Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:06

Жамийла жеңил ойлуу болгонбу?


"Жамийла" повести бир нече тилге которулган. Швейцария. 2013-жыл.

"Жамийла" повести бир нече тилге которулган. Швейцария. 2013-жыл.

Бүгүн, 12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Анын калемине таандык, өткөн кылымдын 50-жылдардын аягында жарык көргөн "Жамийла" повести боюнча талаш-тартыш ушу кезге чейин уланып келет.

Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" повести жарык көргөндөгү курч талаш-тартыштар биздин мезгилде кайра жанданып баратат. Анткени заман алмашкандагы коом менен жеке инсандын мамилесинде жаралуучу кыйчалыш жагдайлар "Жамийлада" алгач ирет ачыкка чыккан экен. Бүгүн да кыргыз көчү мындан ары кандай багыт менен жүрөт деген маселе кабыргасынан коюлуп, дал ушул «коом – үй-бүлө – инсан» катышына тиешелүү маселелер да орчундуу болуп жаткандыктан, бул темадагы түрдүү пикирлердин айтылышы мыйзам ченемдүү.

Курманжан даткадай болуу керекпи?

Кызыгы, дээрлик ошол доордогудай эле Жамийланы жектеген замандаштарыбыздын да көбү «окуган эмесмин, бирок оюмду айтып коёюн» дегендей үстүртөн баа беришет. Кыйласы окубаганын айтпайт, окуса да чыгарманын катмарланган терең идеясына тиши өтпөй калгандыгын моюнуна албайт.

Повесть жарык көргөн мезгилде Түгөлбай Сыдыкбеков баш болгон кыргыздын аксакал жазуучулары Айтматовго адептик эле эмес, саясий-идеологиялык да айып тагууга аракеттенишкен экен. «Күйөөсү кан майданда жүрсө, кайдагы бирөөнүн этегин кармап кетет деген эмне? Кыргыздын салтында эч качан мындай болгон эмес!». «Бул Ата Мекенин коргогон жоокердин кадыр-баркын тебелегенге барабар!». Эпостогу Олжобай менен Кишимжан, Аксаткын менен Мырза уулду эстебей, тарыхый инсандар катары белгилүү Ак Мөөр менен Болот, кечээги эле кудалашкан жерин чанып, күйөөсүнө барбай койгон Курманжан датка болгон эместей катуу жаалданышыптыр алар.

«Кан майданда жүргөндү» деле кичине тактап коёлу. Жамийла Садыктын тирүү келери же курман болору белгисиз кезде эмес, айылына аман келатканын анык билген чакта, «кайдагы бирөөнү» эмес, Ата Журту үчүн канын төгүп, жарадар болуп келген Даниярды ээрчип кеткен. Чындыгында согуш кезинде күйөөсүн чангандар эле эмес, бүгүн Жамийлага бөөдө жабыштырылып жаткан жоруктардын (ойношчулдук, жеңил ойлуулук, бузукулук ж.б.) баарын жасагандар жөнүндө жазган жазуучулар деле болгон, кийин деле жазышты, азыр андан бетер. Бирок алардын көпчүлүгү же бир беткей насаатчылдык менен чектелишет, же окурмандын бүйүрүн козгош үчүн гана эротика ж.б. жазышат. Ушул деңгээлден өйдө көтөрүлө алгандары өтө аз. Ал эми Айтматовдун повести таптакыр башка ыңгайда, башка деңгээлде, салыштыргыстай терең мазмундуу, көркөм жаратылган.

Рухий, инсандык деңгээли, өз алдынчалыгы жагынан өзүнө теңдеш адамды тапкан соң, күйөөсүнө салыштырмалуу анын канчалык жан дүйнөсү бай, руху бийик экендигин байкаган Жамийла Даниярдын сүйүүсүнө дароо эле жооп бере койгон эмес. «Күчкө салып ала качкан, түшүнүгү тайыз («катын деген чекеден чертмей») болсо да, ак никелүү жары саналган Садыктан кечип, айдаган малы же үстүндө үйү жок Даниярды ээрчип, ата-бабасы көрбөгөн чоочун жакка кеткенге чейин миң ойлонуп, миң толгонгондугу абдан ынанымдуу сүрөттөлгөн», - дейт филология илимдеринин кандидаты Айнура Кадырмамбетова. Бул жагынан тарыхый инсан Курманжан датка кыз кезинде алда канча чечкиндүүлүк кылган экен: кудалашкан жерин чанганда, Алымбек даткадай өзүнө теңдеш киши менен тагдыры кошуларын ал биле элек болгон.

Мен кыздардын баарын Курманжандай же Жамийладай болгула дегенден алысмын. Себеби ар ким эле булардай кайраттуу болуп төрөлбөйт, анан рухий, инсандык жактан жетиле албайт. Бул аялдардын тагдырын үстүрт түшүнүп алып, анча-мынча ырдап койгон же бой келбети сындуураак көрүнгөн эле бирөөлөрдү ээрчип кетип, балдарын тирүүлөй жетим кылып, өздөрү талаада калгандар жөнүндө сөз башка. Чындыгында адамдардын көбү, балким, басымдуу көпчүлүгү өз алдынча жоопкерчиликтүү кадам жасагыдай рухий куракка өсүп жетүүгө үлгүрбөй өтүп кетет бул дүйнөдөн.

«Туура жооп» жана инсандык жетилүү

Өзү билбегенден кийин билгендердин айтканын кылуу керек. Бирок билермандын билгени деле чектелүү, тайыз болуп чыккан учурлар көп кездешет. Натыйжада наадан бирөө же бүтүндөй наадандар тобу жеке адамдын тагдырын тебелеп кордойт, муну көрүп-билип турган аксакалдар да, жергиликтүү эл башчылары да унчукпайт. Дал ушундай жагдай Чыңгыз Айтматовдун шекерлик айылдаштарына жазган ачык катында абдан таасирдүү сүрөттөлгөн (караңыз: «Советская Киргизия», 1962-ж., 4-декабрь). Ошол катта баяндалган жүрөк титиреткидей окуя жөн эле кокустук эмес, ар кайсы деңгээлдегисин эске алганда, абдан кеңири жайылган көрүнүш болгон.

Азыр кыздын макулдугусуз, сыртынан кудалагандар жокко эсе. Ырас, күчкө салып ала качмай жапайычылык бар. Кызды өмүрүндө көрбөгөн бирөө бөктөрүп кетип жатат, мындай жорукту шариятка туура келбейт деп никени кыйбай койгон молдолор дээрлик кездешпейт.

Кыргыз коомунда илгертен үй-бүлө (көбүнчө – уруу) жеке кишиден көбүнчө жогору коюлуп келгендиги чын, бирок адамдын инсандык кадыр-баркы деле такыр баркталбай калган эмес. Азиядагы башка мусулман элдерге салыштырмалуу аялдардын паранжы жамынбагандыгы, кыздын да тандоосуна аздыр-көптүр мүмкүнчүлүк түзгөн жар көрүү, кыз оюн, сармерден, алты бакан селкинчек ж.б. зооктор сакталып келгендиги бекеринен эмес. «Керек сөздү келин айтат», «Асыл таштан, акыл жаштан», «Кыздын кырк чачы улуу», «Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет» сыяктуу макалдар кыргыз коомунун инсандык кристаллы илгертен эле бекемделип келгендигинен кабар берет.

…Адабий чыгармаларды мектепте окутуу көбүнчө кооз цитаталарды келтирүү, көнүмүш болуп калган калып-клишелердин алкагынан чыкпай, даяр пикирлерди түшүнбөсө да кайталай берүү сыяктуу «тотукуш» деңгээлде калууда. Окуучуну өз алдынча ой жүгүртүүгө, ар кандай көркөм образдарды жекече кабылдоого үйрөтө билген мугалимдер аз. Анүстүнө Совет доорундагыдай өйдө жактан «жактырылган» көз карашты бирден бир чындык деп эсептеген «ойлонуу» инерциясы али да күүсүнөн жана элек. Буга экзамендерде жакшы баа алуу үчүн «туура» жооп берүү зарылдыгы да кыйла таасир этет.

Баарынан жаманы – окуучунун мугалим же көпчүлүк жактаган пикирге ойлонбой эле ооп кетиши. Жаңы эле бой тартып келе жаткан жаштар тургай көптү көргөн, жогорку билимдүү адамдар да кээде болор-болбос желге жапырылган аты жаман бир чөптөй коомдук пикирдеги оомочулукка такаат бере албай калат же макул эмес экендигин ачык айтканга батынбайт.

Сүйүү деген добушка салып чече койчу маселелерден эмес.

Апкаарыткан ак толкун

Турмуштагы бул эзелки, түбөлүктүү феноменди – сүйүүнү жана анын көркөм чыгармаларда чагылдырылышын тайыз, үстүрт кабылдоо окурмандардын (көрүүчүлөрдүн, угуучулардын) көпчүлүгүнө мүнөздүү. Дегеле нукура көркөм аңгеме, повесть же роман кандайдыр бир чакырыкты, үгүттөө максатын көздөп жазылбайт. Адабият сабагында баёо реализм дегендин примитивдүү чен-өлчөмүнө салып баланчадай бол, түкүнчөнү жек көр деп (же тескерисинче) бүт класстын бутуна бирдей чокой кийгизген жарабайт.

Акырында айтаарым, сүйүү деген бар, бирок ал оңой эле жете койгудай арзан, жеңил-желпи нерсе эмес. «Алдейлеп турса кең мекен, Айчүрөк болуш эмне экен» десе Замирбек Үсөнбаевге, Мырза уул Аксаткынды, Токтогул Алымканды, Жеңижок Көксулууну, Данияр Жамийланы сүйсө менчелик сүйгөндүр деп апыртса Жолболду Алыбаевге жарашат. «Ошолорчолук сүйсөңүз Чолпонуңузду кандайча «алып-сатып күн көргөн» көп чайкоочунун бирине алдырып ийип отурасыз? Же күчкө салып уурдашкан болсо, неге Даниярчасынан барып ээрчитип кетпедиңиз?» - деп сурабай эле коёлу. Анткени туш келген кыздын баары эле Курманжандай өжөр, өктөм боло албайт да, жаагын жанып ырдагандын баары эле Алымбек даткадай чечкиндүү эмес.

Бул улуу сезим жашоо деңизинин алп толкунундай – албууттанып каптап келсе руху жетик, жылдызы жарык, дили таза, кайраттуу инсанды көккө серпип көкөлөтөт, пас кумарга кул болгон, кыска ойлонгон пендени жээктеги кумга, акыр-чикирге аралаштыра көмөлөтөт.

Сүйүү – жашоо деңизи. Ар ким өз медерине, дээрине, абийирине жараша тагдыр күтөт. Ач кулактан тынч кулак деп бассейн менен саунада эле ойноп же дегеле айда-жылда бир душка түшүп коюп жүрө берсе да болот, «элден кем калбай». Балдарын бакмак түгүл өзү аялынын иштеп тапканына жан багып, кырк күндүк дааватта кыдыргандан башканы билбеген, сүннөт деп ар кайсы аялдардын башын айлантчуларга тийип алса да болот (азыр ушундайлар чыгууда). Кыздар намыстуу болсо, Сибирге айдалган декабристтерди өз ыктыяры менен ээрчип кеткен алардын жубайларындай же маңкурттуктун кабат-кабат кара булуту уюлгуган идеологиялык асмандан саясий чагылган чартылдаганда кайратынан тайыбай, Төлөгөндү жөлөгөн маркум Адаш ападай болом десе да ар бир жаш кыз өзү чечсин.

Жаштарды жакшы жолго баштоо – улуулардын парзы. Бирок тажатма насаат, көр жеме, көркөм дүйнөнү тайыз, примитивдүү түшүндүрүп, кыялдын, эңсөөнүн сересиндеги кол жеткис элеске көө жаап бөчө кылгандан өткөн зыяндуу эч нерсе жок.

Жолдош Турдубаев, адабиятчы

P.S Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG