Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:14

Чек арачылардын абалы тууралуу Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы, депутат Токон Мамытов ой бөлүштү.

- Баткенде чек ара тармагына акча аз бөлүнгөндүктөн чек арачылар кызматын таштап кетип жатканы айтылууда. Бул көйгөйдүн масштабы канчалык?

- Бул бир эле Баткен облусуна эмес, Кыргызстандагы бардык чек ара кызматтарына тиешелүү. Азыркы учурда чек ара кызматынан абалы аябай оор болуп жатат. Эң биринчиси, келишимдик негизде келген сержант, аскерлердин маянасы аз болуп турат. Бүгүн дагы бир жолу кайталап коёюн, чек ара кызматында иштеген офицерлердин айлык акысы башка күч түзүмдөрүнө караганда эки-үч эсе аз. Бул эмне деген көрүнүш?

- Ошондо айлык акылары канча сом болуп калат?

- Мисалы, Коргоо министрлиги, Коопсуздук кызматынын полковниги, же капитаны орто эсеп менен 15-16 миң сом алса, чек ара кызматыныкы болсо 5-6 миңдин тегерегинде болуп жатат.

- Кыргызстанда чек арачылардын айлык акылары аймактарга жараша айырмаланабы? Мисалы, Ысык-Көл, Нарын облусундагы чек арачылар менен Баткендеги чек арачылардын айлык акысы кандай? Баткендики кыйла аз деп айтылат...

- Туура... Себеби, кээ бир аймактарга тоолуу аймак деп кошумча айлык берилет. Ал эми Чүй, Баткен өңдүү түз жерде жайгашкан аймактардагы чек арачылардын маянасы ылдыйраак. Өзгөчө 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин, июнда Коргоо министрлиги, Улуттук коопсуздук комитети, Ички иштер министрлиги, прокуратура өңдүү башка күч түзүмдөрү президент, парламент, премьерге эки-үч сыйрадан кирип жатып, эптеп өздөрүнүн эмгек акыларын көтөрүп алышкан.

Чек ара кызматынын жетекчилиги өзгөчө 2011-жылы жөн эле кат жазып жиберип, отура беришкен. Өкмөткө келип, үстөлдү ургулап айтып беришкен эмес. Өкмөт да бул маселеге өз убагында көңүл бурган эмес.

- Чек ара жаңжалдары көбүнчө түштүк аймактарында болуп жатса ал жактагы чек арачылардын айлык акысынын аз болушу туурабы?

- Көйгөйлөрдүн көбү түштүк жактан чыгат. Бирок тоолуу аймактар Ош облусунда деле бар. Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжанын тоолуу жерлеринде кошумча акы бар. Баткен облусу алыскы аймак болгондуктан өкмөт ушуну карап чечип бериши керек. “Алыскы” деген коэффициент менен айлык акыга кошумча беришибиз керек. Бул гана эмес, чек арачылардын маянасын башка күч түзүмдөрүнө теңеш керек.

- Келе жаткан жылдын бюджетинде чек арачылардын жагдайы эске алынып жатабы?

- Биздин комитет эле бул маселени беш-алты жолу карап чыкты. Өкмөткө койдук. Мурдагы өкмөт болсо “мартта беребиз, анан июнда, сентябрда беребиз” деп туруп, өздөрү кетип калышты. Жаш баланы алдагансып эч нерсе кылбай коюшту. Азыркы өкмөт менен парламентте сүйлөштүк. Эгер чек ара кызматынын эмгек акысына, социалдык камсыздоо жагына, чек араны бекемдөөгө акча бөлүнбөсө, биздин комитет бул бюджетке каршы чыгат.

- Чек ара кызматына акча бөлүнгөндө эле абал жакшырып кетерине көзүңүз жетеби?

- Чек ара кызматында кадр маселесин, тартип жагын да чечүү керек. Мындайча айтканда, чек арачылардын кесипкөйлүгүн көтөрүү абзел. Мындан тышкары чек араны техникалык, инженердик жабдыктар менен бекемдеп, коңшу мамлекеттер тоскондо биз да өз жагыбыздан тосо алгандай болушубуз керек. Чек арага комплекстүү мамиле жасоо зарыл. Бир эле эмгек акысын, социалдык жагын чечип коюп, тартипти, жоопкерчиликти карабай койсок, ал туура эмес болуп калат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG