Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35
Шарт бурулуштагы парткурулуш

Ээрден ооп калбастын амалын издеп Ө. Бабанов А. Сулаймановдун муштумуна таяна турган болду. Бирок Алтынбектин Камчыны канжалаткан муштуму Бабановдун «башын жарбайт» деп эч ким кепилдик бере албайт.

К. Ташиев менен А. Келдибековдун тирешүүсү боюнча айрым "атажуртчулардын" "Биз Оштон эң көп добуш алганбыз, Жалал-Абад анча берген эмес" деп айтып чыккандарына караганда, партия регионалдык эле эмес, кокту-колоттун деңгээлине түшөт шекилдүү. Минтип партиялык «оорулардын» күч алып жатышы антибиотик керек дегенди билдирет.

Кыргыз коомундагы трайбалисттик, кландык жана маргиналдык өнөкөттөрдү эске алуу менен дарылануу жеңил болбой тургандыгын билип коюбуз керек.

Бараар багыт

Кыргызстанда жаңы саясий система түптөлүп, мамлекеттик башкаруунун жаңы жолуна түштүк. Мында парламенттин, мейли Жогорку Кеңеш, мейли жергиликтүү кеңештер болсун, айтор эл өкүлдөрүнүн камчысы катуу болмокчу. Алардын аткаруу бийлигин кашаңдаса камчылап, катуулап баратса ооздуктап турганы жалпы эле өлкө кызыкчылыгындагы иш. Алар аткаруу бийлигин эле эмес, бирин бири да тыкыр көзөмөлгө алып турганы абадай зарыл.

Мындай системанын эффективдүү иштеп кетүүсү үчүн оболу партиялык системабыздын пайдубалы бекем болуусу шарт. Ошондо гана мыкты иштеп кете ала турган өкмөткө, коррупцияны кан буугандай токтото ала турган парламентке ээ боло алабыз.

Бирок азыр биз партиялык системабыздын алсыздыгына күбө болуудабыз. "Парламенттик эмес, андан аркы пайгамбарлык башкаруу системасы болсо да жашообуз жакшырып кеткен жери жок" деп карапайым калктын кол шилтөөсү да ушундан. 2010-жылы бийлик алмашканда турмуш эми оңолот деген үмүт чоң болгон. Андан бери эки жылдын жүзү толду, бирок итке минген жашообуз баягысындай эле уланып, керек болсо оорлоп келатат. Реваншисттик күчтөр бул абалды бетине кармап "мына силердин системаңар! Элди жыргатмак тургай, мамлекетти башаламандыкка алып келди, эми кайра президенттик бийликтин күчү менен тартип орнотпосо болбойт. Конституцияны өзгөртөлү" деп, кудум акыркы көзүрүн пайдаланып калгысы келген кумарчыдай эле болуп турушат.

Чындыгында эле элдин үмүтүнө суу сепкендей эле болуп турабыз. Бир дагы тармакта чеке жылытарлык жетишкендиктер болгон жок. Анткен менен «алма быш, оозума түш» деген да болбойт. Себеби 2010-жылы апрель-июндагы кан төгүүлөрдүн куну менен келген система өзүнөн өзү эле элди жыргатып жибербейт. Ал болгону шарт гана түзүп берет. Калганы ар бирибиздин аракетибизге жараша болот. Маселен, азыркы шартта «Айдардын» же «Максимдин» пайда болуусуна мүмкүнчүлүк берилбейт. Антип үй-бүлөлүк башкарууга өтмөк тургай, А. Келдибеков парламентке спикер болуп турган жеринен «кайнатасын коомдук жардамчы кылып, KG номер бериптир» деп айыптап, абийирин аштай төгүп, кызматтан алып түшүштү го!

Ошентип журт башкарам дегендердин ар бир изине чөп салып, айткан сөзүн, ар бир ишин атпай журт алаканга салгандай көрүп турган система түзүлүүдө. Жакшы жери ашыкча кетип бараткандарды колго чаап токтото турган атайын кызматтын да кереги жок. Бийликке келет элем дегендер бирин бири аңдып, бирин бири көзөмөлдөп турат. Анткени атаандаштыктын принциби, ачык-айкындуулуктун мыйзамы ошондой. Жыйынтыгында эл калыс болуп берет. Ал баа шайлоого келгенде берилет. Бул ар бир жарандын шайлоодо берген добушу мамлекетти башкаруудагы анын түздөн түз үлүшү деген сөз. Демек биздин коомдо жарандык позицияны бекемдөө зарыл болуп турат.

Азыр коомдо «ишенген партияларыбыздын кылгандары бул болсо, жыргаптырбыз» деп тескери баа берилип, дегеле парламенттин рейтинги түшүп жаткандыгы байкалат. Партиялардын анабашылары да алешем иштерге орун берип койгондуктарын ачык айтып моюндарына ала башташты. Буга бир катар үлкөн партиялардын «тазаланабыз» деп чамынып жаткандары далил. Бирок тазалануу партлидердин көрсөтмөсү менен эмес, кийинки шайлоодо электораттын көрсөтмөсү менен болуусу кажет. Болбосо, партияны тазалайм деп атып Сталинчесинен ашыгы менен тазаланууга арык чабылып калып жүрбөсүн!

Партиялык «оорулар»

Анткен менен анабашылардын андай аракеттерине беркилери деле оңой менен жол бере турушкан эмес. Муну парламентте отурган партиялардын мисалынан улам жакшы билебиз. Мындай процесстер биринде жумшак, биринде ачуу болуп айтор, парламенттеги 5 фракциянын дээрлик бардыгында орун алды.

"Ар-намыста" башталып, «Ата Мекенде» курч абалда жүргөндүгү жакшы маалым.

Ал ортодо КСДПчылардын жыйыны болуп, анын жүрүшүндө да аба ырайы бир топ бузулуп барып, бирок өткүн болуп өтүп кеткендиги белгилүү.

Бир эмес, эки президентти шайлатып, спикерликти да мыкчып турган партияда ал оору жумшак формада өтүп кеткендиги мыйзам ченемдүү. Буларда бир гана генерал И. Исаков маселе жараткан жайы бар. Ч. Турсунбековго анчейин баш ийе бербегендердин бири Д. Ниязалиева болсо, экинчиси так ушу генерал эмеспи. КСДПчылардын "партияны сындап атасын" дегенине «мен катардагы социал-демократ эмес, «Азаттык» партиясынын лидеримин» деп таризде жооп берип көшөгөнү ачып койгон.

Анткен менен КСДП классикалык болбосо да жоон орто партия катары пайдубалы бекем. Жоон орто дененибиз ушул "Ата Мекенчесинен" кара таман калк арасында кадырлуу болгону менен капчыгы жука эмес. Кечээ гана түзүлгөн «Республикадай» болуп акчасын асманга сапырбаса да, муктаждыктарына толук жетет. Башкача айтканда карапайым калк арасында да, ресурстук жагынан да башкаларга салыштырмалуу даремети жетиштүү. Бир айыбы – кадр маселеси. Экинчи эшелондогулар гана болбосо Атамбаевден кийин эки тизгин, бир чылбырды колго ала турган бычакка сап болчусу дээрлик жокко эсе. Андыктан жакынкы келечекте бул партияда ич ара кармашуулар күч алаары мезгилдин гана иши.

Маселе жетээр жерине жетип калгандыгын ушундан билиңиз, адатта тынч өтүп келген жайкы аптапка карабай «Ата Журт» менен «Республиканын» ич күптүсү жарылып отурат. Эгер КСДПда топ буза тургандар дефицит болуп атса, «Республикада» жол талашкандар четтен чыгат. Мисал иретинде Б. Төрөбаев, К. Исаев, А. Сулайманов өңдүү депутаттарды алсак болот. «Республиканын» ичинде К. Дыйканбаев баш болгон Ө. Бабановдун «кол балдарынан» сырткары жогоруда аталган үчөөнө тийиштүү майда топтор да бар. Б. Төрөбаев менен К. Исаевдин амбициялары премьер-министр Бабановго башынан эле анча жага бербей келет. Өткөндө Ө. Бабановду өкмөт башчылыкка бекитерде атаандаштарынан мурун так ушул айрым "республикачылар" бут тосуп, Ө. Бабановдун баш оорусуна айланганы бар. Добуш берүүгө келгенде К. Исаевдин залдан чыгып кеткендиги эле канча турат?

К. Исаев буга чейин шаар мэри болуп жана фискалдык тармакта иштеп такшалган адам катары Ө. Бабановду коммерсант деп баалап, мамлекеттик масштабдагы ишмер катары кабылдабайт. Өз киши дебей өкмөттү сындап келген жайы бар. Өткөндө эле тескери сийип атты эле, эми минтип өкмөттү кетиребиз деп атканда мага жөлөк-таяк болбой, кайра мага ор казат деген таризде Ө. Бабанов К. Исаевди чаап түштү. Ээрден ооп калбастын айласын кылып Ө. Бабанов эми А. Сулаймановдун муштумуна таяна турган болуп калды, бирок Алтынбектин Камчыны канжалаткан муштуму Бабановдун «башын жарбайт» деп эч ким кепилдик бере албайт. Б. Төрөбаев менен К. Исаев эмки шайлоого өз алдынча болбосо да Бабановдон башкасы менен барып калуусу ажеп эмес. Ошентип өкмөт башчыбыз парламенттеги өзгөлөрдү кой, өз короосуна ээ боло албай турган абалга кептелип калды көрүнөт. Ал акчанын күчү менен эле колго албаса, башка аргасы жок.

Бабановдун байлыгы менен түптөлгөн «Республикага» караганда «Ата Журттун» абалы алда канча чаташкан маселе. Х. Коркмазов баштаган филиал партизандык тактика менен иштеп, аркы жээктин айтканын эки кыла турган эмес. Ансыз да алсырап бараткан «Ата Журт» эми биротоло эки жээкке бөлүнүп, ачык беттешүүгө белсенип калышты. Бир тарабын К. Ташиев жетектейт, ал айыл-ападагы жеке рейтингине бекем ишенет жана партиясы аркылуу амбициясын ишке ашырсам дегенде эки көзү төрт. Алабарман, Азимбек айтмакчы, «жалаң төш» саясатчы болуп баратат.

Экинчи тарапта А. Келдибеков. Кыйды саясат жүргүзүүгө бел байлап турат. «Спикер болуп алып президенттик шайлоодо Камчыга каралашпай койдуң» деген айыптоого кабылып келет. А. Келдибековдун тобу оозунан жемин алдырып койо турган алсыз топ эмес. Финансылык ресурстары жетиштүү, регионго болгон таасири табында.

Буга чейин «Ата Журттун» регионалдык партия экендиги айтылып келген. К. Ташиев менен А. Келдибековдун бул тирешүүсү партияны регионалдык эле эмес, «датканын тукумдары», «ичкиликтер» деп бөлүнүүсүн ачыктап, айтор кокту-колоттун деңгээлине түшүрүп коет шекилдүү. К. Осмонов, Ж. Жолдошова өңдүү депуттардын К. Ташиевди «вождизмге» ыктагандыгын айыптап, «Биз Оштон эң көп добуш алганбыз, Жалал-Абад анча берген эмес» деп айтып чыккандары менен партиянын электоратын экиге бөлө турган болуп калды.

Антибиотик

Партиялардын минтип «ооруп» жатышы табигый көрүнүш. Мунун ачыкка чыгуусуна бир жагынан партлидерлердин «вождизмге» ыктаган саясаты, экинчи жагынан финансылык ресурстарды бөлүшүүдөгү алешемдиктер өбөлгө түзүп берди. Чыга турган көз эле, чыгып кетти өзү эле демекчи, буга чейин кол сынса жең ичинде болуп келген нерселердин ачыкка чыга баштаганы партиялык «ооруларга» антибиотик керек дегенди билдирет.

Ал антибиотикти ооруган дене-мүчөнү кесип тазаланууга эмес, жалпы дене бойду дарылоого колдонуу зарыл. Бул чыныгы партиялык курулуш жүргүзүү деген сөз. Бараар багытыбызды аныктап алдык дечи, эми ага жетүүдөгү азаптарды жеңүү керек болот. Кыргыз коомундагы трайбалисттик, кландык жана маргиналдык өнөкөттөрдү эске алуу менен, жолубуз жеңил болбой тургандыгын билип коюбуз керек.

Урмат ИМАНАЛИЕВ

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG