Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:42
ОБОНчунун баласынын баяны.

Досторум “мына, сенин апаң жүрөт” деп гезиттен көрсөтүшөт, теледен көргөнүн айтышат. Митингдин алдында колуңуздагы кагазда “Кетсин” деген жазуу бадырайып турат. Бул сүрөтүңүз мага кубаныч жаратса кана, мен ал үчүн сыймыктасам кана! Менде тескерисинче... Досторумдун арасында баркым түшөт, сөзүм кыскарат, алар менен тамашалашып сүйлөшө да албайм. Арасында уксам да укмаксан, көрсөм да көрмөксөн болуп жүрө берем, башка айла канча.

Мындан үч-төрт жыл мурун эртең менен туруп, мени ойгонуп кетпесин деп мешке от жагып, тамак-ашты даярдап алып, "балам, тур, тамак даяр болду" деп ойготчусуз. Кийимдеримди да камдап, башымдын алдына коюп, сабакка жөнөп жатканымда бутумду кийип, сыртка чыгып кеткичекти мени менен алек болуп, “беш алып кел, балам” деп узатаар элеңиз.

Анда кайдан телефон, анда кайдан смс! Мен келээрге чамалап тамак даярдап алып, көчөгө кайра-кайра чыгып күтүп, алыстан көрүп калган болсоңуз балдар менен ойноп келатканымды карап тураар элеңиз. Жакындаганымда колуңузду жайып, кучагыңызга кысып тосуп алчусуз. Мен уялып, балдардан ыңгайсыз болоор элем.

Сиз даяр болгон даамыңызга досторумду да чакырып, алар менен бир тамактанып, классташтарым “аяш энем - кандай сонун апа” деп мактап-жактап кеткенин дал бүгүнкүдөй эстейм. Ошол күндөрдү эстеп өзүмдү бактылуу сезем, кайтып келишине ишенем.

Бүгүн сабактан эрте чыктым. Сизди мактаган “аяш уулдарыңыз” менен чогуу баратам. Алардын ар бир “мактоолорун” күнүгө уга берип, мен үчүн таң калычтуу болбой калган. Кардым ач, тамак даяр эмес экенин билем. Анткени сиз бир күн мурун "кайсы бир жерде митинг болот, колдоо керек болуп жатыптыр" деп чыгып кеткенсиз...

Үйдө бекер жатпайын деп бирде кайдадыр барып келген элеңиз. Андан бери үч-төрт жыл болуп калды. Бул көрүнүш дайыма кайталанат. “Ажону алмаштырганга чейин катышкам” деп да мактанганыңызды угуп калам.

Ошол күндөн тарта бизден алыстай баштадыңыз. Тууган-урук менен катташпай да калдык. Кечээ телефон чалып, агам сүйүнчү айтты, уулдуу болуптур. Сизге чалып айтайын десем ызы-чуудан улам өчүрүп салдыңыз. Балким бул баянымды окуп каларсыз, тилегеним жалгыз гана: карылыктын доорун сүрүп, үйдө отуруп, небереңиздей таза, тунук болгон апакай батаңды берчи, апа!

Дастан Үмөттегин, Ош шаары

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG