Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:21

Кыргыз-өзбек чек арасы: эрегиш күчөдү


Кыргыз чек арачысы Анжияндан оогон өзбек качкындарын күзөтүп турат. Оштун Бараш айылы, 19-май, 2005-жыл.

Кыргыз чек арачысы Анжияндан оогон өзбек качкындарын күзөтүп турат. Оштун Бараш айылы, 19-май, 2005-жыл.

Эл аралык эксперттер чек ара маселесин Борбор Азиянын коопсуздугуна таасир тийгизген негизги факторлордун бири катары атоодо.

Бир кезде бир мамлекетте жашаган Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан жарандары жаңы мамлекеттердин чек ара тартиптерине акырындап көнүп, өздөштүрүп келатат. Бирок мамлекеттик чек аралардын толук аныктала электиги, ошого жараша демаркациялык иштердин жүргүзүлбөгөнү ал мамлекеттердин жарандарын эле эмес, чек арачыларын да коркунучтарга кабылтып келатат.

Эл аралык эксперттер Борбор Азия регионунун коопсуздугуна негизги коркунуч Ооганстандан эмес, региондогу мамлекеттердин ички саясатынан жана чек араларынын аныктала электигинен келип жатканын белгилешет. Бул эки факторго региондо суу-энергетикалык маселелердин чечиле электигин да кошуп келишет.

Кыргызстан чек араларында кандуу инциденттер өзгөчө Өзбекстан багытында көп орун алып жатат. Маселен, июнь айында кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде, Кыргызстан аймагында кыргыз жараны өзбек чек арачылары тарабынан мыкаачылык менен атып өлтүрүлсө, июль айындагы окуяда эки өзбек чек арачысы окко учуп отурат.

Эл аралык эксперттердин оюн ырастап, мына ушундай окуялар масштабдуу конфликттерге алып келбейби деген коркунуч күч алууда.

Чек ара маселелери боюнча адис Саламат Аламанов Чек ара кызматтарында жаш балдар кызмат кылаарын эске салат:

- Азыр менин оюмча, эки тараптын чек арачылары бири-бирине тиш кайрап калышты. Мына былтыркы окуяда биздин чек арачыны өлтүргөн. Быйылкы окуяларда тигилерден каза болуп калды. Эми белгилүү да, чек арада жаш балдар кызмат кылат. Анан булардын ичинде “биздикин минтип койду” деген сөздөр тарайт... Ушул жагы көбүрөөк тынчсыздандырат.

Аламановдун пикиринде, чек араларды аныктап, чечип алуу мындай окуяларды чектейт. Бирок чек араны аныктоодо эксперттик деңгээлдеги аракеттерден майнап чыкпай калды. Ошондуктан мамлекет башчылары саясий чечим кабыл алып, чек араны аныктоого барыш керек.

“Дин, укук жана саясат” талдоо борборунун жетекчиси Кадыр Маликовдун айтымында, чек арада ок атышкан окуялар - аларга куралдуу күчтөрдүн катышып кетүү коркунучу менен опурталдуу. Буга регионго ар тараптан курал чогулуп жатканы кошул-ташыл болот:

- Азыркы кезде регионго курал-жарак топтолууда. Бир жагынан Ооганстандан аскерлер чыгаралып, алардын куралдарын Борбор Азия өлкөлөрүнө калтырып кетүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Экинчи жагынан Орусия Кыргызстанга курал-жарак бере турган болууда. Ошондуктан регионго курал-жарак топтолушун токтотуу мүмкүн болбой калды. Курал бар жерде куралдуу кагылышуу тобокелчилиги да күчөйт.

Кадыр Маликовдун айтымында, региондо кеңири жаңжалга жол берүү, бул чөлкөмдөгү мамлекеттердин жок болуп кетүү коркунучун жаратат. Мисал катары Сириядагы окуяларды эске алууга болот. Ошол эле мезгилде Кадыр Маликов чек араларды аныктоо мүмкүн болбой жатса, анда Кыргызстанда өз чек арасын, өлкөсүн коргой ала турган кубаттуу армия, Чек ара кызматы болуш керек деп эсептейт.

Чек ара кызматынын башчысынын мурунку орун басары Кубанычбек Сарыбаев чек арадагы инциденттерди азайтуу үчүн делимитацияланган аймактар боюнча протоколдорго мыйзам статусун берүү зарыл дейт:

- Азыр эки ортодо мыйзамдык күчү бар документ жок болуп жатат. Ошондуктан өкмөттөр аралык комиссиянын протоколдорунда мыйзамдык күчү. Статусу жок болуп жатат.

Ал эми тактала элек участокторду кайтаруунун жол-жобосун, тартибин эки өлкө биргелешип аныктап алганы туура болмок, деп эсептейт Кубанычбек Сарыбаев.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара тилкеси бир жарым миң чакырымдай. Анын 300 чакырымдан ашыгы дагы деле такталып бүтө элек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG