Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:34

Жаңы окуу жылы башталаар алдында Кыргызстандын орто мектептери окуу китептери менен 79 пайызга гана камсыз болгону айтылды. Билим берүү министрлиги ушул жылдан тарта окуу китептерин ижарага берүү ыкмасын кайра киргизүү аракетин көрүүдө.

Чейрек кылымдан бери эгемен Кыргызстандын мектептери эмне үчүн окуу китеби менен камсыз болбой жатат? Окутулуп жаткан китептердин мазмуну эмне үчүн начар? Күнөө китепти жаза албаган автордобу же мыкты эмгектерди тандай албаган министрликтеби?

“Азаттык” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусун мына ушул маселеге арнап, суроолорго жооп издеди.

Талкууга Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги окуу китептери боюнча адиси Чынара Курбанова жана Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Абакир Мамытов катышты.

“Азаттык”: Чынара айым, Билим берүү министрлиги мектептер окуу китептери менен 79 пайызга камсыз деп билдирди. Бирок дээрлик бардык мектептерде, айрыкча айыл жерлеринде "китеп жетпейт, үч-төрт бала бир китепти талашып окуйт" деп жатышат. Чынында канча пайыз менен камсыздалган? Кайсы окуу предметтери боюнча китеп жетишпейт?

Окуу китептери

Окуу китептери

Чынара Курбанова: Чынында эле 79 пайызга камсыз болгон, бирок айрым предметтер боюнча китеп жетишпеген учурлар бар. Бир окуу китеби беш жылга эсептелип чыгарылат, ал убакыт ичинде программа өзгөрөт жана балдардын саны көбөйүп жатат. Көбүнчө башталгыч класстар үчүн окуу китептери жетишпейт. Алардын ичинен математика жана мекен таануу сабактары боюнча китеп тартыш. Программа өзгөргөндүгүнө байланыштуу орто класстын сабактары боюнча да жетпей жатат.

Азыр жаңы программа боюнча жаңы окуу китептери жазылып жатат. Ага чейин 2017-жылга чейин Орусиядан чыгарылган китептерди пайдаланууга уруксат берилген. Баса белгилей кетчү дагы бир жагдай, бизге 136 наамдагы окуу китеби керек, анын ичинен жылына 34 наамдагы китеп жаңыртылып турат. Китеп чыгарууга жылына 130 миллион гана сом бөлүнөт. Мисалы, башталгыч класстын окуу китептерин чыгарууга эле жылына 600 миллион сом керек. Мына ушундай көйгөйлөрдүн айынан окуу китептери менен толук камсыз кыла албай жатабыз.

Эгемендик келгенден кийин окуу китептерин жазуу такыр колго алынган жок, демек ошонун айынан Кыргызстанда окуу китептерин жазуу деңгээли өтө төмөн, жазуу тажрыйбасы да калыптана элек. 2000-жылдары окуу китептерди айрым авторлор өз демилгеси менен эле акысыз жазышкан.

"Азаттык”: Абакир мырза, сиз камсыз болбой жаткандыгына эмне себеп дейсиз? Анан окутулуп жаткан китептердин мазмуну эмне үчүн начар? Күнөө китепти жаза албаган автордобу же мыкты эмгектерди тандай албаган министрликтеби?

Абакир Мамытов: Окуу китептери менен мектептерди камсыз кылууга министрлик милдеттүү. Ал эми Кыргыз билим берүү академиясы окуу китептерин экспертизадан, сыноодон өткөрөт. Биз СССР кулагандан кийин окуу китептерин жазуу, даярдоо саясатынын убагында колго албагандыктын кесепетин азыр тартып жатабыз. Анткени, мурда кыргыз тили, адабияты, география, тарыхка байланыштуу окуу китептеринен башка китептер Москвадан борборлоштурулуп даярдалып, таркатылчу.

Эгемендик келгенден кийин окуу китептерин жазуу такыр колго алынган жок, демек ошонун айынан Кыргызстанда окуу китептерин жазуу деңгээли өтө төмөн, жазуу тажрыйбасы да калыптана элек. 2000-жылдары окуу китептерди айрым авторлор өз демилгеси менен эле акысыз жазышкан. Ал эми окуу китептеринин мазмундук сапат боюнча көйгөйү мурдагы китептердин ресурсу түгөнүп, 2008-2009-жылдардан тарта акы төлөнө турганда башталды. Автор жазылган китептин 10 пайызын гонорар катары ала тургандан кийин бири-бирин каралоо, жактырбоо, окуу китептерин өң-тааныштык же башка дагы жагдайга карап жаздыруу башталды. Мен эгемен мамлекеттин окуу китептерин ошол мамлекеттин авторлору жазышы керек деген ойдомун. Анткени, бизде башка өлкөнүн авторлору мыкты жазышат, биздеги авторлор жаза албайт деген көз караш күчтүү. Ошон үчүн конкурстарды ачык өткөрүп, авторлорду эмес окуу китебин тандоо зарыл.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG