Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:44
Айылга барбаганыма 8 жыл болуптур. Баргым келет, бирок күнүмдүк иштен башым чыкпайт.

Эртең менен уйкум канбай маршруткага түшүп, ойго батып ишке келем. Кечке кеңседен чыкпай отуруп, иш менен алек болом. Кечинде каш карайганда чарчап, эч ким менен сүйлөшкүм келбей, эптеп эле төшөккө жетсем деп үйгө келем.

Айылдын чаңын сагындым. Балдар менен жарыша жүгүргөндө артыбыздан чаң көтөрүлүп эле жатып калчу. Демибизди баса албай, күшүлдөп жүгүрүп келип жашыл чөпкө жата калчубуз. Ошондо чөптүн да жыты өзгөчө эле.

Асманды тиктей, булуттарды ар кандай айбанаттарга салыштырып, талашып, айбанаттар тууралуу буга чейин уккан уламыштар менен бөлүшчүбүз. Кээде ошол уламышты кооздоп, айрым курч жерлерин ойдон да чыгара салчубуз.

Бир аздан кийин тайэнем бизди чакырат. Бардыгыбызды чогултуп, чүпүрөк дасторконго отургузуп, сары май, каймак, курут, жаңы бышкан нанды алдыбызга койот. Талашпайбыз, тайэнемдин нанды биринчи болуп ооз тийишин күтөбүз. Анткени ошентип тарбиялашкан.

Анан унчукпай отуруп курсак тойгузабыз. Тайэнем бир убакытта чөнтөгүнөн целлофан баштыкка оролгон нават алып чыгат. Бардыгыбыз ушул учурду күтөбүз. Азыр шоколаддын, таттуунун түрлөрү дүкөндө толуп жатат. Бирок ошонун бирөө да наватка жетпегендей сезиле берет.

Курсакты тойгузгандан кийин чатырга чыгып алып курут жаябыз. Күн тийип турат, анда-санда чиркей чагып кетет. Ким көбүрөөк жаят деп таймашабыз. Же ал үчүн бизге бирөө сыйлык берсечи.

Күн батып баратканда жүгүрүп барып малдарды тосуп келебиз. Ар бирибиздин жакшы көргөн “фавориттерибиз” бар. Мага Байкал деген торпок жакчу. Көздөрү мага суроолуу карагандай сезиле берчү. Эч ким жокто сүйлөшүп да алчумун. Жинимди да 1-2 жолу Байкалдан чыгарып алгам. Бала экем...

Эң жаман көргөнүм жатаар алдында жууну процедурасы болчу. Анткени суук, жылуу суу жок, тайэнем болсо “таптаза жуунуп киресиң” деп катуу эскертет. Кумганга суу толтуруп алып бири-бирибизге суу куйуп, жардамдашып, эптеп ошол процесстен өтөбүз.

Анан жылуу төшөккө "култ" этип кирип кетебиз. Көп өтпөй тайэнемдин жомоктору башталат. Ал сөздүн чечени болчу. Ушундай бир көркөмдөп, кооздоп, ийнине жеткире айтып берчү. Көз сайган караңгы болсо да көзүмдү ачып алып укчумун.

Жомок бүткөндөн кийин да көпкө чейин уктай албай, ошол окуянын каармандарын элестетип, алардын ордунда болгондо мен эмне кылмак элем деп, окуянын жүрүшүн өзгөрткүм келчү.

Азыр деле көпкө уктай албай жатам. Бирок эмнегедир күнүмдүк жашоодон башка эч нерсе оюма келбейт. Балким элеттен алыстап кеткен үчүн турмуштун маңызын да жоготуп баратсам керек.

Болду, 1 аптадан кийин эс алууга чыгам, ошондо бардыгын таштап коюп, жылуу кийинип алып айылыма жөнөйм. Ошол биз ойногон чаң көчөнү аралайм, курут жайган чатырга чыгам, ошол жомок уккан бөлмөдө уктайм.

Сагындым сени, айылым...

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG