Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:29
Саакашвили чын эле сайак болсо,
Ичкен менен жегени тайак болсо,
«Ё-моё» деп жарк этмек Путин деле,
Кавказдын бир чокусун
«Жорж Буш» деп атап койсо.

6 000 000 $ же дагы бир жолу тил жөнүндө

Колдоого муктаж болуп турган азыр президент Атамбаев. Колуңардан келсе, анын ушул коррупцияга каршы жасаган чечкиндүү кадамдарын кош колуңар менен колдоп, жардам берсеңер жарашаар беле?

(Асыран АЙДАРАЛИЕВдин блогунан, «Азаттык» 11.07.2012).

Маңка торпок уйдан алып өрнөктү,
Чайнайт дешет аздектеген көйнөктү.
Мобу Алмаз Абековдун чыры да
Жаштар азыр ху (who) экенин көрсөттү.

Мындай балдар ар бир жерде отурат,
Кагаздарын кынтыгы жок толтурат.
Ыгы келсе жети өгүздү мөөрөтүп,
Жетим-Тоонун жетимишин жок кылат.

Жаштар азыр таза деген жарабайт.
Таза болуш - жашка такыр карабайт.
Бакчадагы балдар гана, менимче,
Азыр бизде жалган айтпайт, алдабайт.

Мен ушинтип ыр жазганда көп ирет,
Жазгандарым көбүк болуп көбүрөт.
«Шаңгырасын менин тилим» дегендей-
Дүрбү салсаң - графомандык көрүнөт.

Бирок уюн кайрып берип Алмаштын,
Куйруктарын кустура алса как баштын,
Жан сергиткен музыканы уккансып,
Эл колдомок шаңгырагын Алмаздын.

«Киргиз» досума окуп берген графомандык (абстрактуу) ырлардан

Пүрпүн нүлдөр төтөйгөн,
Кыңкып пүшөт Пөтөйдөн,
Мүүнү ыйып ң менен
Пөтөк болдук шөтөйгөн.

Нөөлөр мычып ыңыңдап,
Чыйгап өтүп пылыңдап,
Шыпаңачтар тумпушу
Шылган сайын шырыңдап.

Тапа тупа тата турт-
Хирург кана шата шурт,
Ооруйсуң эле ооруйсуң,
Врачтар сообу, Ата - Журт?!

Дааватчыга

Кыргызстандын манаптарын, хандарын,
О дүйнөдөн чыңыртат деп шашпагын.
Ондо деле укол салып шайтандар,
Обезболить этип коет жандарын.

Үү Өө Миң (U Ming),
«Азаттыктын» окурманы

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG