Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

Кыргызстанда ыктыярдуу кан донорлору азайып, ооруканаларда кан тартыштыгы сезиле баштады.

Борбордо сакталган донордук кандын запасы күн сайын төмөндөп, аны өлчөмү мурда белгиленгенден эки эсеге азайып кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” курган маегинде Республикалык кан борборунун директору Бакыт Карабаев билдирди.

- Кыргызстанда донорлук кан жетишпей, ыктыярдуу кан тапшыруучулар аз болуп жатканын билдирип чыктыңыздар. Чындыгында эле абал кандай?

- Жай мезгили, көпчүлүк эс алууда, бизге эң көп донор болгон студенттер каникулга тарап кетишкен. Бирок ооруканаларда операциялар уланууда, жараат алып кайрылгандар азайган жок. Ошондуктан донорлор азайып, бизде сакталган кан жана анын компоненттеринин тартыштыгы сезилип жатат. Мындан улам биз коомчулукка кайрылып, ыктыярдуу донорлорду кан тапшырууга чакырып жатабыз. Кан тапшырууну каалагандар Бишкектеги жана өлкөнүн бардык аймактарындагы кан борборлоруна кайрылса болот.

- Негизинен сиздердин борбордо ар кыл кан топторунун запасы топтолуп турат эмеспи. Демек ошол запас азайып кеттиби?

- Ооба, бизде топтолгон донордук кандын запасы азайып кетти. Бизде стратегиялык запас бар. Ар бир кандын тобунан 5 литрден кармайбыз. Бул плазма. Ошондой эле ар бир топтон 10 литрден масса сакталат. Мына ушул запастын көлөмү азайып баратканы үчүн биз коңгуроо кага баштадык.

- Учурда кайсы ооруканаларда донордук кандын тартыштыгы сезиле баштады?

- Бизде бейтаптары күн сайын кан алмаштыруууга муктаж болгон бир нече оорукана бар. Мисалы, Улуттук гематология борбору, Улуттук онкология борбору, Бишкектеги сынык-жаракаттарын дарылаган травматологиялык оорукана. Мына ушул ооруканалар күн-түн дебей канга муктаж болуп турушат.

- Демек сиздерде сакталган кан азайып, тартыштык улана берсе, бир топ бейтаптардын өмүрү коркунучта калышы мүмкүнбү? Кырдаалдан чыгуунун башка жолу барбы?

- Сөзсүз түрдө адамдын өмүрүн сактоодо коркунуч туулат. Ал эми канды табигый эмес, жасалма жол менен алуу жолу ойлоп табыла элек. Канды жана анын компоненттерин адам гана бере алат.

- Негизинен сиздердин борборго өз ыктыяры менен күнүнө канча адам келет?

- Биздин борбордо адатта орто эсеп менен күнүнө 80-100 адамга чейин кан берип турат. Ал эми азыркы учурда бул сан 10-15ге чейин азайып кетти.

- Адатта ар дайым кан тапшырып турган ардактуу донорлор болот эмеспи. Аларга мамлекет тарабынан атайын жөлөк пулдар каралат. Бул жаатта Кыргызстанда иштер кандай?

- Биринчиден, ардактуу донор деген наамды алыш үчүн жарандар 30 ирет бекер, акысыз кан бериши керек. Ошондон кийин гана ушул наамга ээ болот. Ал эми жөлөк пулдар боюнча айтсак, ардактуу донорлорго каралган бир нече жеңилдиктер бар болчу. Булардын ичинде маанилүү да, анан жөн гана эч нерсеге жарабаган жеңилдиктер каралган болчу. Анан донорлор ассоциациясы менен кеңешип, бул жеңилдиктерди акчалай түрүндө берүү макулдашылган. Мунун негизинде ардактуу донорлор ай сайын 1000 сомдон жөлөк пул алышат.

- Кыргызстанда канча ардактуу донор бар?

- Бизде 3049 ардактуу донор катталган.

- Сиз өз ыктыяры менен кан тапшырчу донорлордун саны азайганын айтып жатпайсызбы. Балким мындай адамдарга берилчү жеңилдиктерди кайрадан карап чыгуу зарыл эмеспи?

- Өз ыктыяры менен, акысыз кан тапшыргандарды акча, же жеңилдик менен кызыктыруу туура деле эмес. Кан тапшырчу адамдар өз ыктыяры менен, акчага алданбай, аң-сезимдүү түрдө бул ишти аткарышы керек. Бизде булардан сырткары атайын акы алып, кан тапшырган донорлор деле бар. Бирок булардын алып жаткан акысы деле көп эмес.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG