Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:43

Кырк сом


Кочкордогу күндөр

Мен Кыргызстанда 1999-2001-жылдары Тынчтык Корпусунун ыктыярчысы (волонтеру) болуп иштегем. Ал кезде университетти жаңы эле бүткөм. Мекенимден алыс жүргөн кезде көптү үйрөнүп, жашоого көз карашым өзгөрүп келди десем болот. Так ошол жылдары мен маданий айырмачылыктар эле болбосо, дүйнөдө бардык адамдар бирдей экенин түшүндүм. Кыргыз тилин карапайым айылдык үй-бүлөдө жашап жүрүп үйрөнгөн элем. Америкага келгенден кийин Кыргызстандан алган тажрыйбаларым тууралуу эчен ирет жазууну ойлогом. Бирок бардык нерсе сааты чыкмайын бүтпөйт эмеспи. Менин баяныма кезек эми жетти көрүнөт.

Дерек аттуу жигит экөөбүз 1999-2000 - жылдары Кочкор районунда, англис тилинен мугалим болуп иштедик. Дерек Кочкордун өзүндө турчу, мен болсо райборбордон жарым сааттык алыс кичинекей айылда иштедим. Дем алыш күндөрү мага кат келгенин билүүгө жана англисче чер жазыша сүйлөшүү үчүн Деректин квартирасына келчүмүн. Деректин үйү англисче үйрөнгүсү келген окуучулар үчүн расмий эмес “окуу борбору” эле. Бери дегенде он беш окуучу келчү.

Ошол жылдары ACCELS аттуу программа өтө популярдуу эле. Жыл сайын Кыргыз Республикасы боюнча жакшы окуган 45-50 окуучуну Америкага бир жылга жөнөтчү. Бул убакыт ичинде анын мектепте окуп, америкалык үй-бүлө менен жашоосуна шарт түзүлчү, бардык чыгымдарды программа көтөрчү. Тынчтык Корпусу менен байланыш жок болгондуктан, Дерек экөөбүз программага кандай окуучулар илинерин билчү эмеспиз. Бирок англисче жакшы билгендер, өзүнө-өзү ишенгендер жана Америкага баруу менен келечекте Кыргызстанга кандай пайда келтирерин жакшы түшүнгөндөр өтсө керек деп баамдаганбыз. Ошол себептүү, окуучуларды колубуздан келишинче даярдадык. Балдар да толкунданып, оозеки экзамен тапшырчу күндү күтүп жатышты.

Тоолук кыз менен таанышуу

Экзамен деген күнү Дерек экөөбүз анын квартирасында калдык. Кандай жыйынтык чыгат деп окуучуларыбыз үчүн санааркап отурган кезде эшикти бирөө такылдатып калды. Ал кыздын чыныгы атын жашырып Айгүл деп эле коёлу, он алты жаштагы окуучу башка айылдан экзамен тапшыруу үчүн келген экен. Биз менен англисче таанышып, учурашкан соң ичкери киргиздик. Англисче укмуштай таза сүйлөгөнүнө таң калып, окуп жаткан калың романды колуна карматтым. Айгүл аны заматта шатырата окуп, эмне тууралуу жазылганын өз сөзү менен түшүндүрүп берди. Бул кыз менен сүйлөшүп отурганда биз анын райборбордон өтө алыс, сырткы дүйнө менен чаң жол жана туруксуз ток зымынан башка эч нерсе байланыштырбаган айылдан келгенин билдик. Ал айылдын чын аты бул окуяда маанилүү эмес. Нарындагы мен азыр атын унутуп калган айылдарынын бири. Ошондуктан жөн эле Ак-Суу деп атап койолу.

Ошентип Айгүл менен биринчи таанышканда эле анын АCCELS программасына татыктуу экендигине күбө болдук. Англисче мыкты сүйлөгөндөн тышкары, ачык-айрым экен. Башка айылдык окуучулардай уялып, тартынган жок. Ал кызды карап отуруп Америкадагы үлгүлүү окуучулар эске түштү - акылдуу, дайыма айлана-чөйрөсүнө кызыккан, агай-эжелерине кыйын суроо бергенден тартынбаган.

Деректин “сен кантип ушундай кыз болуп чоңойдуң?” деген суроосуна Айгүл өмүр баянын кыскача айтып берди. “Ата-энем ажырашканга чейин, Бишкекте турчубуз. “Баласыз үй мазар, балалуу үй базар” деген кыргыз макалын билесиздерби? Карып бараткан чоң ата, чоң энем Ак-Сууда болгондуктан тарбия көрүп, үй-тириликке жардам берсин деп мени айылга жиберишкен. Ыраматылык чоң атам айылдын догдуру болуп иштеп, элдин баары таанычу. Бай болбосо да, тирүүлүктө татыктуу жашоону билчү. Мага уулундай мамиле жасап, жакшы тарбия берди. Дайыма "өзүн-өзү баалоо керек, көп эмгектенүү керек, мээнеттин акыбети сөзсүз кайтат" деп айтаар эле. Чоң атамдын кеңеши менен англис тилинде жазылган китептерди окуп жүрүп тил үйрөндүм”.

Бир аз отургандан кийин Айгүл биз менен коштошуп, Ак-Сууга кетти. Ошол бойдон Кочкорго кайра келген жок. Дерек экөөбүз Ак-Суу кандай айыл болду экен деп аябай кызыгып, ал жакка экскурсияга баруу тууралуу сүйлөшсөк да шарт болбоду.

Белгисиз айылга сапар тартуу

Апрелдин аягында адаттагыдай эле Деректин квартирасына келдим. Ал бир окуучусу менен толкунданып сүйлөшүп жатыптыр. “Сага эмне болду мынчалык?” деп Деректен сурасам, берки окуучу обужоктунуп “уга элексиңерби? "Колхоз кыз" ACCELSден өтүптүр" деп мыскылдуу жылмая жооп узатты.

Мен “Айгүлбү? Чын элеби? Абдан жакшы жаңылык!” деп сүйүнүп кетипмин.

Окуучу бала “ии, деректирибиз жаңы эле айтты. Бирок кыздын айылында телефон-пелефон жок. Өзү да уга элек! Бир жума ичинде бара турганын тастыктап, шаарга телефон чалбаса, ордун башка бирөөгө берет экен”-деп ичи күйгөндөй жооп берди.

Дерек экөөбүз жакшы кабарды угаарыбыз менен мектеп деректирине жолуктук. Айгүлдүн чындап эле өткөнүн тактаган соң Ак-Сууну көздөй аттандык. Нарынга барчу таксиге олтурганбыз, Долон ашуусуна жетпей, бири-бирине окшош тамак саткан вагондордун жанынан түшүп калдык. Жанараак таксидегилер Ак-Сууга кантип бараарыбызды “солдогу чаң жолго буруласыңар. Жолуң болсо бир күндө бир эле жүрчү автобуска түшөсүңөр. Ага үлгүрбөсөңөр, жол тососуңар. Жолуң болбосо, жөө барасыңар” деп түшүндүргөн эле. “Жеткенибизди кантип билебиз?” деп сурасак, “жеткенде” деп коюшкан.

Ал күнү жолубуз болбоду. Таксиден түшөөрүбүз менен автобустун чоң жолдон солго бурулуп жатканын көрдүк. Артынан кубаласак токтободу. Сыягы сапырылган чаңдын айынан бизди көрбөй калды көрүнөт. Энтиккен жаныбыз автобус эңкейиштен бурулуп, карааны жоголуп кеткиче карап турдук.

Эми план “Б”ны колдонуу керек, бул демек, такси тособуз деген кеп. Ак-Суу көлдүктөрдүн Сырт жайлоосуна жанаша жайгашып, жолу татаал болгондуктан жергиликтүү айдоочулар гана барат экен. Машинелери жылчыксыз толгон төрт таксист “орун жок” дегендей кол жаңсап, токтобой өттү.

Биз аларга таарынган жокпуз. Табиятка суктанып, жолубузду уладык. Апрелде күн жылуу эле болот да. Кең асман тескей менен күңгөй тоолорунун ортосунда керилип, мөңгүдөн бери аккан ири-муйру көк кашка суу шаркырайт. Аба болсо таза. Дерек экөөбүз кээ бир америкалык адамдар ушундай ээн, тынч жана кооз жерде эс алыш үчүн канча акча төлөмөк, биз болсо бекер жүрөбүз, бактылуубуз деп өзүбүздү сооротуп бараттык.

Үйдү кантип таптык?

Эки сааттай убакыт өткөндөн кийин күүгүм кирип, көз байланды. Айылдан болсо дайын жок. Ошол маалда артыбыздан атчан адамдын үнү угулду. Көлөкөсүн көрүп коркуп кеттик, жаныбызга жеткенде жайдак ат минген он эки жаштагы бала экен. Жаныбызга токтоп, чала-була орусча сүйлөп саламдашты. Биз кыргызча жооп узаттык эле, жайдары тарта түштү.

Ак-Сууга баратканыбызды айтып, айылга дагы канча калганын сурадык. “Өөдө жакта эле”. Санааркай түштүк. Айылда “азыр” деген сөз беш мүнөттөн беш саатка чейин күтүш керек, “өөдө жакта эле” деген дагы эки саат калды дегенди туюндурат эмеспи.

Тактап сурагыча болбой, бала теминип узап кетти. Бирок алдабаптыр, беш мүнөттөн кийин эле Ак-Сууга кирдик. Бизди электр жарыгы жок караңгы үйлөр тосуп алды.

Айылдын ортосуна жеткенде жарым-жартылай бузулган имаратка туш келдик. Дубалында “Поликлиника” деген жазуусу бар көрнөк кадалып турат. Арыда чатыры шифер менен жабылган үйдүн морунан билинер-билинбес түтүн булоодо. Айгүл бизге чоң атасы үйүнүн алдына поликлиника салганын айтпады беле? Болду-болбоду ушул деп, жашыл дарбазаны тыкылдаттык.

“Ким бул?” деген кемпирдин үнү короодон угулду.

“Кечиресиз, апа - Айгүл биякта жашайбы? Жакшы кабар айтууга келдик”.

Дарбаза чыйкылдап ачылып, келбеттүү кемпир чыга келди. Ал бизди тааныбаса да алмак-салмак өпкүлөп, үйгө киргизди. Бут кийимибизди чечип, Айгүлдүн мээримдүү чоң апасын ээрчип, эки бөлмөлүү кичине үйдүн босогосун аттадык. Свет өчкөнүнө карабай бөлмөнүн ичи жарык, жылуу экен. Мештеги чайнекте суу шакылдап кайнап жатат. Айгүл тыштан киргиче, чоң апасы бизге токоч жана варенье менен чай берди. Жаныбызда Айгүлдүн дагы бир чоң энеси, тактап айтканда, чоң таежеси олтурду. Ал кишинин кулагы катуу болгондуктан суроосуна катуу-катуу сүйлөп, жооп берип жаттык.

Сүйүнчү!

Акыры биз күткөн Айгүл да бөлмөгө кирди. Бизге башын ийкеп коюп дароо чай берүүгө кам урду. Ошол маалда Деректен “токто” деген үн чыкты. “Чай куйганга жетишесиң. Караңгыда чакыртпай келгенбизди кечириңиздер, бирок анын себеби бар. Сүйүнчү, Айгүл ACCELSден өтүптүр”.

Оттун үлбүрөгөн жарыгынан Айгүлдүн ансыз да токтоо жүзү мелтиреп, кыймылсыз боло түшкөнү байкалды. Эки кемпир кызыгуу менен чаташуу ортосунда: “кара жандарым ай, биз түшүнбөй жатабыз. Эмнеден өтүптүр дейсиңер?”-деп кайра-кайра сурап жатышты.

“Чоң апа, Айгүл ноябрда экзамен берүүгө Кочкорго барбады беле? Ошол ACCELS программасынан өтүптүр. Угарыбыз менен силерге билдирели деп Ак-Сууга шаштык. Айгүл эми бир жылга Америкага, окууга барып келет” деп Дерек толкундана айтты. Анан Айгүлгө карап, “сен Америкага барышың керек” деп өтүнгөн үн мен акырын сүйлөдү.

Мен көп жолу айылдык кыргыздардын, айрыкча кыз-келиндердин жакшы жаңылыкты токтоо кабыл алганына таң калып жүрчүмүн. Мунун себеби эмнеде? Көз тийбесин дегениби? Же кыргыз салты боюнча кыздар ой-пикирин ачык айтпашы керекпи? Же балким Айгүл жөн гана дендароо боло түшкөндүр? Эмнеси болсо да, Айгүлдүн жакшы кабарды сезими жок жандай кабыл алганы дале көз алдымда. Бир саамга нес болуп, кайра өзүнө келип бизге "чай ичкиле" деп колун сунган.

Анын ордуна чоң апасы “чын элеби?! Оо, кудайым ай! Ырас болбодубу! Кут болсун, кызымдын жолу шыдыр болсун! Жаратканыма чоң алкыш!”,-деп балпалактап кубанып, алакан жайып бата тилеген.

Жети түндө желген эт

“Балдарым! Татыныкай жигиттерим! Ушундай сонун кабарды айтканыңарга аябай ыраазыбыз. Биз эт салбасак болбойт”.

Айылда жашагандардын көпчүлүгү кичине пенсиясы же жөнөкөй жумуш акысынан башка накталай акча булагы жок болгондуктан, малды эт жана сүт үчүн эле эмес, билим алуу, үй жана машине сатып алуу, маанилүү той-аштарды өткөрүү, дарылануу сыяктуу жашоо зарылчылыктары үчүн багышарын билчүмүн. Андыктан бул үй-бүлөнүн мен үчүн кой союп, курулай чыгым болуусун каалабадым. Апаны “убара болбой эле коюңуз" деп токтотууга шаштым.

Бирок апа мени укпады. “Убара болбой элебиз. Мурдагүнү кой сойгонбуз. Казанга салсак, эки саатта даяр болот” деп айтканын жасоого өттү.

Мен эми америкалык тактикага өттүм: “эки саатпы? Түн ортосу болуп калат го” деп оозумду ачып эстедим. “Ден соолук үчүн саат сегизден кийин күчтүү тамак жебеш керек”.

“Балам - айтканыңды түшүнөм, биздин шартыбызды эсептегениңе да ыраазымын. Бирок силер жакшы жаңылык айтып келдиңер да. Кичинекей болсо да сый көрсөтөлү. Антпесек кечке өзүбүздү жаман сезебиз!”.

Ал кечти кантип сүрөттөйүн? Албетте, эт ойлогон убакыттан кечирээк даяр болду, бирок күтүүгө татыктуу, назик жана абдан даамдуу болуп бышыптыр. Тамак жегиче апа бизге башынан өткөн тарыхынан кеп салып берди. Дасторконго бата тиленгенден кийин мен очоктун жанындагы жүндөн жасалган жылуу төшөккө куладым. Көзүм илинип баратып Дерек менен Айгүлдүн идиш-аяк жууп жатып сүйлөшкөндөрүн чала-була угуп жаттым.

Жүрөктө калган мээрим

Таң бат эле аткандай сезилди. Эртең менен эрте ойгондук. Айгүлдүн кабагы кечээкиден ачылып, жайдары экен. Биз чай ичип жатканда, “эртең менен уйларды сааган соң, тээ ылдый жакка, суунун жээгине жашынып бардым. Тегерегиме көз чаптырсам, эч ким көрүнбөйт. Бакырып ыйлап, күлүп, үнүмдүн болушунча кыйкырып, ары-бери чуркап бийледим. Качан гана бирөөнүн алыстан келе жаткан карааны көрүнгөндө өзүмө келип, үйгө кайттым” деп англисче сүйлөп, сезимдерин моюнуна алды.

“Ошондойбу? Кубанычтасыңбы?” деп сурадым мен.

Айгүл "иттей" деп шыбырап, анан белин түздөп, “чай ичкиле” деп колун сунду...

Айгүлдүн чоң апасы биз үчүн Кочкорго барчу таксиден эки орун ээлеп коюптур. Алтынчы күн сайын Кочкордо мал базар болгондуктан, беш жүргүнчү алты кой менен сапар тартмай болдук. Төрт койду машиненин аркасына, экөөсүн бутубуздун алдына салышты. Бир койду жигиттер мүшөккө сала албай убара да болушту. Аны карап турсам арттан колумду бирөө чукулайт. Чочуп кетип бурулсам, Айгүлдүн чоң апасы мага жол кире үчүн эки жыйырма сомдукту сунуп жатыптыр.

Анын бул кичинекей ызааты мага күчтүү таасир калтырды. Кокусунан мен өзүмдү чоң апанын өз баласындай сезип кеттим. Ошол мезгилге чейин Кыргызстанда мага эмне жетишпей жүргөнүн түшүнүп, төбөм көккө жетти. Ал жөнөкөй адамдык мээрим эле. Албетте, мен жашаган үй-бүлөдө мага "балам, байке, иним" деп кайрылып, жылуу мамиле кылышчу, бирок башкалар мени акчасы көп америкалык катары кабылдашкандай сезилчү. Кыргызстанга келгени Ак-Суудагыдай сезимге биринчи тушуктум, ал сезим али да жүрөгүмдө.

Мен апанын сунган акчасын албаганга болоор-болбос аракет кылып, акыры чөнтөгүмө салдым. Анан көзүмө жаш тегеренгенин байкатпас үчүн башымды буруп, машинеге түштүм.
  • 16x9 Image

    Дэвид Галлагер

    1999-2001-жылдары Нарын жана Ысык-Көл облустарында Тынчтык Корпусунун ыктыярчысы болгон. 2006-жылы Жорж Вашингтон университетинде эл аралык мамилелер боюнча магистратураны бүтүргөн соң, АКШнын Айыл-чарба департаментинде иштеген. Учурда Колорадо штатынын Денвер шаарында эки уулду өстүрүп, Дүйнөлүк Билим берүү кызматында (World Education Services) иштейт. Фейсбуктагы "Англисче-кыргызча талкуу айылынын" (АКТА) негиздөөчүсү жана башкы администратору.

XS
SM
MD
LG