Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:45
Айтылуу Сингапур өлкөсүнөн үлгү алышыбыз керек. Беш миллион калкы бар бул Азия мамлекетинде элүү жыл мурун ичкенге суусу жок, үй салалы десе жери жок болгон. Кумду Малайзиядан ташып келип, таштандылардын үстүнө шаарды (мамлекетти) курушкан.

Салыштырсак Сингапурдун аймагы Бишкектин аймагынын жарымын гана ээлейт. Ли Куанг Ю бул мамлекетти кырк жыл башкарган жана кедей өлкөдөн эң бай мамлекетке айландырган.

Менимче Сингапурдун мындай өнүгүүсүнүн бирден-бир себеби бул – англис тилинин тийгизген таасири. Сингапурдун мамлекеттик жана расмий тили – англис тили. Учурунда Сингапурдун калкы кытай жана малай тилдеринде сүйлөшкөн. Эки тилдин кайсынысы биринчи, кайсынысы экинчи болушу керек? Мына ушундай талкуулар көп болгон экен (азыр биздеги кыргыз жана орус тилдери сыяктуу).

Ли Куанг Ю ошондо эң маанилүү реформа жасаган, ал элине мындай деген: “Сингапур эли англис тилин үйрөнүшү керек, ал эми экинчи тилиңер бул сиздердин эне тилиңер.”

Чынында эле дүйнө жүзүндөгү эң ири тил – бул англис тили. Учурунда Британия дүйнөнү башкаргандын натыйжасында бул тилде бардык континентте сүйлөшөт. Интернет мейкиндигинин негизги бөлүгү англис тилинде. "Википедияда" төрт миллионго жакын англис тилиндеги макала камтылган. Google, Facebook, Twitter сыяктуу интернет гиганттарынын кызматтары а дегенде англис тилинде чыгат жана башка тилдерге которулат (эгер бардыгы которулса).

Сингапурда азыр ар бир адам - таксист болобу, же дүкөндөгү сатуучубу -анлисче сүйлөшөт. Ошондуктан бул өлкөгө дүйнө жүзүнөн туристтер агылып келет.

Туугандардын балдарын, же тааныш окуучуларды көргөндө "мектепте окуулар кандай? Англисче сүйлөп калдыңбы?” - деп сурайм. “Англис тили мага жакпайт, окугум келбейт”, - деп көбү жооп беришет. Мындай жоопту укканда абдан кейийм.

Кыргызстанда эң негизги жана ар бир жараныбыз билген тил - англис тили болушу керек деп ойлойм.

Экинчи тилибиз – өз эне-тилибиз. Кыргыз, орус, өзбек ж.б. Кыргызстанда жашаган элдердин тили.

Үчүнчү тил бул сиз тандап алган – кытай, түрк, корей, немис, француз ж.б. тилдер. (Мага демектен дүйнөдөгү 5000 тилди үйрөнүп алгыла). Төрт миллионго чукул кыргыз эч качан өз тилин унутпайт. Өз энеси менен кантип башка тилде сүйлөсүн? Кыргыз тилинде сүйлөйт да.

Ал эми жумушта, интернетте, каржы институттарында, туризмде, транспорт, аба жолдору, билим берүүдө англис тили колдонулушу керек деп ишенем. Азыр эгерде англис тилин билбесеңер интернетте кыйынмын деп ойлобой эле койсоңуз болот. HTML, JAVA жана башка программа жазуу тилдеринин негизи – Англис тили.

Мен орус тилине эч каршылыгым жок, бирок орус тили менен КМШ өлкөлөрүндө гана (Кавказ, Прибалтиканы эске албаганда) кызматташа алабыз. Ал эми Кыргызстан дүйнөлүк масштабда өнүгүүсү үчүн биздин эл англисче сүйлөшү керек деп ойлойм.

Тынчтыкбек Жанадыл

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG