Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:29

Бүгүн дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө эл аралык Эне тил күнү белгиленүүдө. 21-февраль - Эне тил күнү катары 1999-жылы ЮНЕСКО тарабынан бекитилип, 2000-жылдан тарта белгилене баштаган. Ага байланыштуу кыргыз тилиндеги китептер менен адабияттардын электрондук вариантын кантип байытуу керек деген маселени козгойбуз.

Кыргыз тилинин улуттук корпусун түзөлү

Google translate кыргызча иштей баштады деген жаңылык барыбызды кубантты. Албетте, алгач ирет жүзөгө ашырылып жаткан иштин кемчилиги болбой койбойт. Аларды жоюу үчүн интернетке кыргыз тилиндеги тексттерди колдон келишинче көп жайгаштыруу зарыл. Мунсуз компьютердик котормо да жакшы иштебейт, тилибиздин жашоо чөйрөсү да кеңейбестен, улам тарый берет.

Анткени китепти бекер чыгарган социалисттик заман жок, андай доор эми кайра келбестиги да бештен белгилүү. Илгери «Кыргызстан маданияты», «Ала-Тоо», «Чалкан» ж.б. гезит-журналдарды ар бир чабандын кончунан көрүп жүргөн болсок, азыр орус тилинде деле кагаз түрүндөгү басылмалардын, мисалы, «Новый мир», «Знамя» ж.б. журналдардын нускасы өп-чап болуп, символикалуу көрсөткүчкө түшүп калды. Маалыматтын негизги бөлүгү электрондук калыпка өтө баштады. Азыркы доордо цивилизациялуу жашоону интернетсиз элестетүү мүмкүн эмес, ошондуктан бүгүнкү шартта бир дагы элдин рухий мейкиндиги кагаз түрүндөгү китеп, гезит, журналдар менен гана чектелип кала албайт. Жалаң кагазда гана чыккан текст илгеркидей кеңири элге жетпейт, ушундай чектөөгө кириптер болгон тил өнүкпөй, бара-бара жоюлуп кетет.

Google translate сыяктуу автоматтык которуу, редакциялоо программаларына кыргыз тилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн биз кыргызча жазылган тексттерди мүмкүн болушунча көпчүлүгүн санариптештирип (цифралаштырып, б.а. электрондук түргө келтирип), интернетке жайгаштыруубуз зарыл. Эгер ушуга жетишсек, тилибиздин сакталып, өнүгүшүнө зор өбөлгө түзүлөрү анык. Анткени түрдүү сөз айкаштарынын, түрмөктөрдүн түркүн варианттарын кагаздагыга салыштырмалуу электрондук тексттерден издеп табуу миң эсе оңой.

Чындыгында мурда жарык көргөн (кыйласы эч жерде чыкпай да калган) кыргызча көркөм, илимий, публицистикалык ж.б. адабияттардын негизги бөлүгү, тилекке каршы, эч качан кайра бастырылып чыкпайт. Ырас, ортозаар китептерди жаңылап чыгаруунун кажети деле жок. Бирок идеологиялык (утурумдук саясатка туура келбей калгандыгына) же жекече субъективдүү себептерге (табиттин өнүкпөгөндүгүнө, атаандаштардын ич тардыгына, чыгармачыл чөйрөдөгү, Жазуучулар союзундагы жаатчылдыкка ж.б.у.с.) байланыштуу калпыс бааланып калган көркөм чыгармалар да болушу ыктымал, алар элге жетпеген бойдон унутулуп кетпеши керек. Кайсынысы мыкты, кайсынысы начар экендигин кайрадан элдин таразасына коюуга кезек келди окшойт.

«Улуттук корпусту түзүүчүлөр үчүн китептин кызыктыгы же пайдалуулугу, көркөм же илимий баалуулугу мааниге ээ, бирок эң башкысы булар эмес. Электрондук китепканадан айырмаланып, улуттук корпус – бул «кызыктуу» же «пайдалуу» тексттердин жыйнагы эмес; бул тилди изилдөө үчүн кызыктуу жана пайдалуу тексттердин жыйнагы. Мындай баага көркөм адабияттагы классикалык чыгармалар менен катар анча таанылбаган жазуучунун романы да, демейки эле телефондогу сүйлөшүүнүн жазып алынган түрү да, ижара келишиминин үлгүсү да арзышы мүмкүн».

(Википедиядагы улуттук тил корпусу жөнүндөгү макаладан: http://www.ruscorpora.ru/corpora-intro.html )

Кыргыз тилиндей өнүгө албай жаткан тилдер үчүн «начар» китептердин деле электрондук форматтагысы сакталганы жакшы – буга тонналаган кагаз же басууга бойок, басмаканадагылардын түйшүгү талап кылынбайт. Электрондук китеп кагаздагыдан жүздөгөн эсе арзан, көчүрүп көбөйтүлүшү да өтө оңой. Айрыкча котормо адабияттарды четинен текши санариптештирип, кыргызчасы менен табылышы мүмкүн болгон бардык тилдердеги башка варианттарын жанаштыра жайгаштыруу зарыл. Дүйнөлүк жана орус адабияттарынын мыкты үлгүлөрүнөн тартып Маркс, Энгельс, Лениндин томдоруна чейинки миңдеген китептерди кыргызча менен орусчаны абдан жакшы билген адистер которгон. Мисалы, Лев Толстойдун «Согуш жана тынчтык» эпопеясы, «Анна Каренина» ж.б. романдары Борбордук Азияда кыргыз тилине эң мыкты которулган экен деп биз студент кезде котормо теориясы жана практикасы сабагынан тапшырма аткарганыбызда орусиялык окутуучулар баа беришкен.

Эгер С.Бектурсунов, О.Орозбаев сыяктуу классик котормочулардын эмгектери тийиштүү тексттердин оригиналдары менен жанаша атайын сайтка коюлса абдан жакшы болмок. Ошондо дээрлик каалагандай түрмөктүн кыргызча эң таасын туюнтулушун алып, фразеологиялык сөздүктү ондогон эсе байытууга жол ачылмак. Азыр жарым барак текст жаза албай, тилди жеригендердин көзүнө сая көрсөтүш үчүн абдан сонун үлгүлөр табылат эле. Google translateге да эң жакшы таяныч болмок тил корпусу.

Ырас, азыр ky-pedia (айтылуу википедиянын кыргызчасы) түптөлө баштады, жалаң кыргыз тилине, адабиятына, тарыхына ж.б. арналган сайттар көбөйүүдө. К.К.Юдахиндин орусча-кыргызча, кыргызча-орусча сөздүктөрү (айтмакчы, буларды ал эмес мен түзгөнмүн деп раматылык Кусейин Карасаев жазып кеткени да бар), «Манас» баш болгон элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрү, «Кыргыз поэзиясынын антологиясы» интернетке коюлду. Бирок баары бир азырынча электрондук түрдөгү кыргызча тексттер өтө аз – кагаз түрүндө чыккандын жүздөн бирине жетпейт. Далай авторлордун кагаз китептеринин акыркы нускалары жыртылып жок болууда – кайра ким бастырып чыгарат? Демек, соолуп бараткан көлгө окшогон кыргызча адабият массасын электрондук түргө келтирүүгө шашылуу керек.

Мукай Элебаев, Жусуп Турусбеков, Алыкул Осмонов, эки Касым (Тыныстанов менен Каимов), Түгөлбай Сыдыкбеков, Аалы Токомбаев, Мурза Гапаров, Жолон Мамытов, Төлөгөн Касымбеков, Табылды Муканов, Тургунбай Эргешов жана башка акын-жазуучулардан калган мурас интернетке сөзсүз чыгарылышы зарыл. Азыр болсо Чыңгыз Айтматовдун кыргыз тилиндеги чыгармалары Интернетте жокко эсе – бул абдан өкүнүчтүү.

Автордук укукка байланышкан менчик маселелерин Кыргызпатент, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жана Жазуучулар союзу биргелешип чечсе болор эле. Юридикалык жактан мураскер болуп калгандар да чөп коруган итке окшобой, элдикин элге акылга сыярлык баада же бекер эле берсе туура болмок. Пайда көрүүгө умтулушса, кагаз түрүндөгү китептердин көпчүлүгү азыр атүгүл орус тилинде деле өзүн актабай калгандыгын эске алышсын да. Болбосо мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө деп жыл сайын ажыратылуучу каражаттын бир бөлүгүн ушул маселени чечүүгө жумшоо керек. Айрыкча диалектологиялык, түшүндүрмө, синонимдер, антонимдер ж.б. сөздүктөрдүн, тилдин грамматикасы боюнча мурдагы окуу китептердин баарын Интернетке койдуруу зарыл. Балким, авторлоруна тийиштүү өлчөмдөгү калем акыны мамлекет эсебинен төлөп, жаңы эмгектерди экинчи чыгарылышынан кийин атайын сайтка жайгаштырса болор.

Жолдош ТУРДУБАЕВ

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG