Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:51

Мен чоң калемгер Султан Раевдин жергиликтүү адабий чөйрөлөрдө кызуу талкууланып жаткан “Жанжаза” романын окуй элекмин. Бирок чыгарма тууралуу кесиптешим Зайырбек Ажыматов “Азаттык” радиосу үчүн даярдаган радиобаян жана анда акын-жазуучулар айткан пикирлерден улам өз оюмду бөлүшүүнү оң көрдүм.

Деги эле жазуучулардын тарыхтагы чоң инсандардын образына кайрылуусу жаңы көрүнүш эмес. Кыргыз окурмандарына белгилүү мисалдарга токтолсок, Чыңгыз Айтматовдун “Баталга” романындагы Иса пайгамбар менен аны өлүм жазасына өкүм кылган Понтий Пилат, Эл акыны Эгемберди Эрматовдун “Мухаммед пайгамбар” ыр романы. “Шайтандын сүрөөсүнүн” автору Салман Рушди айткандай, жазуучунун чыгармачылык эркиндигин эч кимди чектей албайт. Бирок окурманды кызыктырчу сюжеттерди таба албай же мыкты окурманды жетелечү образдарын жарата албай тарыхтагы чоң, карама-каршылыктуу же белгилүү инсандарды башкы каарман кылып алып, өзгөчө, “төшөк мамилелерди” жазып, окурманды кызыктырууга жана атын дүңк эткирип чыгарууга аракет кылган жазуучулар жок эмес.

Зайырбек Ажыматов сүрөттөгөндөй “Чыңгызхан койнуна алып жаткан тунгут кызы (жаангер) бир кезде өз канынан жаралганын туйгандан кийинки драматизм улам күчөй берет” деген сап аргасыздан жогорудагыдай “ууру ойду жылт эттирип” пайда кылат. Ошондой эле орус жана англис тилдеринде бирдей жазган Владимир Набоковдун “Лолитасын” эске салат. Баш каармандын өгөй кызы менен болгон ашыглык мамилелерин чечмелеп жазган роман обол эротикалык жана авангарддык чыгармаларды басууга ыңгайлашкан журналда басылат. Жазуучуга атак-даңкка катар финансылык абалын оңдоого мүмкүндүк берет.

Анан да чын турмушта Чыңгызхандын никесиз кызы менен төшөк бөлүшүп калышы мүмкүн эмес. Себеби көчмөн урууларда ар бир адамдын ата-жотосу кылдат сүрүлүп, теги катуу тергелген, кан бузулуп кетет деп жакын туугандар ортосунда кудалашуу болгон эмес. Аны Чыңгызхан өзү да баштан кечирген.

Султан Раев жаш кезинде чебер жазган “Күн кармаган баласын” ырахаттана окугам. Ошон үчүн азыр Кыргызстандан сырт жактарда да ысымы белгилүү жазуучунун, Зайырбек Ажыматов жазгандай, “сойкусу, чоң муштуму, катынпозу, саясатчысы, кошоматчысы, жиндиси, даанышманы аралашкан” жинди коомубуз, жиниккен дүйнөбүз жөнүндөгү “Жанжазаны” кумаралана окуйм деп ойлойм.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG