Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:01

Миңжылкиевди дүйнө унутпайт


Бүгүн кыргыздын таланттуу уулу Болот Миңжылкиевдин туулган күнү. Ал тирүү болгондо 73 жашка толмок. Прага шаарында орус маданият үйүндө кыргыздын уулу, СССР эл артисти, Ленин сыйлыгынын ээси, атактуу опера ырчысы Болот Миңжылкиевди эскерүү кечеси өттү.

Музыка изилдөөчүлөрдүн айтымында, кыргызда бас үндүү опера ырчылары башынан аз. Болот Миңжылкиев мына ошол көчмөндөрдө сейрек учураган керемет үндүн ээси болчу. Сахна ажарын ошол үнү менен ачып, ошол үнү менен ал бир ууч элин, мекенин дүйнөгө таанытканын кантип танабыз?

Апрель күндөрүнүн биринде Прагада кайталангыс талантты эскерүү кечеси өттү. Аны уюштурган Тахира Менаждинова Москвадагы чоң театрдын жана Прагадагы мамлекеттик театрдын солисти, Прагадагы мамлекеттик консерваториянын профессору.

Эскерүү кечеси "Азаттык" радиосунун кабарчысы Жаңыл Жусупжандын видеорепортажы менен ачылды. Анда Америкадан келген жарандардын Болот Миңжылкиевдин бейитиндеги эстеликке гүл коюп жүргөн учуру тартылыптыр:

- Болот, сен ишенесиңби? Балким сезип тургандырсың. Биз келдик, жаныңда ыйлап турабыз, - деп көзүнө жаш алып, тагдыр аларды Миңжылкиев менен тээ 80-жылдары Нью-Йоркто жолуктурганын, ошол бойдон 2001-жылы гана Кыргызстанга келип, кайталангыс таланттын кай жерге коюлганын издеп табышканын айтып беришет.

Эскерүүгө жалаң талантты сүйгөндөр келген экен. Ошого көңүл жылыды. Концертти Тахира Менаждинова өзү алып барып, алгач бас үндүү Болоттун кайталангыс өмүр жолу менен тааныштырды. Айрыкча, 1975-жылы Праганын мамлекеттик филармониясында өткөн уникалдуу таланттын концерти тууралуу айтканда, зал дуу эте түшүп, кол чабуулар жаңырды. Көрсө, бир кылым мурда болгон окуяны, андагы жапжаш Болот Миңжылкиевди күйөрмандары алигиче эстеп жүргөн экен.

Темир көшөгө менен жабылган Советтер Cоюзунда чет өлкөгө чыгуу шыбагасы бардык эле өнөр адамдарына тийчү эмес. Болот Миңжылкиевге болсо Италиянын атактуу "Ла-Скала" театрында үч жыл стажировкадан өтүү бактысы буюрган экен. Буга албетте, маңдайына кошо бүткөн таланты себепкер экенин туюп турсаңыз керек. Мына ушул Миланда жүргөн кезде ал атактуу педагог Женаро Бара менен маэстро Артуро Мерлинден сабак алып, добушунун диапазонун дүйнөлүк деңгээлге көтөрөт.

Миңжылкиев дүйнөлүк классиканын берметтерине айланган бир топ операда рол жараткан. Айрыкча, "Князь Игорь" чыгармасында кыпчак ханы Колчактын ариясын анчалык эч ким аткара албаганын орус басылмалары жазган жайы бар.

Бу жолу кечеде Прагадагы мамлекеттик опера жана элдик театрынын солисти Юрий Круглов операдан үзүндү ырдап, аз да болсо Миңжылкиевдин үнүн эске салды. Андан тышкары сопрано үндүү Тахира Менаждинова экөөлөп, “Фауст” операсынан үзүндү аткарышты.

- Мен ал кишини көргөн учурда таланты гүлдөп турган мезгил экен. Консерваториянын студенттери дүйнөлүк артисттердин концерттерин ынтызарлык менен көрчүбүз. Бир күнү проректор эжейибиз айтып калды: Борис Годуновдун ролун аткаруу үчүн Америкага Евгений Нестеренкону жиберишсе, көрүүчүлөр чыныгы Миңжылкиев-Годуновду талап кылышат. Бактыга жараша ошол учурда Миңжылкиев Канадада гастролдоп жүргөн экен. Күйөрмандардын өтүнүчү менен түнү бою виза даярдашып, Америкага алып барышкан экен.

Миңжылкиевге байланыштуу дагы бир окуя эсимде. Кайсы бир жылы Киевге барганда мамлекеттик филармонияда ремонт иши жүрүп жатканынан улам, концерт көркөм-сүрөт музейинде өтмөй болду. Залдын ичи анчалык кенен эмес, акустика жок деп маанайыбыз түшүп турган. Бир маалда сүйкүм жүздүү, кайталангыс үнү бар Миңжылкыев чыга келип, адаттагыдан башкача жылмаюусу менен олтургандарды шаңга бөлөп салды. “Миңжылкиев бар жерде акустикасы жок зал деп айтпай жүргүлө” дешкен ошондо. Силердин “экинчи Болот” деп берген бааңар мен үчүн сыймык. Бирок ал киши жеткен бийиктиктердин четине да жете элекпиз. Кылымда бир жаралган талант эле, - деди Юрий Круглов толкунданып.

Сопрано үндүү Ванда Шилова, пианистка Елена Кирал, Прагадагы музыкалык академиянын студенти Михал Леберцайт жана Прагадагы эл аралык консерваториянын студенттери катышкан бул кече кыска жана жандуу өтүп, көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Ал эми кесиптешибиз Жаңыл Жусупжан комузда кол ойнотуп, Елена Кирал экөө ырдаган фольклордук музыка кыргыз ырларын эске салды.
"Азаттыктын" архивинен: Прагада Миңжылкиевдин ырлары жаңырды. 18.06.2012

Тахира Менаждинова бул кечени үч жыл катары менен өткөрүп келет. Алгачкы эскерүүнү 2010-жылы, маркумдун 70 жылдыгына карата уюштурган:

- Консерваторияны бүтүп келген алгачкы жылдардан тарта Болот Миңжылкыев менен он жыл бирге иштештим. Буга мен аябай сыймыктанам. Ал мага бир башкача, түз эле космостон түшкөн адамдай сезилчү. Кайталангыс талант, аныкындай үн миң жылда бир жаралаар. Экөөбүз Арриго Бойтонун “Мефистофель” операсында чогуу ырдаганбыз. Ошол күндөн бери Маргаританын партиясы эң сүйүктүү ролум болуп калды, -деп эскерди Тахира Менаждинова.


Тахира Менаждинова келечекте Миңжылкыевди эскерүү кечесин мындан дагы кеңири өткөрүү максатын көздөп жүрөт. "Келерки жылы Миңжылкиев атындагы клуб түзүп, атын өчүрбөө максатында конкурстарды өткөрсөк дейбиз. Каражатыбыз деле жок, албетте меценаттар чыгып калса баары жакшы болоруна ишенем. Эң башкысы өзүмө күч берсин, анан опера ырчылары болсо,"- дейт ушу тапта Прагадагы консерваторияда иштеп жаткан Тахира айым.
"Азаттыктын" архивинен: Тахира Менаждинованын Прагадагы кечеси. 29.4.2011
Болот Миңжылкиевдин туулган жери Кыргызстан, кичи мекени Ысык-Көлдүн Тору-Айгыры болгону менен ал дүйнөлүк жылдызга айланды. Атагы ааламды жарган мындай таланттын чыгармачылыгы изилденип, ал тууралуу китеп жазылып, анын аткаруусундагы ырлар, ариялар өзүнчө альбом болуп жарык көрчү күн да келээр. Тахирадай фанат Кыргызстандан да чыгып, ар жылы талантыбызды эскерип тураар.

Белгилүү опера ырчысы, кайталангыс добушу менен далай атактуу сахналарды багындырган Болот Миңжылкиев 1940-жылы 23-апрелде Бишкек (мурдагы Фрунзе) шаарында туулган. 1957-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз опера жана балет театрынын алдындагы хор студиясын бүтүп, 1959-жылы Ташкент мамлекеттик консерваториясынын вокалдык бөлүмүнөн окуусун уланткан.

Анын аткаруусундагы А.Малдыбаев, В.Власов, В.Ференин “Манас” операсындагы Коңурбайдын, “Айчүрөктө” Семетейдин, М.Мусоргскийдин “Борис Годуновунда” Гимен менен Бористин, Ш.Гунонун “Фаустунда” Мефистофелдин, А.Даргомыжскийдин “Суу перисинде” Тегирменчинин, Н.Римский-Корсаковдун “Падышанын колуктусунда” Собакиндин, Д.Россининин “Севилдик чач тарачында” Дон Базилионун, Вердинин “Дон Карлосунда” король Филиптин ролдору дүйнөлүк операнын кенчине айланганы талашсыз чындык.
"Азаттыктын" архивинен: Ч.Айтматов менен Б.Миңжылкиевди эскерүү. 2.10.2010


  • 16x9 Image

    Карамат Токтобаева

    1998-жылы КМУУнун журналистика факультетин аяктап, 1997-2003-жылы “Асаба”, “Агым” гезиттеринде эмгектенген. Баткен окуясында курман болгондорго арналган “Жоокерлер кушка айланып учуп жүрөт” аттуу эскерүү китептин автору. "Азаттыктын" блоггери, Прага шаарында жашайт.

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG