Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:22
Эненин өз перзенттерине жазган каты

“Балдарым, силерди не деп гана чоңойтподум, канча деген көз майымды түгөтүп, каруумду коротподум. Силерди багамын деп кыр-түздүн жылгаларын, колотторун кыдырдым. Жакшыны ыраа көрүп, жамандыкты силерге жолотподум. Мен кырчындай жапжаш, силер чиедей кезиңерде атаңардан айрылып боздодум. Эми болсо мен мокоп, а силер жетилип-курчудуңар, алмаздарым-болотторум!

Эми силер баштагыдай алсыз эмес, башкасыңар, күүлөнгөн күлүк өңдүү таптасыңар. Мекенге кызмат кылып, ар бириң ар кайсы жактасыңар. Мага келип кетип, бактыңар, ак шейшепке жаткырдыңар, каалаган жактарыма сейилдетип бастырдыңар, күн сайын үйгө келип абал сурап көңүлүмдү шат кылдыңар. Небере жыттаңыз, кучактап уктаңыз деп балдарыңарды бактырдыңар. Алтымыш жаштан өткөн мезгилде да, төбөңөргө көтөрүп, жылуу сөз, жарык кабак менен кырктагы келиндердей жаш кылдыңар.

Жетимиш кирип келди, анда да төрт тарабым төп кылдыңар, Неберелерим менен келип, жасаган тамагымы тамшанып жеп турдуңар, Бутума оролошуп, күн сайын каралашып, кубанычыма аралашып, “апаке, эмне керек, эмне жейсиз” деп турдуңар. Жетимиш бешке чыктым, анда да бакыт ороп күлүңдөдүм, каруу күч кайта элек, кудайдын кубанычтуу күнүндөмүн. Күн сайын кабар алып турчу элеңер, эки-үч күн күтүп калам, мейличи, иштери көбөйгөндүр, ушуга да шүгүр дедим.

Сексенге кирип келдим, көзүмдүн курчу кетип ийилип барат белим, мурункудай кубатым жок, суюлуп, тарап демим. Күн сайын келип турган баягы балдарым жок, көп жолу жалгыз калып тамак жедим. Таарыныч кылбай, бирок жумушуна кармалуу адат дедим. Келбесе бүгүн мейли эртеге топурашып келишип калат дедим. Бир жума же эки жума өткөндө бирөөңөр келесиңер, жогумду толтуруп, үйүп алып бересиңер. “Мы вас любим” деп турган баягы балдарым жок, алыс бир жеңеңердей көрөсүңөр. Таарыныч айткан болуп, бат-баттан кабар алып турсаңар боло дедим. Тамак-аш берип ийбей, өзүңөр келгилечи, азыгым муздаткычта толо дедим. Таарынууга, урушууга алым бар, кандай жакшы бүкчүйгөн кары кемпир боло элегим!

Тажасаң жалгыздыктан жүрү деп борборго калдыңар алып кетип, көнүп калган өз үйүм кулпуланып калып кетип. Борбордо жакшы жашап турупсуңар, заңкайтып чоң сарай курупсуңар. Сүйлөшүп отурууга зар болуп кечке күтсөм, бир аз туруп качасыңар шамал айдаган булут сыңар. Заңкайган кенен үйдө жапжалгыз отурууга көнбөй койдум, силердин бул жерде экен ырыскыңар. “Кетемин” десем мени жекире жаман карап, дасторкон толуп турат, бардыгы болуп турат, ал жакта эмне бар деп уруштуңар. Дулдуюп келип-кетип, жанымда турбайсыңар, жапжалгыз жата бердим, арманымды ичиме ката бердим. Акыры чыдай албай, “кетемин, билет ал” деп, бул жакка баса бердим.

Үйүмдө жалгыз турам, кээде неберем “Бабушка, кандайсың” деп кирип калат, эки-үч күн жүрүп калат, атаңа айт сагындым келсин десем, атасы келет да, тамак ашты алдыма үйүп салат. Бошобой жүрөм апа, сага дагы эмне керек, баары бар деп көңүлгө бүлүк салат. Жыттагым келип баарын, көкүрөк бук болуп барат эчен, карылык, сүйгүнчүк кезди да алат экен, небере болсо деле алыстап калат экен.

Эх кулундарым, силерге мээрим чачып, өтпөдү беле аттиң, бүткүл ай, бүткүл жылым. Алыстап качасыңар, тамак-аш менен мени бастырып жатасыңар, мага эмне бир чайнек көк чай менен бир сындырым нан жетет.

О, дүйнө босогосу жакындап келет мага, балдарым, сен берген оокат ашты кошуна келин деле берет мага. Көп нерсе кереги жок, жыттайын бешенеңди, жылуу жүз, жылуу сөзүң керек мага. Силердин аманыңар, жаркыган жамалыңар белек мага.

Не кылмак элеңер эх, мен бир мерез апа болгонумда, Кызым деп кырк буралбай, уулум деп жүз бүгүлбөй, болбостон көөнүңөрдүн борборунда, жылытпай мээримиме, карабай көңүлүңө, тамак-аш кийимге ороп-чулгап койгонумда. Не кылмак элеңер эх, кичине кезиңерде силерден качып кетсем, бардыгын алып берип, алдыңа салып берип, карабай басып кетсем. Не кылмак элеңер, эх!

Кулундарым, мурдагыдай балдарым бойдон эле калгылачы. Эч болбосо үч күндө бир жолудан телефон чалгылачы!

Бул чыгарма жөн жерден жаралган жок. Болгон окуянын, болгон каармандын образында айтылды. Оштогу “Ынтымак” телеканалынын жаңы ачылып жаткан “Ырыстаң” көрсөтүүсүнө конок болдум. Ыр окудум, суроо-жооп болду дегендей. Андан чыгып үйгө кирип баратсам, кол телефонума коңгуроо келди. Бейтааныш номер. Алсам жашап калган чоң эненин үнү. Абдан салабаттуу сүйлөгөн, билимдүү чоң энедей сезилди. Бардык сөзү так, даана, ойлору ырааттуу:

“Улукбек, кандай балам? Иштериң жакшыбы? Сен мени тааныбайсың, сени телевизордон көрүп, студиядан телефон номериңди алдым. Базарда араба тартып жүргөн баланын арманы муунумду бошотту, менин да сага айта тургандарым бар” деген эне мага сөз бербей сүйлөп жатты, мен кунт коюп угуп турдум. Арасында “мен ушундай көп сүйлөйм, тажабай угуп кой эми, сексен жаш оңой дейсиңби”, деп коет.

“Уксаң балам, менин эки уул бир, кызым бар. Эң улуу кызым алтымышта, көп жыл мугалим болуп иштеп, пенсияга чыкты. Ортончум органда иштеп, азыр отставкадагы полковник, Бишкекте турат. Кичүү уулум кырк бешке чыкты, Ошто аэропортто иштейт. Баарын тең окуттум. Кичине уулум үч жашта экенинде жолдошум каза болгон. Мен Ошто автовокзалдын маңдайындагы үйлөрдүн биринде жашайм. Чоң эне маал-маалы менен угуп атасыңбы дегенчелик кылып “Балам, шашылыш эмессиңби?” - деп коёт. Бирдиги аябай көп экен. Болгондо да "Мегакомдон" "Билайнга" чыгып жаткан. Өткөн турмушу, учурдагы абалы тууралуу шашпай баяндады. Акырында “Уулум, менин атымдан, жалпы энелердин атынан ушул айткандарымды жаз, жанагы арабакеч баланын арманындай кылып жазсаң. Акчасын деле берем. Садага, акчадан зарыксаң келип сура тартынбай. Макул балам, калемиң курчусун, элге кызмат кыл. Сени көп кармадым, аман бол!” - деди да телефонду өчүрдү.


​Энеге боор оорурду, же жек көрөөрдү билбей туруп калдым. Акчадан зарыкпаса, эч нерседен кем болбосо... Кызык...

Компьютериме тигилип, эненин катын жазууга кириштим...


Улукбек Омокеев,
Ош шаары

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG