Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:11

Кексе саясатчы Өмүрбек Текебаев "Азаттыкка" Кыргызстан үчүн “чындыктын тунук жарыгындай” (“Правды чистый свет”, А. С. Пушкин) сөз айтты:

Бүгүнкү кырдаалда атасын сыйлап, анын атын (көчөгө, мектепке, мечитке, окуу жайга) койсоң, демек баласы тың чыккан экен дейт. Ат майданга Көлбаевдин атасынын атынын берилиши саясий жактан туура эмес… Аны көргөн жаштар жана башкалар (ата-энелер) “балаң ушундай болсо, ушинтип атасын дүйнөгө даңазалайт экен” деп айтышат.

Бул сөз Асанбек Көлбаев кылмыш чөйрөсүнүн таанымал лөктөрүнүн бири Камчы Көлбаевдин атасы болбосо же Камчы Көлбаев издөөдө жүрбөсө, айтылбай деле калмак. Бирок да түрдүү мекемелерге, көчөлөргө, айылдарга “уулу тыңдардын” аталарынын ысымын берүү кеселинен, аны жасоонун механизмдеринен жакшы кабардар Жогорку Кеңештин мүчөсү: “Бул криминалдык идеологиянын салтанаты, даңазалоо болуп калды",- деп жөн жерден күйүп жаткан жок.

1990-жылдардын аягы, 2000-жылдардын башынан баштап, эмгеги сиңип-сиңбеген, тирүүсүндө эл арасында урмат-сыйга жетпеген, көпчүлүккө беймаалым адамдардын, өзгөчө, кандайдыр бир өкмөттүк же чарбалык кызматта болгон адамдардын атын көчөгө, мектепке, өзү иштеген мекемеге, атүгүл жогорку окуу жайларына берүү Кыргызстанда чоң бизнеске айланган десек жаңылбайбыз. Ат коюу жагынан кээде өзүнчө мелдеш жүрүп жаткандай сезилет. Непада кайсы бир айылда же шаарда жүрүп, жаштарды коюңуз, ал жерде өмүр бою жашаган адамдардын мына бул көчө эмнеге минтип аталган, мына бул окуу жайга бул кишинин аты эмне үчүн берилген деп сурасаңыз ийин куушурган учурду көп эле кездештирдим. Ал эми Бишкектин ортолугун кыдырып жүрүп, төрт же эки кабаттуу тамдардын капталындагы баланча “мамлекеттик ишмерлердин” бул үйдө жашаганын эскерген мармар ташка чегилген жазууларчы? Ал кишилердин ысымдарын Кыргызстанда чыккан энциклопедиялардан да таппайсыз. Ал эми илимпоз дегендердин эмгектерин өз тармагындагы адамдар да билишпейт.

Мындай атаандаштык кесепетинен айыл-кыштактардын, айыл округдарынын, шаарлардын көчөлөрүндөгү тарыхый-географиялык аталыштар бузулууда. Минтип олтурса, дагы жыйырма-отуз жылдан кийин Кыргызстандын саясий да, географиялык да картасын толук өзгөртүп, “Кыргыз топономикасы” деген атайын справочник чыгарууга туура келет.

Уңгу кепке кайрылсак. Эгерде Чолпон-Атанын жана Ысык-Көл облусунун жетекчилери ат майданга ошончолук эле ысым бергилери келсе, тээ 1922-жылы негизделген № 54 Ысык-Көл мамлекеттик асыл тукум жылкы заводунда чыгарылган кыргыз күлүктөрүнүн биринин атын берсе эмне болмок? Манастын уулу Семетейге мураска берилген Тайбуурулдун атын койсочу? Бакай карыянын ошондо Семетейге:

Канатыңдан кайрылба,

Тайбуурулдан айрылба.

Ак олпок тонду чечинбе,

Аманат жандан кечинбе, - деген осуятын ат майдандын дарбазасына жазып койсо, чабандестерге ак бата, ак тилектей болмок.

Же жылкы пири Камбар атанын ысымычы? Жок, жарабайт десе, баатырлардын тулпарларынын бейнелерин көз алдыбызга тирүүдөй тартып берген алп манасчы, саяпкер Саякбайдын ысымын берсечи? Анткени быйыл XX кылымдын Гомери атыккан улуу инсандын 120 жылдык мааракеси эмеспи. Ошондо, менимче, жамы журт “баракелде” дегенден башка сөз айтпаса керек эле.

“Ата Мекен” фракциясынын демилгеси менен өткөрүлгөн жыйында вице-премьер-министр А. Маматалиев айтканга караганда, Камчы Көлбаевдин атасынын ысымын ат майданга берүүдө жалпы жобо бузулган. Анан да Чолпон-Ата шаардык кеңеши бул маселе боюнча кезексиз сессияга чогулганын, Бостери айылдык кеңеши чечим чыгарган күнү эле райондук комиссия аны “сыясы кургай электе” жактырган мындай оперативдүү ишти ким уюштурган? Буга ким кызыкдар болгон? Ишти мыйзамдаштырууга шашкан чиновниктер кимге жагынгысы келген? деген сыяктуу суроолорду жаратат. (Эгер бирөөгө жагынуу, кошомат кылуу үчүн жасалбаса, анда эпчил аткаминерлер бир нерседен үмүт кылган болот. Андайларды француз жазуучусу Массильон мамлекетти жок кылгысы келген душмандан жаман деп эсептеген).

Анан кааласаң да, каалабасаң да, "Президент Алмазбек Атамбаев жарыялаган идеологияга караманча каршы келген сокур кадам деп эсептейм”,- деген Өмүрбек Текебаевге кошулуп жер муштагың келет.

“Ыргыткан ташы өргө кулап турган” мыктылар ата-жотосунун же кайсы бир элге башы көрүнгөн бирөөнүн ысымын мезгил сынынан өткөрбөй, ушул азыр эле бир жерге коё коюп, түбөлүктүү кылганга ашыгат. Азыр жулуп калбасак, беш-он жылдан кийин аларды эл унутат дешет го... Анысы да ырас. Себеби, Кыдыр акенин, Балбай баатырдын же совет заманында атын атоого тыюу салынган Касым Тыныстанов менен Жусуп Абдрахмановдун, же сүрөтчүлөр Семен Чуйков, Теодор Герцендин, тилчи Константин Юдахиндин жана башкалардын ысымын элибиздин тарыхынан ким өчүрө алат? Бул сыяктуу эл жүрөгүндөгү ысымдарга ким каршы сөз айтат?

Мындай сөздүн баары дагы эмнеден чыгууда? Ысык-Көл - кыргыздын ырыскысы, сыймыгы. Дүйнөнү суктандырган жер. Андай ыйык көлдүн боюнда эмгегин жалпы журт билген, сыйлаган, урматтаган, өмүрү элге өрнөк адамдын ысымы берилсин деген ак тилектен улам айтылууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG