Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Астана Бишкектен “Атамбаевдин сөзү боюнча түшүндүрмө” күтөт


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Euronews телеканалына өткөн жуманын соңунда маек курган.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Euronews телеканалына өткөн жуманын соңунда маек курган.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин өткөн жума аягында Euronews телеканалына берген маегинде айткан сөзү боюнча кыргыз тараптан түшүндүрмө күтөт.

Бул тууралуу Tengrinews маалымат агенттиги кабарлады.

Президент Атамбаев интервью маалында журналисттин Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө суроосуна жооп берип жатып,

- Биз кимдир бирөө менен соода кылып, коӊшулар менен иштешибиз керек. Эгерде ЕАЭБга кирбесек бизди блокада коркунучу тооруп турган. 2010-жылы Казакстан бир жарым ай бизге блокада кылганда адам курмандыктары да болгон. Блокада абдан жаман нерсе –деп айткан.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы "бул билдирүү боюнча кыргыз тараптан түшүндүрмө күтүп жатабыз” - дегенин казак маалымат агенттиги жазып чыкты.

Атамбаев «Евроньюска» берген 11 мүнөттүк маегинде өлкөдөгү эӊ көп орчундуу маселелерге токтолгон. Өткөн жумада Европага жасаган сапарынын алкагында президент Евробиримдиктин жетекчилери менен жолугуп, Мюнхендеги коопсуздук жыйынына катышты.

XS
SM
MD
LG