Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:40

Публицист Жолдош Турдубаевдин бул жолку блогу эстетикалык табитти кантип өнүктүрөбүз деген темага арналды.

Ш.Дүйшеев какшап ырга салган кайдыгерлик, карыган энесин бакпай, балдарын таштап кетчүлөрдүн мерездиги, саясаттагы «ОБОНчулар» менен сахнадагы жеңил-желпи обончулар, «такыба» чүмбөттүн модага айланышы ж.б.у.с. көрүнүштөргө көркөм табиттин өспөй калгандыгы да себепкер.

Жашоо даамы

Күн нуру бакка төгүлүп, түркүн куш түрдүү үн салып, кыткылыктап бөбөктөр күлүп ойноп жүрсө да, сыркоолоп калган же бир нерсеге катуу кыжаалат болгон адамдын кабагы ачылбайт. Маанайы чөгүп турганда кишинин баарлашууга, калемпир-мурчтуу сөзгө, таттуу тамакка көңүлү чаппайт.

Дүйнөдөгү эң бай кишилердин бири, мунайзат компаниясынын ээси сейрек кездешүүчү илдетке чалдыгып, тили даам сезбей калган дешет. Миллиарддаган акчасын сунуштаса да, дарыгерлер аны айыктыра албаптыр…

Рухий даремет

Бул өмүрдө акчага сатылбай, жаралышы менен мурасталышы эч кайсы бийликке баш ийбей турган дөөлөттөр бар. Ошолордун бири – көркөм табит. Нукура талант, көркөм наркты жетик баалай билген туюм, кеменгер чыгарма жаратуучу рухий даремет ар бир адамда болушу мүмкүн. Сөзсүз эле симфония, роман, картина же философиялык эссе жазбаса да, өзүнүн кайталангыс шык-жөндөмүнө жараша ажайып бак өстүрө, көргөндү суктанткан көркөм үй кура, кооз буюм жасап, укмуш алет (прибор), техника ж.у.с. ойлоп таба алат, же жок дегенде чыныгы көркөм дөөлөттөрдөн куру калбай, окурман, көрөрман, угарман катары жан дүйнөсүн байытып жүрө алат эмеспи. Бирок көр тирликтин чаң-тозоңуна көмүлүп, опкоктукка (соргоктукка), утурумдук азгырыкка, напсиге, курулай дымакка, байлык, бийлик кумарына жеңдирип отуруп, адамдардын көпчүлүгүнүн көкүрөгү сокур, дили керең, боору таш, тили супсак (же көбүнчө ушак айтуу менен сөгүнүүгө ылайыкталган заар) тартып калат окшойт…

Эмне үчүн?..

Эң изги, сонун, кооз, сулуу нерселер менен катар эң балит, жексур, бетпак көрүнүштөр аралаш болгон бул дүйнөдө нукура менен жасалманы, чындык менен жалганды айра таануу мүмкүнчүлүгүнө көркөм табитин өнүктүргөн адам гана жете алат. Балким, ар бир наристеде болор бул сезимдин бүчүрү дили керең, боору таш, көкүрөгү сокур чоңдордун «тарбиясына» тушугуп, анан көр тирликтин чаң-тозоңуна көмүлүп калып жаткандыр?..

Эмне үчүн кыялдагыдай (бейиштегидей) гармонияга адам көзү тирүү кезинде, жаштык деми жалындап, анан акылы гүлдөп турган курагында жетишүүгө чындап умтулбайт? Эмне үчүн ал ич тардыктын, сокур намыстын, куру дымактын, ээрчимеликтин, утурумдук моданын туткунунан бошоно албай, жарык дүйнөдөгү жашоосун тозокко айланта берет? Эмне үчүн азыр баш-аягы да, дегеле эч кандай мааниси да жок сериалдар, мыкаачылыкты, зөөкүрлүктү, бузукулукту, сойкулукту жугуштуу оорудай жайылткан видеотасмалар, компьютердик оюндар калктын аң-сезимин ээлеп алган? Эмне үчүн көпчүлүк тамшанып уккан ырларда «күрмө» менен «түрмө», «кербез» менен «кербен» айырмаланбай, «дүрүдүм», «нананей», «эрдиниң» ж.б. беймаани «сөздөр» жайнайт?..

Сапар соңундагы «Саринжи-Бөкөй»

Атамдын бир тууган иниси Сапи акем онкология институтунда текшерүүдөн өтүү үчүн келип, анализдердин жыйынтыгы чыкканга чейин менин үйүмдө туруп калды. Айыкпас илдетке чалдыкканын астыртан сезе баштаса да, жашоодон үмүтүн үзбөгөн акем менен биринчи да, акыркы да ирет сырдашууну тагдыр буйруган экен ошондо. (Экөөбүздүн мүнөзүбүз, кызыкчылыгыбыз эки башка болгондуктанбы, мурда эч качан минтип чер жаза сүйлөшпөптүрбүз). Өткөн-кеткенден эскерип, далай армандарын айтты. Эң жакшы көргөн жандыгы жылкы эле. Атасыз калган балдарын багам деп жүрүп чоң энебиз кышкы Мөк-Суудан кантип жылаңайлак кечкенин (муздун калдайган сыныктары агып келип бутуна тийгенде жыгылып кете жаздап араң өткөн экен); өзү боз улан курагында Өзбекстандын колхоздорунда кой багып жүргөнүн; ай-күнү жетип калганда төркүнүнө барган келинчегинен кабар алуу үчүн улуу дайрадан атчан сүзүп-кечип өткөндө катуу коркконун; улакты такымга басып топтон суурулганда октой сызып, эч кимге жеткирбеген тору атын; балдары тегиз бой жетип калган чакта авариядан көз жумган өмүр шеригин… дагы башка көп окуяларды эстеп, бирде ыйлап, бирде жыргап күлгөнү азыр да көз алдымда.

Эки күндөн кийин

- Эми мен бир аз иштейин. Эс алыңыз, зериксеңиз угуп отуруңуз, - деп радио коюп берип, өзүм кагаз-калемимди колго алдым. Кыйла убакыттан соң комуз күүлөрү жаңыра баштады. Бир нече күүдөн кийин:

- Ушул! Ушул! – деп акем ордунан тура калды.

- Эмнени айтасыз? – десем, бир чоң тойдо уккан комуз күүсүн дагы уксам деп эңсеп жүргөнүн, азыр дал ошол күү чертилип жатканын айтып, жаш баладай сүйүнүп, тыңшап турду.

Күү чертилип бүткөн соң анын өзөк окуясын акеме билгенимче айтып бердим. Бул жакын туугандардын касташуусун баяндаган «Саринжи-Бөкөй» эле.

Азыр ошондогу кошумчалоодон тартынган эки нерсе кайрадан эсиме түштү. Жыйырма жылдай илгери интервью берип жатып, композитор Муратбек Бегалиев Улуттук консерваториянын студенттери онкологиялык оорулар үчүн атайын концерт коюп турарын айткан эле. Классикалык жана эзелки элдик музыканын дарылык касиети бар экен – ал атүгүл рактын азабын да жеңилдетет тура!

Өспүрүм чагымда бир карыянын: «Ажал жетип көз жумганда бейишке түшө турган адамдын кулагында укмуштай ажайып, жагымдуу күү жаңырат да, жаны денесинен кантип ажыраганын сезбей калат», - дегенин угуп таң калганым да эсимде…

Эгер Сапи акем экөөбүз мындай ажайып күүлөрдү дагы он-он беш жыл мурун чогуу уксак, бири-бирибизди эртерээк түшүнүп, ортодогу муздак дубалды буза алат белек? Же турмуштун соңку мезгил аралыгындагы ачуу сабактары өздөштүрүлө элек болгондуктан, керемет кайрыктар кулактын кырынан кетет беле?..

Табитти кантип ойготобуз?

Эстетикалык ыңгайдан алганда, көпчүлүк табит деп кийимдин жарашыктуусун, буюмдун коозун, кыздын сулуусун (же жигиттин сындуусун) өз алдынча тандай билүү жөндөмүн түшүнөт. Мындан да жогорку маанисинде бул сөз көркөм туюмду билдирет. Ушул жагынан караганда бул түшүнүк менен жашоо кумары тыгыз байланыштуу. Анткени угуу, көрүү, туюу, жыт сезүү сезимдери жакшы сакталган, дени карды соо, турмуш-тиричилиги тың болсо деле жашоодон көңүлү калгандар же бул дүйнөгө эмне үчүн келгенин билбей өткөндөр көп. «Жалган дүйнөдөн» кечкендер өз жанын кыйышы, аракка же баңгиликке азгырылышы, кечил (же диний фанат) болуп кетиши мүмкүн. Бирок бул оор маселени чечүүнүн эң алгылыктуу жолу – адамдын бөбөк кезинен эле руханий изденүүгө дилгирлигин колдоп, көркөм табитин өнүктүрүү.

Эстетикалык тарбиянын башкы максаты – жаш курагына, мүнөз өзгөчөлүгүнө карабай, бардык адамдардын жашоодогу эң орчундуу чындыктарды таасын туюп билүүсүнө, улам тереңдетип түшүнүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү.

Балдардын нукура көркөм чыгарманы кабылдай билүү жөндөмүн кантип калыптандырабыз? Өнөр алды – кызыл тил болсо, кыргыз тили жана адабияты, андан кийин музыка, сүрөт мугалимдерин ЖОЖго кантип тандап, кантип даярдоо керек? Алардын мектептен кетпей чыгармачыл иштеши үчүн кантип шарт түзө алабыз? Балким, балдарынын «атаман» эмес, ар тараптан жетилген инсан болуп өсүшүн, байлык менен зордук-зомбулук эмес, акыйкат, чындык, адамгерчилик үстөмдүк кылган коомдо жашоосун каалаган ата-энелер чыгармачыл, таланттуу педагогдордун мектепке келишине кам көрөр? Мамлекеттик деңгээлде бул маселени чечүүнү мектеп программасына көркөм чыгармаларды туура тандап бериши үчүн көз карандысыз эксперттер тобун түзүүдөн баштоо керек деп ойлойм. Ошондой эле мыкты мугалимдерди конкурс аркылуу таап чыгып, чоң сыйлыктарды ыйгарып турсак болор эле.

Баарыбыздын парзыбыз

Азыр баш-аягы (көбүнчө – мааниси да) жок телесериалдар, утурумдук ызы-чуу, ушак-айыңга шыкалган гезиттер, DVD, Интернеттеги азгырма оюндар үстөмдүк кылган мезгил. Бирок эл кызыкпайт деп кол шилтеп койбостон, дилинде оту, тилинде мөөрү барлар окурмандын, көрөрмандын көркөм табитин калыптандыруу парзын аткара жүрүүгө тийиш. Тактап айтканда, жазуучулар колдон келишинче мыкты чыгарма жаратууга, адабиятчы адистер тексттерди мүмкүн болушунча калыс талдап, таланттарды таптоого милдеттүү. Ошол эле теледен көрсөтүлүүчү берүүлөр, фильмдер жеңил баа, ызы-чуулу окуяларга эмес, нукура көркөм туундуларга негизделиши керек.

Акырында калемгерлердин кулагына дагы бир күмүш сырга: эч качан “эл катары” жазууну көздөбөш керек. Анткени биздеги жазуучу деп эсептелгендердин (өзү чуркап, “кол” топтоп жүрүп Жазуучулар союзуна мүчө, атүгүл “Эл акыны/жазуучусу” болууга жетишкендердин) көпчүлүгү чыныгы көркөм чыгарма үчүн эң зарыл касиет болгон подтекст деген эмне экенин билбей, өмүр бою жалаң кат баяндар, шылдыраган уйкаштар менен алпурушуп, күзгүнүн күңүрт сыныктарын ойноп келет...

Жолдош Турдубаев, публицист

PS: Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.​ ​
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG