Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:00

21-февраль Эне тил күнү катары 1999-жылы ЮНЕСКО тарабынан бекитилген. 2000-жылдан баштап ал эл аралык деңгээлде белгиленүүдө. Бул маданий мааракеге утурлай тил жөнүндө сөз кылалы.

«Мейкиндик» дегенде аалам, космос, галактика, Күн системасы, Жер шары, материк, континент… деп улам чектеп келип, өз өлкөбүздү, ал жайгашкан географиялык кеӊдикти, андагы биз жашаган шаарды же айылды, көчөнү, үйдү элестетебиз. Ушул зор дүйнө биздин алмадай башыбызга сыят, бул дүйнөнү кабылдап элестетүүбүз, аң-сезимибизде жигердүү, чыгармачыл түрдө кайра жаратышыбыз, ага болгон мамилебиз, эс тутумубуздун байышы же жардыланышы, эскирбес эзелкини көкүрөккө кыттай уютканыбыз же унутуп, маңкурттукка жакындаганыбыз – ушунун баары биздин рухий дүйнөбүздү – космосубузду түзөт. Ал эми рухий космос тилсиз болбойт.

Түркөйлүктүн мунарасы

Библиядагы Вавилон мунарасы тууралуу айтылган уламыш дал ушул тил маселесине тиешелүү. Бул метафоранын мааниси төмөндөгүдөй: эгер көпчүлүк эң туура, эң мыкты деп эсептеген кайсы бир тутумду (системаны) адамдардын бардыгы кабыл алып, анын чектеген чийимине, чапкан арыгына сыйбаган, тоталдуу жалпы багыттан бет бургандардын баарын жерип, жектеп, жоюуга аракеттенсе, анда ошол «эң мыкты», «туура» нерсе турмуштун көп кырдуулугун жымсалдап, тереңдигин тайыздантып, жашоонун улам жардыланып, куту учуп, бүлдүрүлүп бараткан байлыгын бир гана нукка салып коюшу мүмкүн экен. Мына ошондо эч качан бүтпөс мунараны куруу гана максаттын максатына айланып, адамдын жан дүйнөсү, сүйүүсү, инсандык жүзү бул мунаранын алдында түккө турбай калып, анын өмүрү ушул курулушка материал катары гана пайдаланылат экен.

Укмуштай терең мааниге ээ метафоранын биздин мурдагы советтик коомго карата да колдонулуп жүргөнү бекеринен эмес. Мамлекеттик түзүлүшү, экономикасы, өнөр жайы жана аскери кубаттуу улуттун тилин салыштырмалуу начар өнүккөн элдердин тилдерине каршы коюп, алардын кызмат аткарган чөйрөсүн улам тарытып отуруп жоюп салууга багытталган жалган интернационализм коомдун рухий өнүгүшүн туюкка камады. Бирок дал ушул саясаттын өзү түбөлүккө тургузулгансыган идеологиялык мунаранын болбой койбос кыйрашына алып келди.

Кыргыз тилинин келечеги жок, ал эртеби-кечпи башка өнүккөн тилге (мисалы, орус тилине) ордун бошотуп, жашоосун токтотот деген пикир бүгүн же кечээ эле жарала койгон эмес. Анын пайда болушуна ХХ кылымдын каардуу чындыгынын бир жагы себепчи: жүздөгөн тилдер бир кылымга жетпеген мезгил аралыгында ың-жыңсыз жок болуп кетти. Муну прогресс менен, адамзаттын тарыхый өнүгүшүнүн айныгыс мыйзам ченемдүүлүктөрү менен түшүндүрүшөт.

Ал эми прогресс деген эмне?

Бул татаал, көп кырдуу процесс. Анын сырткы, үстүнкү көрүнүшү жана ички, терең маңызы бар, объективдүү жана субъективдүү себептери бар. Анын жаңылантуучу, жандуу, позитивдүү мүмкүнчүлүктөрү бар, ошондой эле каптап кирсе каршысындагынын баарын тастайта тегиздеп, татаалдыкты беймаани чиеленишкендикке, жөнөкөйлүктү примитивизмге айлантып салуучу коркунучтуу күчкө ээ өлүк, жашоого каршы агымы да бар.

Кара күч менен мажбурлоону гана таанып калган көпчүлүк дал ушул жансыз, инерттүү агымдын эпкинине баш ийип, татаал процесстин ушул гана жагын байкаганга чамасы жетет. Мээнетсиз колго тийген байлыкты керектегенге, даярды ысырап пайдаланганга көнүп алган караламан калк баарына ойлонбой макул боло берет, каршылык көрсөтпөй багынат. Ушунун айынан бири-бири менен тыгыз байланыштуу табигый жана рухий экологиянын маселелери келип чыгууда. Тилдердин жоголушу сейрек кездешүүчү жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жок болуп кетиши, дайра, көлдөрдүн, деңиздердин соолушу, климаттын бузулушу, кыртыштын жансызданышы сыяктуу кесепеттер, кырсыктар менен бир катарда каралууга тийиш. Ар бир тилдин жоголушу – гомосферанын (Д.С.Лихачев) же ноосферанын (Вернадский, Тейяр де Шарден) жакырданышы, адамзаттын рухий космосунда ташкын дайранын, чалкыган деңиздин соолушу.

Жаратылыштагы орду толгус жоготуулар кийин климаттын, атмосферанын, кыртыштын, эзелки шайкештиктин (гармониялуу тең салмактуулуктун) бузулушуна алып келерин бүгүнкү реалдуулук көрсөтүп турат. Тилдин жашабай калышы – ал тилде сүйлөгөн улуттун жоголушу, демек, адамзаттын стандартташуусу, рухий мейкиндикте какыраган чөлдөр менен тасырайган асфальт жаап жаткан аянттын чоңоюшу. Ар бир тилдин жоголушу менен адамзат курчап турган дүйнөнүн миң кырдуу, миң сырдуу көрүнүшүн байкоо, кабылдоо мүмкүнчүлүгүнөн аз-аздан ажырай берет. «Атын атаса куту сүйүнөт» деп бекеринен айтылган эмес: нерселерди, заттарды, белгилерди, кыймыл-аракеттерди туура атап, алардын өз ара байланыштарын чексиз көп түрдүүлүгү менен туюнта билсин деп бизге кудай тил берген.

Көп түрдүүлүк – адамзаттын сакталышынын кепили

Ушул чексиз көп түрдүүлүктү бүт бойдон толук туюнтууга бир дагы тил жеке өзү турганда кудурети жетпейт. «Жеңип чыккан», «улуу, күч-кубаттуу, адилеттүү» тил андан ары өнүкпөйт, байыбайт, анткени ага кошуна жашаган, улам азыктандырып, жандандырып турган башка тилдер жок болот. Саясий, аскердик жана экономикалык кызыкчылыктарды гана биринчи орунга койгон адамзат акыр түбү саясий интригалардын оюнчугуна, «мөөрөйгө» төлөнүүчү байгесине, аскердик кагылышуулар менен тирешүүлөрдүн тактекелерине (айтканды илгиртпей аткарчу куурчактарына), авантюристтердин кумарын кандырган кыргын, кыйроолордун курмандыгына, «өндүрүштүк мамилелердин» ыктыярдуу кулдарына, суроо-талап жана сунуш механизминин “бурамаларына” айланат. Жашоонун кунары учат, өмүрдүн мааниси кетет. «Бирден-бир туура» стандарттар диктатурасы толугу менен жеңгенде, адамзат тарыхында дагы бир Вавилон мунарасы кыйрап, урап түшүп, жер менен жексен болот…

Акыр заман же кыямат кайымдын келиши биздин эркибизден көз каранды эмес, ал кудайдын амиринен же илимий тил менен айтканда, объективдүү мыйзам ченемдүүлүктөр аркылуу ишке ашуучу, болбой койбос, тарыхый процесс дегендер көп. Албетте, мунун да жүйөсү бар, бирок агым ушундай экен, шамалдын соккон багыты ушул экен, деп кол куушуруп туруп бериш – оңойдун оңою. Жансыз, инерттүү кыймылдын эпкинине оп тартыла кошо чарк айлана берүү үчүн акылдын да, эрктин да, жоопкерчиликтүү кадамдын да кереги жок. Бирин-бири коштоп, күчөтүп, ырбатып, үстү-үстүнө кошул-ташыл болуп, каршысындагынын баарын жапырып келаткан рухий жана табигый апааттардын жолуна бөгөт койгудай, «болбой койбос» процесстерди жок дегенде акырындатканга жарагыдай бир эле күч бар – бул табияттагы жана ноосферадагы (Жердин адам, анын мүдөөсү, маданий, рухий умтулуулары, аракеттери өкүм сүргөн катмарындагы) көп түрдүүлүк, адамдын чыгармачыл, жаратман деми.

Миӊ кырдуу карым-катышта өз ара таасир менен бири бирин толуктап, байытып, жаӊылантып, жашартып турган ар бир жеке көрүнүштүн ички даремети (потенциалы) бөөдө кедергилерди кыйгай өтүп, мүмкүн болушунча толугураак ачылса, жетилип, баралына келсе гана Жалпынын (Жердин, Жашоонун, Адамзаттын) жаңы сапаттык абалга көтөрүлүп өтүшү мүмкүн экендиги жөнүндө Тейяр де Шарден «Адам феномени» деген эмгегинде жазган. Ошол таптакыр жаңы доорго адамзаттын ийгиликтүү өтө алышы үчүн биз – кыргыздар өз салымыбызды кошолу десек, анда жутулуп, сиңип кетүүгө шашпай (буга дайым үлгүрөбүз, бул баарынан оңой), тилибизди, маданиятыбызды сактап калуу менен эле чектелбей, мындан ары дүйнөлүк деңгээлге жеткире өнүктүрүүгө бар күчүбүздү, мээнетибизди жумшообуз керек, күрөшүүгө тийишпиз.

Элдин эркиндеги иш

Бул иште эң баштапкы жана анык бирдик катары жеке инсан алынат. Дал ушул инсанды тарбиялоо, ар бир адамдын дээриндеги, табиятындагы жаратман, чыгармачыл дареметтин ачылышына, толук ишке ашуусуна шарт түзүү – бул биринчи кезекте жеке инсандын, анан үй-бүлөнүн, чөйрөнүн, коомдун, мамлекеттин … милдети. Бул жашоодо бийликке жана байлыкка гана умтулуп, бул экөө үчүн баарын: сүйүүсүн да, бийик изги мүдөөсүн да, жерин да, элин да курмандыкка чалып коюуга даяр киши-масса болобу же өз абийиринин үнүн уга алган, укугу менен ажырагыс бирдикте милдетин, эркиндиги менен жоопкерчилигин бир бүтүндүктө аӊдай билип, адам деген атка татыктуу жашоо үчүн мээнеттенүүдөн, күрөшүүдөн талбаган инсан болобу – бул эң оболу жеке адамдын эркине байланыштуу. Улуттук деӊгээлден алганда, «объективдүү процесске» унчукпай макул болуп, тилибизден, дилибизден айрылып, стандарт массага жуурулушуп, жутулуп кетебизби же улут катары, мамлекет катары өсүп-өнүгөбүзбү – бул, эгерде эл мыйзамдуулуктун улам жетик, ырааттуу, тутумдуу деңгээлге иш жүзүндө өсүшү үчүн күрөшсө – элдин эркиндеги, анан, баса белгилей кетүү керек, мамлекет жетекчилеринин жоопкерчилигиндеги иш.

Жолдош ТУРДУБАЕВ

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG