Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:05

АКШ: соода борборунда ок аткан адам кармалды


20 жаштагы Аркан Четин
20 жаштагы Аркан Четин

Американын полициясы Вашингтондогу соода борборунда адамдарга туш келди ок аткан кишини кармады. Ал Оук-Харбор шаарчасында жашап жүргөн 20 жаштагы Аркан Четин экени аныкталды.

23-сентябрда Вашингтондогу Cascade Mall соода борборундагы куралчан адамдын ок атуусунан беш адам кайтыш болуп, анын бири жаш кыз экени кабарланган. Федералдык иликтөө бюросу бул кылмышта террорчулук аракет жок экенин айтууда. Азырынча кармалган адамдын башка дагы шериктери бар-жогу изилденүүдө, бирок полиция ал кылмышты жалгыз эле жасаган деген маалыматка көбүрөөк ыктап жатат. (SDz)

XS
SM
MD
LG