Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:29

Сан-Маринодо өткөн кыргыз диаспораларынын дүйнөлүк форумуна Кыргызстандын Германиядагы элчиси Болот Отунбаев катышты. "Азаттыкка" курган маегинде элчи чет жерлердеги кыргыз мигранттары бутуна туруп, коомдук күчкө айланып келатканын белгиледи.

"Азаттык:" Элчи мырза, сиз 12-14-апрелде Сан-Маринодо өткөн чет жактагы кыргыз диаспораларынын эл аралык форумуна катыштыңыз. Кыргыз диаспораларынын урааны бу жолу “Күч бирдикте, биригели!” экен, сиз келечекте чет өлкөлөрдөгү мигранттар биригип, жалпы бир орток уюм түзөөрүнө ишенип калдыңызбы?

Болот Отунбаев: Чынында бул форум абдан маанилүү деп эсептейм, себеби дүйнөдөгү бардык кыргыздар биригели деп алакандай болгон Сан-Марино өлкөсүнө чогулушту. Биринчи форумдун жыйынтыктары, тилекке каршы, ишке ашырылбаптыр. Ошондуктан азыр конкреттүү маселелерди коюп, резолюция кабыл алалы, натыйжасын көргөндөй бололу деп жатабыз. Бул жерде чогулган делегаттар ортодогу маселелер боюнча Президентке, Өкмөткө, Жаштар жана миграция министрлигине кайрылабыз деп жатышат. Бул форум былтыр Америкадагы “Кыргыз клаб” уюмунун демилгеси менен башталыптыр. Мынакей экинчи форумга Европанын көп өлкөлөрүнөн келген кыргыздар катышып жатышат, андан башка Орусия, Түркия, Жапониядан дагы келишти. Алардын бардыгы курч маселелерди көтөрүп чыгышты. Форумдун урааны “Күч бирдикте!” деп жөн эле айтылган сөз эмес, жердештер биригет деп мен абдан ишенип жатам. Бирок кандай жол менен биригет? Азыр ар бир өлкөдө кыргыздардын уюмдары бар. Маселен, Америкада “ Кыргыз клаб”, Германияда, Италияда өзүлөрүнүн “Кыргыз Клабдары” бар, Түркияда Кыргыз-Түрк маданият уюму, Орусияда Мекендештер Конгресси деген бар. Мына ушулардын бардыгы ортодо бир уюм түзүп, Кыргызстанда каттоодон өтүп уюшса, келечекте бул чоң күч болот деп ишенем.

"Азаттык:" Бул форумду Италиядагы кыргыз мигранттары уюштуруп жатыптыр. Италияда элчилик жок, өзүлөрү ич-ара уюшуп, бири-бирине жардам берип, маселелерди чечип жатышыптыр. Ал эми Германияда кыргыз диаспорасы кандай? Сиздер менен кандай кызматташат?

Болот Отунбаев: Германияда кыргыз диаспорасы чоң. Анткени билим алып жаткан студенттер, окуучулар көп. Ошондой эле окуусун аяктап, ал жакта иштеп калгандар дагы бар. Мен баягы 90-жылдары башталган миграцияны, Кыргызстандагы немистердин бул жакка көчкөнүн айтпай эле коеюн. Ошол көчүп келгендердин жашы он алтыдан өйдөлөрүн эсептегенде 100 миңге жакын, ал эми он алтыга чейинкилерди кошкондо 200 миңден ашып кетет. Бул жактын жарандыгын алып, толук эле Германияда жашап калышты. Биз менен байланышып турушат. Биздин элчилик Берлинде жайгашкан, Бонндо элчиликтин бөлүмү бар жана Франкфуртта консулдук ачылган. Консулдук каттоодо турган кыргыздардын саны 2500-3000 адамга барат. Биз элчиликтин демилгеси менен кыргыз-немис маданият уюмун ачтык. Ал уюмда биздин жарандар иштешет.

"Азаттык:" Форумда Кыргызстандан чет өлкөгө чыгып кеткен жарандардын саны бир жарым миллионго жакын деп айтылды. Америка, Европа, Орусия, Жапония, Корея, Түркия, Казакстанга кеткен мекендештердин саны балким бир жарым миллиондон дагы ашыктыр. Бул сан калктын чоң бөлүгү болуп жатпайбы. Эки күндөн бери форумга катышып отуруп, чет өлкөдөгү кыргыздар келечекте Кыргызстанга кандай пайда алып келиши мүмкүн деген жыйынтыкка келдиңиз?

Болот Отунбаев: Өзүбүз алакандай элбиз, жалпы саныбыз беш жарым миллион деп эсептелинип жүрөт. Анын бир жарым миллиону сыртта экени айтылууда. Өз убагында башка элдер дагы миграциянын толкунуна кабылганын көрдүк эле. Маселен, кытайлар, армяндар, ушул эле Италия эли. Москвада мурда кыргыздар көчө шыпыргыч болуп иштесе, азыр кичине жакшы жумуштарда иштеп жатканы форумда Орусиядан келген делегаттар тарабынан айтылды. Анткени биздин кыргыздар башкаларга караганда билимдүүрөөк, маданияты жогору, элдин 99% сабаттуу. Орусиядан сырткары башка өлкөлөрдө дагы жакшы жумуштарда иштеп жүрүшөт. Ошол бир жарым миллиондун ичинен бутуна туруп, байып, саясатта, илимде, дагы башка тармактарда өздөрүн көргөзүп жаткандар көбөйдү.

Алардын көбү орус, кыргыз тилинен башка дагы 1-2 тил билишет. Баары бутка турган соң, алар биздин менталитетибизге ылайык Кыргызстандан биротоло кол үзүп кетпейт. Баарынын эле максаты - балдарына татыктуу билим берүү, чет өлкөдөн аларга жаңы тажрыйба үйрөтүп, көп нерсеге көзүн ачуу. Кийин өлкөбүзгө кайтып келип, өз билимдерин инвестиция катары киргизсе, чоң эле пайда болот деген ойдомун. Азыр баарыбыз эле көрүп-билип турабыз, Кыргызстан абдан кыйын абалда турат. Ошондуктан биз өлкөбүзгө таарынбай, тескерисине колдон келген жардамыбызды берип көтөрсөк болот. Алган билимбизди инвестициялап, же болбосо түз эле акчалай каражат аркылуу, чет өлкөдөн тапкан акчаны өлкөнүн экономикасына салсак болот. Азыркы форумдун катышуучулары да ошондой жолдорду талкуулап жатышат.

"Азаттык:" Форумга катышып жаткандар ар кайсы өлкөлөрдөн, тээ алыс жактардан жолго акча коротуп, убакыт коротуп келишкенин патриоттук сезим менен түшүндүрүп жатышпайбы. Өзүңүз билгендей, Армениянын чет өлкөдөгү диаспоралары өз өлкөсүнө жакшы жардам беришип, көтөрмөлөп келатышат. Ошондой эле сыртта жашаган түрк диаспоралары дагы өлкөсүнө абдан чоң колдоо көрсөтөт. Биздин чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар ошондой күчкө айланат деген үмүт пайда болдубу сизде?

Болот Отунбаев: Мен буга ишенем. Түркиядагы биздин 500дөй кыргыз балдар бир уюмга биригип, бутуна турган бизнесмендер болуп жүрүшөт. Алардын айтымында, саясатка кийлигишүү максаты жок, бирок убагы келгенде саясат өзү эле аларды тартып алат. Орусиядан келген конгресстин мүчөлөрү, төрагасы баштап ал жактын бийлиги кыргыз диаспорасы менен теңата сүйлөшүп калышканын айтып жатышат. Кыргыздардын саны миллионго чукулдап барганы үчүн аларды добуш топтогонго жардам берүүсүн суранып жатышкан экен. Орусияда жургөн жарандар келечекте Мамдумага өзүлөрүнөн депутат өткөрөбүз деп ойлоп жатышканы сөз болду. Мен Орусияны жакшы билем, өзүм элчиликте иштедим. Ошол кыргыздардын тилеги ишке ашып, Мамдумада кыргыз диаспорасынын өз өкүлдөрү пайда болот деп ишенем.

"Азаттык:" Чет өлкөлүк инвесторлорду кыргыз экономикасына тартуу азыр чоң маселе болуп турат, былтыр алардын үлүшү азайганы айтылды. Германияда Кыргызстанга инвестиция салуу жагында жандануу барбы?

Болот Отунбаев: Менин элчи болуп келгениме бир жыл болду. Башынан эле айтып келем, Германия менен болобу, башка өлкө менен болобу, саясатта эч кандай маселе жок. Элчиликтер экономикалык дипломатия деген ураан алдында иштеп жатабыз, бардык күчүбүздү Кыргызстанга инвестиция тартканга жумшап жатабыз. Германия бул жагынан бизди колдоп келатат. Орто Азияда жалгыз биз парламенттик өлкөнү куруп жатабыз. Ошол элибиздин, бийликтин, депутаттардын мээнетин Германия абдан жакшы баалайт. Бизге моралдык колдоодон тышкары, материалдык да колдоо көрсөтүп жатат.

Мына он жылдан бери биздин бир да президент Германияга келген эмес. Германиянын бир да канцлери Кыргызстанга барып көргөн эмес. Былтыр декабрда президент Алмазбек Атамбаев расмий сапар менен келип, Германиянын президенти жана канцлерине жолукту. Жеке байланыштар түзүлдү. Ошол сапардын жыйынтыктары буюрса ишке ашып келатат. Ошондо Ангела Меркель айым быйыл Германияда шайлоо өтөөрүнө байланыштуу Кыргызстанга бара албасын айтып, эгерде шайлоодо анын партиясы утуп, кайрадан канцлер болсо сөзсүз барууну убада кылды.

Анткени 2014-жылы НАТОнун аскерлери Кыргызстандан чыгуусу азыр бүткүл дүйнөнүн көңүлүн өзүнө буруп турат. Биздин өлкө алакандай болгону менен аймактагы ролу абдан эле чоң. Ошону булар билип турушат. Жакында эле, феврал айында Ангела Меркелдин атайын тапшырмасы менен чоң делегация барып, президенттер сүйлөшкөн пландарды кантип ишке ашыруу тууралуу сүйлөшүп кетти. Анан дароо эле Кыргызстандан он чакты министр орун басарлары баштаган чоң делегация келип, Бонн шаарында өкмөттөр аралык көптөгөн макулдашууларга кол коюп кетишти. Ошол келишимдерге ылайык, Германия быйыл финансылык-техникалык өнүгүүгө 34 млн. евро берип атат. Өзүңөр билгендей, ушу тапта Германия Европадагы күчтүү өлкө болсо дагы, башка коңшу өлкөлөргө болгон финансылык-техникалык жардамын азайтып жатат. А бизге, тескерисинче көбөйттү. Мындан улам Германиянын бизге мамилеси түз экенин айтсак болот. Акырындан инвестицияны дагы көбөйтөбүз. Азыр ушул биринчи кезекте экономикалык дипломатия жагында аракет көрүп жатабыз.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG