Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:58

Артериялык кан басымдын жогору болуусу алгач көрүү, угуу жөндөмүн басаңдатып, жүрөк, бөйрөк сыяктуу органдардын толук кандуу иштөөсүн кыйындатат. Дарыгерлердин айтуусунда, кандын басымы 130дан жогору болгондо эле адиске кайрылып, керектүү дарыланууну, алдын алуучу иш-чараларды баштоо керек.

Артериялык кан басымдын жогорулоосун адатта медицинада "үнсүз ажал" деп коюшат. Бишкектеги №1 клиникалык оорукананын кардиология бөлүмүндө дарыланып жаткан 62 жаштагы Хадижа кан басымынын 200гө чыгып кеткенин бир нече ирет эсинен тангандан кийин гана билген:

- Менин ооруп жүргөнүмө көп болду. Беш жылдан ашып калды окшойт. Мурда эле ооручу экем, бирок билбей жүрө берипмин. Анан бир күнү кулап калдым. Бир нече жолу эстен танып, ушул ооруканага кайрылганда кан басымым 200гө жогорулап кеткенин билдим. Азыр 150гө түшсө, өзүмдү жакшы сезип жатам. Болбосо эки кулагым чуулдап, жүрөгүм тарсылдап жаман болуп кетем.

Гипертония же кан басымдын жогорулоосу адатта жашы өтүп калган адамдарда көп кездешет. Жөнөкөй тил менен айтканда, денеде айланган кандын басымы күчөп, артериялык кан тамырлардын бооруна жасалган кысымды гипертензия деп аташат. Дартты убагында дарылабаса, жүрөктүн иштеши бузулуп, инсультка, бөйрөктүн иштебей калуусуна чейин алып жеткирет.

Адистер жер-жемишти көбүрөөк колдонуу кан басымдын жогорулоосунан сактайт дешет.

Адистер жер-жемишти көбүрөөк колдонуу кан басымдын жогорулоосунан сактайт дешет.

Кардиолог-профессор Замир Арзыкуловдун айтуусунда, оорунун алгачкы белгилери билине баштаганда эле дарыгерге кайрылуу зарыл:

- Мындан 10 жыл мурда изилдеп көргөндө Кыргызстандагы ар бир онунчу кишиден гипертензиялык оорулар чыккан. Андан бери изилдей элекпиз да. Бирок азыр аябай көбөйдү. Айрыкча жаштар арасында гипертонияга чалдыккандар арбын. Бизде азыр бул тукум кууган өнөкөт ооруга айланып бара жатат. Тукум куучулук - бул анын көбөйүшүнүн биринчи себеби. Экинчи себеби туура эмес тамактануу. Анан жумуш, үйдөгү стресс да кан басымдын жогорулашына себеп. Гипертониялык оору жөнөкөй тил менен айтканда, даракты тымызын жеген куртка окшош. Биринчи кезекте көздү жабыркатат, жүрөк, бөйрөк, анан бут жарабай калат. Мына ушул органдар кан басымдын жогорулоосунан эң көп зыян тартат. Жүрөк оорулары, инфаркт, инсульт жана бөйрөктүн жарабай калып, гемодиализди талап кылуусуна да дал ушул гипертония жеткирет.

Баштын катуу оорусу биринчи белги

Адатта кан басымды текшергенде адистер эгерде анын даражасы 130дан жогору болсо кооптуу коңгуроо экенин эскертишет. Бирок кан басымдын жогорулап кеткенин билбей эле жүрө бергендер көп. Бишкек шаардык №1 клиникалык оорукананын башкы дарыгери Жусуп Бошкоев опуртал дарттын алгачкы белгилери кандай экенине токтолду:

- Баштагы эки чыкый ооруп, кежигеден ылдый тартып, жүрөктүн кагуусу тездеп, адам кыйналат. Дагы башка ар кандай белгилери бар. Бирок көп адамдар түшүнө беришпейт. Эмнеден улам чарчап жатканын, капаланганда эмнеге башы ооруп жатканын билбей эле бул дартка чалдыгып калышат.

Алдын алуу жолдору

Американын кардиологдор бирикмеси биринчи кезекте тамакка кошкон туз менен соданы азайтууну сунуштайт. Эгерде бул заттардын өлчөмү бир күндө 1 500 миллиграммдан ашып кетсе, анда коркунуч фактору жаралат. Жаныбарлардын майы, алкоголь, чылым тартуу да ооруга шыкак болот. Дарттын алдын алуу боюнча адис Бошкоевдин айтуусунда, тамак-ашка өзгөчө маани берүү керек:

Кан басымдын жогорулоосуна ичимдик негизги себептердин бири

Кан басымдын жогорулоосуна ичимдик негизги себептердин бири

- Жаныбарлардын майын эмес, мөмө-жемишти көбүрөөк жеш керек. Адам эми жырткыч жаныбар эмес да, өсүмдүктөр менен деле жанын багып кете алат. Туздуу тамак-ашты чектеп, алкоголдун өлчөмүн азайтуу зарыл. Өзгөчө арак ичкендерге айтаар элем, эркектерге күнүмдүк 30 грамм, аялдарга 15 грамм деген норма бар. Бизде андай болбой жатпайбы. Аракты күндө ичүү жакшылыкка алып келбейт. Арты барып эле гипертензия, инсульт болот. Анан бизде кыргызда дарыны өз убагында ичүү маданияты жок. Үч күн ичсе, эки күн унутуп калат же аш-тойго табылган акча дарыга келгенде жок болуп чыгат. Биринчи кезекте өзүбүздү, ден соолукту карашыбыз керек. Дене көнүгүүлөрүн аткарып, кыймылда болуу абзел.

Кан басымдын нормалдуу болуусу үчүн биринчи кезекте жеген, ичкен тамакка кылдат карап, экинчиден адам дене тарбия көнүгүүлөрүн аткарып, кыймылдуу жашоосу зарыл. Ошондой эле адистер ашыкча салмакты да эң чоң фактор катары белгилешип, семирип кетүүдөн жана ашыкча стресстен этият болууга чакырышат.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG