Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36
Чай үстүндө чоң атам менен улуулардын сүйүктүү темасында сөз козгоп калдык. Ал адатынча “союз учурунда бул жакшы эле, тигил өнүккөн эле” деп кайгыргансып айтып жатты. “Азырчы? Демократия эле демократия дейсиңер... Мурун тартип күчтүү болчу. Күндө митингге чыкмай жок болчу”, - деп улантты ал.

Биздин маегибиз менин сөзүмөн кийин токтоп калды. “Эми союз учурунда бир нерсеге каршы болсоң эле кийинки күнү сени таппай калышчу да. Канчалаган азаматтарыбыз репрессияланып да кетти” деп айтып бүтө электе эле “койчу болбогон сөзүңдү” деп маегибизди токтотуп салды.

Негизи эле союз маалында турмуш жеңил болчу деген кептерди акыркы учурда көбүрөөк уга баштадым. Же улуу муундагы адамдар менен көбүрөөк сүйлөшүп калдымбы... Билбейм, бирок мындай кептер мени кубандырбай тургандыгын ачык айтам.

Ар бир элдин эңсегени – эркиндик. Кандай сөз менен түшүндүрүп берээримди билбей жатам, бирок союз учурунда өсүп-чоңоюп калгандар “кулдук” ой жүгүртүшөт демекчимин. Ооба, 70 жылда биз (кыргыз эли) көп нерсе көрүп, үйрөнүп, алдык. Бирок андан да көп нерсе жоготтук го. Эң жөнөкөй мисал – азыркыга чейин кыргыздардын эле арасынан кыргызча сүйлөгөндөн кадимкидей жийиркенгендер арбын. Калп айтпай эле койойун, бирок орустарды кадимкидей Кудай көргөндөр бар. Айтсаң чычалашат. Бирок чын да.

Тарыхка кайрылбай эле койолу, учурду алалы. Биз – эгемен элбиз, жетекчилерибизди өзүбүз тандайбыз (шайлайбыз). Бирөөнүн аймагында эмеспиз. Айтор, каалаганыбызды кылабыз. Ушуга эмне жетсин?

Өз үйүңдө сен – кожоюнсуң. Кааласаң тигил кошуна менен барып ушакташ, кааласаң бөлмөңдү башка түскө бойоп кой, кааласаң, музыканы даңкылдатып алып бийлеп кир. Бирөөнүн үйүндө сен эмне кыла аласың? Ушул чоң ата-чоң энелерибиз туура багыт берсе э... Элиңди сүй, элиңе кызмат кыл, кыйын учурда чагылганга айланып кет дегендей. Тилекке каршы “Бул жакта эмне бар? Тиякка барып иштеш керек, тиякта эле тынч” дегенден башка эч нерсе укпайсың. Кызы бир түрккө (мисалы) тийип алса, элдин алдында уялгандан көрө “МЕНИН КЫЗЫМ ТҮРККӨ ТИЙДИ, АЛ КИЧИНЕСИНЕН ЭЛЕ АКЫЛДУУ БОЛЧУ” деп төш кагып мактанышат апаларыбыз. “Орусиянын жарандыгын алып алган менин балам качан эле” деп ала электерге артта калгандарга айткандай айтат.

Оюмду толук түшүндүрүп бере албай жатам. Бирок эгемендүүлүгүбүздү сыймык катары кабыл алышыбыз керек. Бүгүн ишибиз жакшы жүрбөй жатса, эртең бирөө бизге кошулгусу келип жүрбөсүн. Айтор, чоң ата-чоң энелерибизди “эл аралык уулгайгандар күнү” менен куттуктап, туура тарбия беришиңиздерди өтүнөм. Келечек жаштардын колунда, жаштар силерден тарбия алат...

Улукбек уулу Ырысбек, Бишкек

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG