракет кылат. Кыздын жеңелерин мас кылуу үчүн шыпылдаган келин менен жигит шайланат. Келин алган тарап болсо астыга барганда бир-эки стаканга “учуп” кетпеген күйөө жолдош жалдайт. Ал ишеничти актап, бардык “кыйноого” туруштук бериши керек. Ошону менен жинди сууну үч-төрт күн кууп ичеби же көргүсү келбей, ооруп калабы эрки менен ден соолугуна жараша.

Бир нече жыл мурда чет өлкөлүк жубайлардын интервьюсун окудум эле. Алар Кыргызстанды мактап келип, “баары жакты, бир гана кыйнамайыңар жакпады” деген жайы бар. Сыягы өз каалоосуна жараша гана ичип-жегендерге “кой эми, алып жибериңиз” деген орой угулса керек. Бизде болсо тетирисинче. Келген конок сасык тумоолоп атса, “микробду өлтүрөт, алып жибер” дейбиз. А түгүл операция болуп келгенине да карабайбыз, “шыпаа болот” деген сөзүбүз бар.

Ичпеген кишини “экиленет, бой көтөрөт” дейбиз. Кыйнап олтуруп мас кылгандан кийин чаң салса, ал да жакпайт. “Алына жараша эле ичпейби” деп кеп кылабыз.

Өткөндө жакын курбубуз тойго барып келген. Аябай капа болуп келиптир. Сурасак, “Жаныбызда момойгон байке олтурган. Ичине бир-эки стакан киргенден кийин ушунчалык кичипейил болуп чыга келди. Адегенде вино, анан коньяк, анан арак сунуштады. Бирок үчөөнөн тең баш тарттым. Ал буга таарына түшкөнбү, алагүү болгондон кийин ардемени айтып тийише баштады. Кийимиме, дене-турпатыма, кичи мекениме, жердеш саясатчыларга деги койчу баарына асылды. Мастан жинди качып кутулуптур дегендей, акырында таптакыр көңүл бурбай койдум. Той тараган кезде сыртка чыксам, бир жигит менен жакалашып жаткан экен” деп жатпайбы.

Көрсө курбумду таарынткан байке өз кесиптештери арасында мыкты “кыйнагыч” экен. Кайсы кечеге барбасын, кимди кыйнабасын мас кылган өнөрү менен атагы чыгыптыр. Тигинин ичпей, ал тургай көңүл бурбай койгонун бой көтөрүү катары кабыл алып, ага келген жинин башкадан чыгарган окшобойбу.

Ушундай эле окуяны өзүм да укканым бар. Төрөгөнүнө жарым ай болгон келинди күйөөсү отурушка ээрчитип барат. Ачык-айрым достор арасындагы “кыйнагыч” жаш келинге акидей асылып жатып ичирип коюптур. Бала эмизем дегенин кулак кырынан кетирет. Анан кызымтал болгон келин үйгө келгенде, баласын алып калган кайненеден өкүртө тил угат. Эртеси ымыркайдын ичи өтүп калган экен, “кызыңар эмитен арак ичет, тыйгыла” деп төркүнүн чакырат. Кыз берген тарап да буга катуу намыстанып “жаш неме уурттап коюптур, ошону чоң сөз кыласыңарбы?” деп алып кетмей болушат. Эки жаштын “ажырашпайбыз” деген сөзү гана жаалдангандардын демин басып, көп өтпөй өздөрүнчө бөлүнүп кетишет. Анткен менен келинге “аракеч” деген ылакап ат түбөлүк жармашат. Кайненеси ачуусу келген сайын ушинтип урушат. Жакын туугандары бала эмизген келинин той-топурга жиберип жатканда “баланчага окшоп ичпей кел” деп эскертүү беришет.

Тойдо го эми мейли, “ич” деп кыйнаса жарашат. Бирок бул адатты кайгылуу жагдайда жасаганыбыз абийирге жатабы. Башына мүшкүл түшкөн кишиге да ачууну ачуу басат деп шыкаган жайыбыз бар.

Кыргыздын айрым таланттарын дос сөрөйлөрү арак берип олтуруп, акыры тагдырын талкалап тынганы эл оозунда айтылып эле жүрөт.

Албетте шаан-шөкөттүн да, оюн-күлкүнүн да болгону жакшы. Бирок кыйнамайдын эмне кереги бар? Кааласа ичсин, каалабаса жөн эле жарык маанай менен олтуруп кетсин. Же жакшылыкты келгендер буттан жыгылгыча мас болушу үчүн гана өткөрөбүзбү?
XS
SM
MD
LG