Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Мыйзам бузулбаса, коңшулар ок атпайбы?


Өзбек чек арачылары кыргыз-өзбек чегиндеги көпүрөдө. Кара-Суу, 16-июнь, 2010. (Сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок.)
Өзбек чек арачылары кыргыз-өзбек чегиндеги көпүрөдө. Кара-Суу, 16-июнь, 2010. (Сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок.)

Кадамжай - Кызыл-Кыя жолунда Өзбекстан аймагы аркылуу транзиттик каттам менен бараткан Кыргызстандын эки жараны өзбек чек арачыларынын аткан огунан жараат алды.

19-майда Кадамжайдан жолго чыккан айдоочу Өзбекстан аймагында токтоого уруксат жок экенине карабай, эки жолоочу аялды машинеге салганы үчүн ушундай окуяга тушукту. Чек аралаш аймакта курал колдонуу тез-тез кайталанганы эки өлкө мамилесине доо кетирип, жайкын тургундардын аң-сезимине да таасир берүүдө дешет жергиликтүүлөр.

Өзбекстан аймагынан транзиттик каттам менен баратканда кошуна чек арачылардын огунан жараат алган эки кыргызстандык учурда Кызыл-Кыя шаарындагы ооруканага жеткирилген. Кадамжайдан жолго чыккан айдоочу Өзбекстан аймагында токтоого уруксаты жок экенине карабай, эки жолоочу аялды машинеге салып алган. Бул учурда кошуна чек арачылар көрүп калып “токто” деп буйрук берген. Бирок ага көнбөй айдап кеткенде ок чыгарышкан деп айтылат алдын ала берилген маалыматта. Чек арачылардын огунан качкан айдоочу Кыргызстан аймагына чейин унаасын айдап барууга жетишкен.

- Кыргызстандык жаран аталган жолдо баратып, Фергана облусунун Каптархана конушуна караштуу аймакта токтоп, эки аялды машинесине отургузган. Өзбек чек арачылары аларга эскертүү берип, бирок айдоочу токтобой койгонуна байланыштуу ок чыгарган. Натыйжада эки киши – айдоочу жана салондогу бир аял жараат алган, - деп билдирди Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева.

Чек ара кызматы учурда бул окуя боюнча кошуна өлкөдөн кесиптештери менен жолугуп, окуяны иликтеп, талдоо ишин жүргүзүү аракетинде.

Мамлекеттик чек ара кызматынын Чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын жетекчиси Сейитжан Эратов бүгүн "Азаттыкка" маек берип, кечээги окуя боюнча кыргыз-өзбек чек арачылары жолукканын билдирди:

- Кечээ эле Айдаркен жана Куватай багыттарындагы чек ара кызматкерлеринин эки тараптуу жолугушуусу өттү. Эки тарап тең чек ара кызматкерлери менен сабактарды өткөрмөй болушту. Анда негизинен курал-жаракты туура колдонууга басым коюлат. Курал- жарак өзгөчө учурда акыркы чара катары колдонулат. Чек арада жашаган элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча да макулдашылды. Биз деле ошол жерден Каңгы участогунан төрт өзбек жаранын кармадык. Алар качып кетүүгө аракет кылды, бирок биз аткан жокпуз. Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы үчүн кайсы мамлекеттин жараны болбосун адам өмүрү кымбат. Туура биздин жарандар мыйзам бузду, бирок өзбек тарап буга барбашы керек эле. Мамлекеттик чек ара кызматы өзү үчүн кээ бир тыянактарды чыгарды. Элден да чек ара мыйзамдарын так сактап, мыйзам бузууга барбасын суранат элек.

Өткөн жылдын ноябрь айында да дал ушул аймакта Кыргызстандын жарандары аткезчилик менен жүк ташууга шектелип, өзбек чек арачылары тарабынан атылган.

Ушундай эле окуя 12-май күнү Баткен районунун Согмент айылынын четиндеги Өзбекстан менен чектеш Какыр жергесинде да катталган. Анда Баткен районунун Боз-Адыр айылынын үч тургуну кошуна өлкөдөн жашылча-жемиш тартып баратканда чек арачыларга кармалган. Бир жаран өзбек чек арачыларынын огунан каза тапкан болчу.

Баткен районунун акими Кеңеш Салиховдун айтымында, жергиликтүү деңгээлде кошуна өлкөлөр менен сүйлөшүү деле жүрбөйт. Анткени кошуна өлкөдө бардык маселе расмий Ташкенттин көрсөтмөсү жок чечиле бербейт.

- Биз эл менен жолугушууларда айтып эле жатабыз. Бардык аракетибизди мыйзамдуу жасашыбыз керек. Кайсыл жерден уруксат берилсе, ошол жерден гана карым-катнаш жасоо зарыл. Биз бул багытта иштерибизди бир топтон бери эле, айрыкча Чарбак-Хушяр окуясынан кийин күчөтүп келебиз. Ар бир өлкөнүн чек ара боюнча эрежеси бар. Аны сыйлашыбыз керек. Мыйзам бузбашыбыз керек. Башка өлкөнүн чек арасын бузуп, тартипти сактабасак, ушундай окуялар каттала берет. Ошондуктан өзүбүз, ар бир жаран коопсуздугун сактап, мыйзамсыз аракет жасагандан алыс болуп, уруксат берилген жолдор менен гана жүрүү керек.

Кыргызстандын коргонуу маселелери боюнча вице-премьер-министри Абдрахман Маматалиевдин айтымында, мурдагы кошуна айыл деген түшүнүктөн арылып, чек ара боюнча атайын эрежелерди так сактоого мезгил жетти.

- Көбөйүп жатканынын бир себеби биз тараптан да, кошуна өлкө тараптан да чек арачылар өзүнө жүктөлгөн милдеттерин так, жоопкерчилик менен аткара баштаганы десек болот. Экинчиден, мына өткөндө билесиздер Халмиондон Өзбекстан жарандары аткезчилик менен товар алып өтөбүз дегенде биздин чек арачылар ок чыгарууга мажбур болушту. Өзбекстандын бир жараны каза таап, бир-экөө жараат алышты. Чек арачылардын өз эрежелери бар. Азыр мурдагыдай ар ким каалаган жерден эле өтүп, кете албайт. Эрежелерди сакташы керек. Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кошуна калктын бири-бирине каттамын жеңилдетүү үчүн кээ бир чек ара бекеттерин ачуу боюнча аракеттер жүрүп жатат. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы 16 чек ара өткөрүү бекетинин азыр сегизи жабык.

Акыркы мезгилде киши өмүрүн алган чек арадагы окуялардын тез-тез кайталанып жатышы эки өлкө мамилесине эле доо кетирбестен түбөлүк кошуна жашаган эки элдин да мамилесине суу сээп жатканы көп айтылчу болду.

Жергиликтүү серепчи Хаиталы Айкынов чек ара маселесин тезинен чечүү гана мындай окуяларга чек коерун белгиледи:

- Кыргызстан жарандары кошуна өлкөдөн да жумшагыраак мыйзамдар жана эрежелерди күтүп жаткандай, бирок Өзбекстан тарап чек арадагы жеңилдетилген шарттарга азырынча барбайт. Абалдан чыгуу жолдорун карап, чек арадагы карым-катнаш түзүү ымаласын жолго коюу маселесин тездетип чечпесе, эки өлкө менен чектешкен Баткен облусунда жай тургундардын чек арадагы кооптонуусу сакталып кала берчүдөй.

Учурда жараат алган эки киши Кызыл-Кыя шаарындагы ооруканада экени, экөөнүн тең абалы канааттандырарлык экени маалым болду.

Кыргыз-өзбек чек арасы 1378 чакырым аралыкты түзсө, учурда анын 320 чакырымы тактала элек. Мунун айынан акыркы жылдары чек арада ар кандай чыр-чатактар орун алып келет.

XS
SM
MD
LG