Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

Жогорку Кеңеште депутаттар тобу ушул күздө букмекер кеңселеринин ишин тыюу боюнча мыйзамдын долбоорун парламенттин жалпы кароосуна алып чыкканы жатат.

Эки жыл мурун казино, кумарканалар жабылгандан бери ар кандай спортчулардын, спорт командалардын жеңиши үчүн алдын ала байге сайылган жана акчага мелдештер өткөн жайлар көбөйдү. Парламент 2012-жылы букмекер кеңселери жана тотализатор бюролорунун иши тууралуу мыйзам долбоор кабыл алган. Бирок президент мындай кумар оюн жайлары жабылышы керектигин белгилеп, мыйзам долбоорго кол койбой койгон эле.

Ал арада букмекер кеңселеринин иши толук көзөмөлдөнбөй, алданып калганын айткан кардарлар арбып жатат.

Уткан акчанын убайымы

Бишкек шаарынын тургуну Амир Аскаров Кыргызстандагы ири букмекер кеңселердин бири менен соттошкону жатат. Ал ушул айдын башында футбол боюнча таймаштардын бирине 10 миң сом байге сайган экен. Натыйжада командасы утканы менен букмекерлер койгон акчасын гана кайтарып берип, утту деген 44 миң сомун бербей койгонун айтууда:

- Системалуу ката болгондо байге кабыл алуу жабылды деген жазуу чыгат. Ал эми ачылып турганда мындай катага кирбеши керек болчу. Буларда коэффициенттерди койгон атайын адамдар болот. Мен байгени койгондон кийин үч-төрт мүнөттөн кийин байге саюу жабылды деп чыкты. Бирок бирде ачып, кайра жаап жатышты. Оюндун 55-мүнөтүндө мен утат деп койгон командам аз жерден дарбазасына топ киргизип ала сактады. Анан дагы үч мүнөттөн кийин силердин койгон акчаңарды кайра кайтарып беребиз деп айтышты. Эгер менин командамдын дарбазасына гол киргенде мен утулуп калмакмын да, 10 миң сом күйүп кетмек. Булар болсо мага уткан акчамды бергиси келбей жатат.

Амир Аскаров муну көз боемочулук деп атады. Букмекер кеңселеринде байге саюу эрежелери көрүнө жерде илинбегенин белгиледи:

- Негизи байге кандай сайылат, кандай кабыл алынат деген эрежелердин баары илинип турушу керек го. Ошол регламентте койгон акчаны кайтарып берүү деген эреже жок экен. Мени алдабасын мен каяктан билем? Буга чейин акча койгондо эки-үч жолу уткан акчамды бербей койгон учур болгон. Анда бирок аз суммадагы акча болчу. Бул ирет тобокелге салып 10 миң сом койсом, уткан акчамды бербей жатышат. Менде квитанция бар. Бул деген расмий документ. Булар уткан акчаны төлөп бериши керек.

Бишкек шаарынын дагы бир тургуну 27 жаштагы Азат букмекер кеңселерине үч жылдан бери такай каттайт экен. Анын айтымында, соңку кездери бул спорт ышкыбоздорунун эмес, кумарчылардын жайына айланды.

Буга чейин Бишкектеги кумарканалар жабылган. Бирок алар көмүскө иштеп атканы айтылып келет.

Буга чейин Бишкектеги кумарканалар жабылган. Бирок алар көмүскө иштеп атканы айтылып келет.

- Кумарга алдырып, көп акча уттуруп карыз болгондор көп. Мурун казинолорго барып жүргөндөр азыр ошол букмекерлерде акча сайып ойношот. Кумарга алдырган кишилер ар кандай оюндарга акча кое берет. Болгон мыдырын уттуруп, эми эмне кылам деп отуруп калгандарды көрүп эле жүрөм. Казинолордун ордун букмекерлер алмаштырды.

“Азаттык” уткан акчаны кайтарып бербей жатат деген букмекер кеңсеси менен байланышты. Андагы атын атабаган администратор кыз дооматты четке какты:

- Биз регламент чегинде гана иштейбиз. Ал жерде бардык эрежелер жазылган. Биздин бардык жайларыбызда регламент бар. Эгер андагы кайсы бир пункттар өзгөрө турган болсо, кийин кардарлар силер ойгелди эле өзгөртүп жатасыңар деп айтып чыкпашы үчүн анын көчүрмөсү Каржы базарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына берилет. Тилекке каршы, кээ бир кардарлар оюндун эмне менен бүтөрүн билип туруп, байгени ошого жараша койгон учурлары болот.

Букмекер кеңселери көзөмөлсүз калдыбы?

Адистер азыр букмекер кеңселери дээрлик көзөмөлсүз калганын айтууда. Мисалы, быйыл жыл башынан бери мындай жайларга байланыштуу эки арыз түшкөн. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын маалымат катчысы Кубанычбек Карыбеков арыз боюнча чара көрүлбөгөнүн билдирди. Букмекер кеңселеринин ишин тескөө боюнча мыйзам долбоор даярдалганын маалымдады:

- Биз ал фактыларды Каржы базарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына жөнөткөнбүз. Бизге алардан "Муну текшергенге биздин ыйгарым укугубуз жок" деген жооп келди. Биз өкмөттүн тапшырмасы менен жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөткөнбүз. Азыр болсо текшергенге мыйзам жол бербейт.

Азыр мына казино өңдүү кумар жайлары тымызын иштеп эле жатпайбы. Алар бир айда 5 миң доллар “отметка” беришет, анан иштеп жатышат. Анан дагы бир жагдай бар: азыр мындай оюндарды интернет аркылуу да ойносо болот. Терминал аркылуу эсебиңе акча салып ошо менен казинодо, букмекерде же лоторея алып ойной бересиң. Тыюу салгандан пайда болбойт.

Быйылкы жылга чейин букмекер кеңселерине Каржы базарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы лицензия берип көзөмөлдөп келген. Аталган кызматтын аткаруу кеңешинин мүчөсү Айтемир Абжанбеков аталган кызмат учурда мындай ыйгарым укуктарынан ажырап калганын айтып берди:

- 2012-жылы жайында Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүү кирген. Ошонун негизинде букмекер кеңселери кийин жоюлат деген негизде айыппул салган, текшерген ыйгарым укугубузду алып салышкан. Акыркы жолу лицензия бергенибизде байгелерди ала турган 57 жай бар болчу. Биз азыр Экономика министрлигинин макулдугу менен гана текшерүүгө бара алабыз. Ишинде кемчилик болсо ушундай экен, оңдогула деп гана айта алабыз. Бирок ал кемчиликтер үчүн жоопко тартуу керек да. Биз болсо жоопко тарта албай жатабыз.

Букмекер кеңселери Салык кодексине кирген өзгөртүүгө ылайык, быйылтан тарта милдеттүү патент менен иштегенге өттү. Салык кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, байге кабыл алынган ар бир жайга берилген патент баасы 20 миң сом. Быйыл алты айда 500гө жакын патент берилген жана андан казынага 9,5 миллион сом салык түшкөн.

Букмекерлер тагдыры Жогорку Кеңеш колунда

Ал арада спортчулар жана командалардын жеңиши үчүн алдын ала акча байге сайган букмекер кеңселерин жабуу демилгеси көтөрүлүп келет. Жогорку Кеңештеги вице-спикер Төрөбай Зулпукаров ушундай мыйзам долбоор даярдалганын “Азаттыкка” билдирди. Документ парламенттин күзгү сессиясында алгач комитеттердин, андан соң жалпы талкууга коюлмакчы. Бирок азыр өкмөт макул болбой жаткан экен:

- Регламент боюнча салыкка тиешеси бар мыйзамдар өкмөттүн корутундусу менен келет. Өкмөт болсо салык төлөп жатат, мындан улам букмекер кеңселерин жабууга болбойт деген негизде бул демилгеге каршы болууда. Мага өкмөттөн ушундай корутунду келди. Мен болсо мындай жайлардын бир канча зыянын негиздеп, кайра аларга кат жөнөткөм. Сентябрь айында сөзсүз ушул букмекер кеңселери боюнча мыйзам долбоорду кайра киргизебиз. Мындай жайлар Кыргызстан боюнча жылына 12 миллион гана сом салык төлөйт экен. Ошондуктан ушул салыктын көзүн караган туура эмес. Азыр өзүңөр билесиңер да, байге сайып, же лотореядан утуп алгандардын акчаларын, үйлөрүн, унааларын эсептеп көрсөңөр мындай жайлар бир жылда төккөн каражат алардын бир жумалык, же бир айлык пайдасынын көлөмү менен эле тең болуп калат.

Тыюу салынган "жемиш" таттуу

Бирок бул демилгеге каршы чыккандар да бар. Парламенттеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешевдин баамында, букмекер жабылган күндө деле көмүскө иштей берет жана мунун айынан казына салыктан куру калат:

- Эгер жабыла турган болсо салык төлөбөй эле иштей берет. Азыр мына казино өңдүү кумар жайлары тымызын иштеп эле жатпайбы. Алар бир айда 5 миң доллар “отметка” беришет, анан иштеп жатышат. Анан дагы бир жагдай бар: азыр мындай оюндарды интернет аркылуу да ойносо болот. Терминал аркылуу эсебиңе акча салып ошо менен казинодо, букмекерде же лоторея алып ойной бересиң. Тыюу салгандан пайда болбойт. Андан көрө бир же эки ири компанияны калтырып, калгандарын кыскартуу керек. Анан ал жерде жаш балдар кирбесин, ири суммадагы акча коюлбасын деген эрежелер катуу сакталышы шарт. Ушунда гана өкмөт салыктан куржалак калбайт. Ислам дини боюнча байге саюу арам. Муну элге “ойногонго болбойт, себеби, бул Кудайга жакпаган нерсе” деп диний маңызын алып түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Болбосо жөн эле тыюу салгандан пайда жок.

Бүбүсара Рыскулова

Бүбүсара Рыскулова

Бишкекте буга чейин кумарканаларга каршы нааразылык акциялары өткөн. Анда “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова да чыккан:

- Букмекерди тыюу деген мурунку мыйзамга кирбей калыптыр. Азыр болсо букмекер деп атап коюп эле ичинде былыктын баары болуп жатат. Букмекерди спорт деп атап жатышат. Бир жыл ичинде спорт сүйүүчүлөр ушунча көбөйүп кеттиби? Мурунку кумар жайлардын баарын ордун букмекер басты. Аймактарда деле ушундай көрүнүш. Батыш өлкөлөрүндө, башка жактарда жакшынакай эле иштеп жатпайбы дешет. Эми алардын турмушу менен биздин турмушту салыштырууга болбойт да. Аң-сезимди да салыштырууга болбойт. Ага азгырылган жаштар көбөйдү. Сентябрь айында депутаттар менен бирге иштегенге аракет кылып көрөбүз. Бизге да кайрылып жатышат. Мамлекет элди кумар, маңзат, арак менен багабы? Кантип эле салыкты толтура турган мындан башка нерселер калбай калсын.

2012-жылдын этегинде Жогорку Кеңеш букмекер кеңселеринин жана тотализатор бюролорунун ишмердиги тууралуу мыйзам кабыл алган болчу. Бирок президент Алмазбек Атамбаев документке кол койгон эмес. Президент ар кандай спортчулардын жана командалардын жеңиши үчүн алдын ала байге саюу жана акчага мелдешүү кумар оюндарына кирерин, бул бир катар социалдык маселелерди жаратарын, ошондуктан букмекер кеңселеринин иши толугу менен тыйылышы керектигин айткан.

2012-жылы казино өңдүү кумарканалар жабылгандан тарта букмекер кеңселери, тотализатор бюролору кескин көбөйдү. Мындай жайлар маселен Бишкекте эң башкы көчөлөрдө, эл көп жүргөн жайларда жайгашканын эске алганда бул тармак бир топ кирешелүү экенин байкоого болот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG