Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:40

Июнь окуяларынын беш жылдыгына карата улут аралык чатактын себептери тууралуу ой-пикир.

Ар кандай чырдын чыгышына алып келген негизги себептер жоюлбаса, кан төгүү менен коштолгон чатак убактылуу гана басылат да, анан түрмөк толкундай болуп кайра кайталана берет. Ошол ички себептерди колдон келишинче талдап көрөлү.

1. Ачкөздүк жана бийлик кумары

Улут аралык ынтымак ураанын дайым чакырып келген мамлекеттик саясат буга чейин иш жүзүндө ынтымактын эң зарыл шартын камсыздоого – калыстыкты бекемдөөгө, мыйзам үстөмдүгүн орнотууга багытталган эмес. Тескерисинче укук коргоо, сот органдары ар кандай талаштарды, чатак жагдайларды пара бергендердин пайдасына «чечүүнү» адатка айланткандыктан, кыжырдануунун сели ташкындап, көбүнчө бейкүнөө адамдар жабыр тартат. Улут биримдигин эмес, өзүнүн байлыгы менен бийлигин ойлогон төбөлдөр «разделяй и властвуй» («кайраштыр да, бийлей бер») деген кыянатчыл жобого таянарын көрсөтүп келген.

2. Социалдык адилетсиздик

Социалдык десе эле совет мезгилиндегидей шык-жөндөмүнө, иштеген-иштебегенине карабастан баарын бир көгөнгө тизген теңдемечиликти ойлобош керек. Азыр эч ким жалкоо менен иштермандын жашоо деңгээлин бирдей кыл деп талап койбойт. Базар экономикасынын башкы жобосун – таза атаандаштык шартын эле мамлекет камсыздап берсе, эл өзү азыркыдан беш эсе байып, бюджетке салыкты да ошончолук көп төгүп турмак.

Коомдогу акыйкат ушундай болушу керек эле. Бирок бизде күчтүүсү алсызын басмырлаган, мүлкүн тартып алган, басып алган бөрү заман, чөө заман орноду. Укук тартибин сактоого тийиш болгон милициянын бир бөлүгү бүлдүргүч саясаттын айынан погончон каракчыга айлантылды. Мите система мектепке чейин колун салып, сөөгү ката элек балдарды зулумдукка тарбиялай баштады.

Элдин канын соруп, өйдө жакта отурган желмогуздарга жеткирип туруучу спруттун жалмагычы (щупальца) катары шаардык мугалимдер да пайдаланылып калбадыбы? Ата-энелерден «ыктыярдуу түрдө» чогултулуучу акчанын негизги бөлүгү мектептин муктаждыгына, агайлар менен эжейлердин айлыгына эмес, бири-бирин кайталаган, мамлекетке бир тыйынча пайда келтирбеген мите түзүмдөрдүн башчыларына кетип жаткан жокпу?..

3. Кан кайнаткан карөзгөйлүк

Бул улут аралык ынтымакты ыдыратып, мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетире турган карөзгөйлүктүн айрым гана мисалдары. Уурусу күчтүүлүк кылып, ээсин доого жыккан мисалдар азыркы заманда өтө көп кездешет. Соттор бизде акчалуулардын гана кызыкчылыгын коргоп, ал эми мамлекеттик масштабда аткаруу бийлигинин саясый куралына айланып калган.

Мунун баарын көрүп турган калайык айласы кетип турду. "Колуңдан келгенин кылып ал, азыр заман биздики" деген жексурлардын алдында эл мүңкүрөдү, көп адамдардын кыжырдануусу жылдар бою аң-сезимин ууктуруп келди. Аптапта курушкан төөнүн моюн териси маңкурттун катуу чачын өскөн сайын кайырып мээсине сайылткан сыяктуу, карөзгөйлүктүн шириси элдин бир бөлүгүнүн акылын чидерлеп, эркин мокотту, сокур жек көрүмчүлдүктү күчөттү.

Жек көрүмчүлдүк – бул бирөөдөн көргөн запкы үчүн башкалардан өч алууга багытталган аң-сезим патологиясы. Мисалы, кайсы бир Хасандын зөөкүрдүгү, алдамчылыгы, бузуктугу ж. у. с. үчүн бардык өзбектерди жамандаган кыргыз же кайдагы бир Асандын ушундай акмакчылыгы үчүн кыргыздардын баарын жектеген өзбек ушул сокур сезимдин кулу болуп калат. Айрыкча бийликтегилердин коррупцияга малынгандыгы, сот жана милиция органдарынын парага сатылып, мал ээсин ууруга жыгып бергенге жеткендиги бул дүңүнөн жек көрүү сезимин ого бетер курчутат.

Эгер чатак кайталанбасын десек, соңку бир нече жылдагы ушундай иштерди кайрадан карап чыгып, карөзгөй судьяларды кызматынан биротоло айдоо үчүн бардык шарттарды түзүш керек. Сот бийлиги тазалануу жолуна өтүшү зарыл. Чынчылмын деген соттор өздөрү демилге көтөрүп, «бир карын майдагы кумалактардан» арылышы керек. Алардын буга күчү жетпеши толук ыктымал, анткени карында азыр май менен кумалактын (же кумалак чиритүүгө үлгүргөн массанын) кайсынысы көптүк кылары белгилүү эмеспи. Ошондуктан сот тутумун тазалоого бүтүндөй коомчулук катышуусу зарыл. Интернеттен атайын портал ачып, ар бир судьянын мыйзамга каршы иш-аракеттерин жарыялоо керек.

Пара алуу адаты өзүн актабаган тобокелдикке айланышы, ал эми мыйзамды сактоо пайдалуу, ишеничтүү көнүмүш болушу үчүн социалдык-экономикалык, укуктук, саясый, адеп-ахлактык өбөлгөлөрдү түзүү зарыл.

4. «Идиотология» жана неофашизм вирусу

Демократияны баш аламандык менен атайлап чаташтырган, адам укуктары менен эркиндиги деген түпкүлүктүү, өзөктүү түшүнүктү теңирден тескери кылып бурмалаган бийлик төбөлдөрү элди алаксытуу, алдоо, жубатуу каражаты катары… кыргыздын океан сындуу эпосу болгон «Манасты» пайдаланууга аракеттенди. «Биз эң…, эң …, эң ….» деген ээликтирме эпитеттер, реалдуу турмуш чындыгынан алыстатуучу апыртмалар, өткөн доорлорду ашкере идеалдаштырган бир жактуу «тарых», уруучул эгоизмге таянуу менен бийликке жетүү куралына айлантылган санжыра, акчага сатылгандардын ар кайсы динге, сектага азгырган руханий диверсиясы, жалпыга маалымдоо каражаттарында Сөз кудуретине жасалган чыккынчылык – ушунун баары массалык маңкуртташтыруу аракеттери экендигин аңдап билмейинче, биз эч качан оңоло албайбыз.

Далыга таптап, көкүтүп, силер кыйынсыңар, тегиңер мыкты, башкалар начар же жаман деп бири-бирине кайраштыруучу тышкы күчтөр да жок эмес. Ошондой аракеттердин бири – жалган генетикалык имиштер. Кыргыздын еврейлер, Алясканын индеецтери, жапондор ж. у. с. элдер менен тектештигин адистер эч кандай саясый (геосаясый) мүдөөсүз эле божомолдогон болушу да мүмкүн. Бирок ушундан саясат жасоонун кыргызга эч кандай пайдасы жок, зыяны гана бар. Айрыкча арий тукумубуз дегендей фашизм жыттанган сөздөр бизде эле эмес, кошуна республикаларда да көп айтылып жүргөнүн билип коюшубуз керек. Демек, Борбордук Азиядагы ар бир элди көкүтүп, кошуналарына кекирейген мамиле жасоого, касташууга түрткөн диверсия бар. Ушундай маалымат вирусу инсан катары жетилбей арабөк калгандардын аң сезимин уулантат, анткени калп менен чынды, бузук менен түзүктү иргегидей чыпка, элек алардын оозунда да, кулагында да жок.

«Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло» деген бабалардын сабагын унутпасак болор эле.

5. Өзөктөн чыккан өрт

Ушундай шартта түшүнүгү тар адамдар чагымчылардын куралы болуп калат. Биздеги адилетсиздикке башка улуттагылар гана күнөөлүү деген бир жактуу пикирди жайылткандар бар. Азыр саясый каршылаштарын теги башка деп, «таза кыргыз» идеясын элди бөлүп жаруучу бомбага айлантып жаткандар көбөйдү. Т.Касымбековдун «Сынган кылыч» романында буудайды «бийдай» дегенине карай кыпчактарды бөлөктөп, кырган окуяны баарыбыз билебиз. Тарыхта мындай кызыл кыргындар көп болгон. Бирок ошону кайталоо керекпи? Кимге?.. Тилиндеги тыбыштык өзгөчөлүктөргө карай бөтөндөрдү азыр да айырмалоого болот деп, дал ушул чыгармадагы мисалды маашырлана эскергендер бар.

Манастын курама уруулардан жыйган улуу кыргыз элин кокту-колот, сай-капчыгайга бөлүп кетүүгө, эргээжел «элдердин» хандары болууга умтулгандарды кантип тыябыз? «Тоо таштан, таш кумдан куралат» дейт дагы бири, кыргыздын уруулук түзүлүшүн абсолютташтырып. Бирок бүтүн турган ташты жарып, талкалап алсак, кайра кантип бириктиребиз? Эч качан кум кошулуп таш болбойт, сынык кайра бүтүн болбойт, өңү-түсү билинбеген бетонго гана пайдаланылышы мүмкүн. Кайсы бир империяга курулуш материалы сыяктуу жуурулушуп жутулуп кетпеш үчүн бүтүнүбүздү бүлдүрбөйлү, жиктеп, жиликтөөдөн этият бололу.

Тышкы душмандарыбыз, албетте, бар. Бирок эң коркунучтуусу бул эмес. Эгер сергегирээк карасак, көз карашы тар «улутчулдар» атайлап болбосо да, наадандыгынан элге кыянат иш кылып жатканын көрөбүз. Андыктан биздин шорубузду кайната турган караңгылык, энөөлүк, ээликмелик, ээрчимелик, кошаматчылык, ач көздүк, саясый, укуктук маселелерге аралаштырылып кеткен тууганчылдык, уруучулдук деген өздүк душмандарыбызды жеңе алабызбы? Кыргызга Манастын эң жакын чоросу Алмамбеттей күйгөн С.М.Абрамзон, Е.Поливанов, К.К.Юдахин сыяктуу «бөтөндөрдү» биздики деп таанысак, сыйласак, өзгөнү эле эмес, өзүбүздү да бөлүп-жарган жерикчелдик илдетинен айыгып, улут болобуз. (Бул жерде УЛУТ сөзү уруулук мамилелердин чегинен өйдө көтөрүлүп, жогорку сапатка өсүп жетилген, курамында эркин, кенен, терең ойлогон инсандары жетиштүү санда болгон этнос жана мыйзамдуулукка негизделген МАМЛЕКЕТ маанисинде колдонулду). Болбосо арам ойлуу көкчө, көзкамандардын, Абыке-Көбөштөрдүн жетегинде жүрө берерибиз анык.

6. Жалган жана чыныгы баатырдык

Согуштун катышуучуларынын аң-сезимине баатырдык, эрдик ж. у. с. түшүнүктөр зор таасир этери белгилүү. Манастай, анын кырк чоросундай, Курманбектей, Эр Табылдыдай, Жаңыл Мырзадай баатырлар элди душмандан коргоп, сактап келген. Соңку мезгилден карасак, Чолпонбайдын, Ашырбай Коёнкөзовдун жана башкалардын эрдигин эч ким жокко чыгара же баркын төмөндөтө албайт. Он эки жыл илгери Баткенге капилет басып кирген канкорлорду акчанын же башка өлкөлөрдүн күчү эмес, өзүбүздүн жигиттердин кайраты талкалап чыкканы эсибизде. 2010-жылы 7-апрелде көзгө атар желдеттердин огунан жалтанбай чыккандар жана июндагы тополоңду тынчытып, кагылышкан эки тарапты элдештиргендер да – чыныгы баатырлар.

Ал эми кыргызды кырылыштырган 19-кылымдагы айрым уруу башчыларынын «баатырдыгына» сын көз менен карашыбыз керек. «Биздин уруу ыйык, санжырасы жалпы кыргыздыкынан да ары кетет», - дейт өткөндө бирөө. «Багы жок элдин баатыры көп» деген сөз бекеринен чыккан эмес. Бүгүнкү жагдайда дал ушундай «баатырдыктан» сактануу керек. Бул ич ара жиктешүүнүн жана кошуналар менен кагылышуунун алдын алуу үчүн керек. «Таш боордуктун түпкү башаты – коркоктук» деген накыл кепти терең түшүнүүбүз зарыл.

7. Сөзүбүз айыктырабы же айыгыштырабы?

(сөз эркиндиги жана жоопкерчилиги жөнүндө)

Кайра куруу доорунда башталып, миңдеген адамдардын канын төккөн, узакка созулуп, Армения менен Азербайжандын экономикасын туңгуюкка кептеген Карабактагы согуш өртүнүн тутанышына эки журналисттин кайым айтышуусу түрткү болгон деген пикирдин жүйөсү бар. Ырас, ондогон жылдар бою топтолгон нааразылык, жек көрүмчүлдүк көлүнө ошол гезиттик материалдар акыркы тамган тамчы болуп кошулуп, эскилигинен бузуларына аз калган тыюу, коркутуу тосмосун жарып кеткен болушу да мүмкүн.

Албетте, сөз эркиндиги болгону жакшы. Окуяларды колдон келишинче так кабарлап турган журналисттерге эл ыраазы. Бирок эмоцияга алдырбай, ансыз деле толук басыла элек, кайра күч алып кетиши ыктымал жек көрүмчүлдүк отуна май чачпай иштөө талабын дайым көңүлдө тутуу керек. Анан пиар деген бир балээ бар – бул кадимки эле «бекти көрсө мактаган, бечараны каптаган» арзыматчылыктын жаңыча аталышы. Акча төлөгөндүгү үчүн желмогузду периштедей мактап же анын заказы боюнча каршылашын каралагандардын жоругу кыйыр түрдө болсо да коомдогу ынтымакка доо кетирет. Интернетте айрым маалымат агенттиктери, журналисттер арам акча үчүн 2010-жылдагы июнь окуясын атайылап бир жактуу чагылдыргандыгы да – ушундай бузукулуктун мисалы.

Айрыкча белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер ар бир сөзүн кылдат таразалап сүйлөшү зарыл. Бийлик башындагылдардын сөзү менен ишинин ортосунда ажырым болбошу керек.

Жолдош ТУРДУБАЕВ, адабиятчы

P.S Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG